# Жылалды айылдык кеңешинин 2018-жылдын 09-октябрындагы № 47 "2018-жылдын 9-ай ичинде айылдар арасында калктын таза суу менен камсыз болушунун абалы жөнүндө аткарылып жаткан иштери боюнча" токтому

- Полное наименование: Жылалды айылдык кеңешинин 2018-жылдын 09-октябрындагы № 47 "2018-жылдын 9-ай ичинде айылдар арасында калктын таза суу менен камсыз болушунун абалы жөнүндө аткарылып жаткан иштери боюнча" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 47
- Дата принятия: 09.10.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 09.10.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/415955>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-51813/edition/925028/ru>

> Текст приведён по редакции от 09.10.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жылалды айылдык кеңешинин 2018-жылдын 09-октябрындагы № 47 "2018-жылдын 9-ай ичинде айылдар арасында калктын таза суу менен камсыз болушунун абалы жөнүндө аткарылып жаткан иштери боюнча" токтому (ред. от 09.10.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/415955

---

ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ( VI шайланган) кезектүү VIII- сессиясы 2018-жылдын 09-октябры № 47 2018-жылдын 9-ай ичинде айылдар арасында калктын таза суу менен камсыз болушунун абалы жөнүндө аткарылып жаткан иштери боюнча Жылалды айылдык Кеңешинин ( VI шайланган) кезектүү IX - сессиясынын күн тартибиндеги айыл башчылар А. Сарыковдун, М. Абжапаровдун Марат уулу Ибрагимдин 2018-жылдын 9-ай ичинде айылдар арасында калктын таза суу менен камсыз болушунун абалы жөнүндө аткарылып жаткан иштер боюнча 01.10.2018-жылдагы маалыматтарын угуп жана талкуулап Жылалды айылдык Кеёеши Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1999-жылдын 25-марты № 33 Ичүүчү суу жөнүндө (Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 29-сентябрындагы № 81,

2003-жылдын 28-июнундагы № 118, 2009-жылдын 20-июлундагы № 240, 2011-жылдын 12-ноябрындагы № 206, 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) III бөлүмдүн Иүүчү суунун сапатын камсыз кылуу жана ага контролдук жүргүзүү боюнча 14- статьясынын негизинде , 2018-жылга карата, айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдар арасында калктын таза суу менен камсыз болушунун абалы жөнүндө аткарып жаткан иштери боюнча А. Сарыковдун, М. Абжапаровдун Марат уулу Ибрагимдин маалыматтары канааттандырарлык деп табылсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеёешинин социалдык тармактар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

М. Акназаров
