# Кууганды айылдык кеңешинин 2018-жылдын 01-октябрындагы № 23 (Кууганды айыл өкмөтүнүн тогуз айдагы бюджеттин аткарылышы боюнча) токтому

- Полное наименование: Кууганды айылдык кеңешинин 2018-жылдын 01-октябрындагы № 23 (Кууганды айыл өкмөтүнүн тогуз айдагы бюджеттин аткарылышы боюнча) токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 23
- Дата принятия: 01.10.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 01.10.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/415526>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-51396/edition/934263/ru>

> Текст приведён по редакции от 01.10.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кууганды айылдык кеңешинин 2018-жылдын 01-октябрындагы № 23 (Кууганды айыл өкмөтүнүн тогуз айдагы бюджеттин аткарылышы боюнча) токтому (ред. от 01.10.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/415526

---

КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 7-чакырылышынын кезексиз сессиясы 2018-жылдын 01-октябры № 23 Кууганды айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кууганды айыл өкмөтүнүн тогуз айдагы бюджеттин аткарылышы боюнча отчетту канааттандырарлык деп табылсын.

1.Кууганды жайыт комитетинин тогуз айлык отчету ачык калтырылсын.

2.малчылардын эрте көчүп келгендерине чара көрүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.жайыт комитетинин төрагасына эскертүү берилсин.

3. Күн тартибинде каралган кийинки 3-5- маселелер, кийинки сессияга калтырылсын.

4. Каракол жайлоосундагы Казак көпүрөнүн, айылдагы салынуучу эки каптаждын жана кой мончого төлөнүүчү 5% өздүк салымдын 60 000 (алтымыш миң) сому Кууганды жайыт комитетинин бюджетинен, калган 41 000 (кырк бир миң) сому Кууганды айыл өкмөтүнүн 2017-жылдан калган бюджетинин эркин каражатынан которулсун.

5. Айыл өкмөт башчысы А.А.Жолдошов АРИС боюнча долбоордогу купканын тендер боюнча комиссиянын курамынан чыгарылсын.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-апрелиндеги №172 “Чек ара режимин жана чек ара тилкесиндеги режимдин эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому жалпы элге маалымдалсын.

7. Кыргыз Республикасынын айыл өкмөттөрүнүн алдында түзүлгөн калкка кызмат көрсөтүү борборлору (ККБ) жөнүндө Типтүү жобосунун негизинде Кууганды айыл өкмөтүнүн алдында ККБ жобосу бекитилсин.

Төрага

Э.Тайтекеев
