# Исфана шаардык кеңешинин 2018-жылдын 26-октябрындагы №7 «Лейлек райондук сотунун кызматкерлерине кызматтык көп кабаттуу батир куруу үчүн жер тилкесин ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому

- Полное наименование: Исфана шаардык кеңешинин 2018-жылдын 26-октябрындагы №7 «Лейлек райондук сотунун кызматкерлерине кызматтык көп кабаттуу батир куруу үчүн жер тилкесин ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 7
- Дата принятия: 26.10.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 26.10.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/415696>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-51566/edition/921336/ru>

> Текст приведён по редакции от 26.10.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Исфана шаардык кеңешинин 2018-жылдын 26-октябрындагы №7 «Лейлек райондук сотунун кызматкерлерине кызматтык көп кабаттуу батир куруу үчүн жер тилкесин ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому (ред. от 26.10.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/415696

---

ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ V чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы 2018-жылдын 26-октябры №7 «Лейлек райондук сотунун кызматкерлерине кызматтык көп кабаттуу батир куруу үчүн жер тилкесин ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө» Исфана шаар мэриясынын Лейлек райондук сотунун кызматкерлерине кызматтык көп кабаттуу батир куруу үчүн жер тилкесин ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Лейлек райондук сотунун кызматкерлерине кызматтык көп кабаттуу батир куруу үчүн 0,30га жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Тийешелүү иш-кагаздарын Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларына ылайык жүргүзүү жагы Исфана шаар мэриясына жуктөлсүн.

3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, жайыт, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Б.И. Тагаев
