# Жаңы-Арык айылдык кеңешинин 2016-жылдын 25-февралындагы № 22/1 "Жаны-Арык айылы 25-февраль 2016-жыл Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга карата бюджетти бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Жаңы-Арык айылдык кеңешинин 2016-жылдын 25-февралындагы № 22/1 "Жаны-Арык айылы 25-февраль 2016-жыл Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга карата бюджетти бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 22/1
- Дата принятия: 25.02.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 25.02.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/415814>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-51683/edition/921570/ru>

> Текст приведён по редакции от 25.02.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жаңы-Арык айылдык кеңешинин 2016-жылдын 25-февралындагы № 22/1 "Жаны-Арык айылы 25-февраль 2016-жыл Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга карата бюджетти бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 25.02.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/415814

---

ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Vчакырылышынын кезектеги ХХII сессиясы

2016-жылдын 25-февралы № 22/1 Жаны-Арык айылы 25-февраль 2016-жыл Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга карата бюджетти бекитүү жөнүндө «Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоору жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга карата жергиликтүү бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндөгү» мыйзамдарынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан сунуш кылынган көрсөткүчтөрдү карап чыгып, Жаңы-Арык айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн долбоору 2016-жылга 16464,1 миң сом, анын ичинен атайын каражаттар 1816,0 миң сом, 2017-жылга 16500,4 миң сом жана 2018-жылга 17439,4 миң сом, өлчөмүнө ылайык бекитилсин.

2.2015-жылга карата Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү 13338,0 миң сом аткарылышы 10909,8 сом өлчөмүндө бекитилсин деп табылды.

3. Жаңы-Арык айыл округунун бюджетинде калган калдык 39,3 миң сом акча каражаты кошумча сметанын негизинде жумшалсын.

4. Жаңы-Арык айыл округунун аппарата иштеген кызматкерлеринин штат бирдиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июну № 384 Токтомунун негизинде жалпы штат бирдиги 23, анын ичинен 3 айыл башчылардын штат бирдиги (эмгек акысы жетектөөчү-адис коэффициентинде бекитилсин), кенже кызматкерлер 2 штат бирдиги бекитилсин жана чинге карата кошумча төлөөлөр төлөнүп берилсин.

5. 2016-жылга бекитилген бюджетин аткарууда Жаңы-Арык айыл округу жыл ичинде ФЭБ башчысы Т.Абдибаитовага бюджетке өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү укугу берилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

М.Шерматов
