Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Уч-Коргон айылдык кенешинин «Уч-Коргон жайыт комитинин 2017-жылда аткарган иштери жана 2018-жылдын бюджетине карата жамааттык планын бекитүү жөнүндө « токтому
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Уч-Коргон айылдык кенешинин VI чакырылышынын IX сессиясы
2018-жылдын 11-апрели № 9/3 Уч-Коргон жайыт комитинин 2017-жылда аткарган иштери жана 2018-жылдын бюджетине карата жамааттык планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 11-июлундагы № 91 “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 1-4-беренелерине таянып мамлекеттик токой фонддунун жайыттарынан тышкары жайыттарды башкарууларды жакшыртуу жана пайдалануу боюнча мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик актыларынын талаптарына ылайык пайдалануу боюнча ишмедигин 2018-жылга карата жамааттык планын пайдалануу боюнча маселени угуп жана талкуулап чыгып Уч-Коргон айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Уч-Коргон жайыт пайдалануучулар комитетинин төрагасы Б.Юрсуновдун отчету канааттандырылсын.
2. Уч-Коргон ЖПБнин 2018-жылдын 14-февралындагы жалпы отчеттук кайра шайлоо чогулушунда кабыл алынган токтомдор толгуча бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 11-илундагы № 91 “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 1-8-беренелерине ылайык Уч-Коргон жайыт комитеинин 2018-жылга карата жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттык планы бекитилсин.
4. “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 10-беренесине ылайык, 2018-жылга аныкталган жайыт жерлерин пайдалануу үчүн төмөнкүдөй жайыт акылары бекитилсин, төлөнүүчү жер салыгы ушуо жайыт акыларынын ичине киритилсин.
1.Бодо мал 200 сом;
2.Анын ичинен 1 жашка чейинки бодо мал 150 сом;
3.Кой эчкилер 35 сом;
4.Жылкы 300 сом;
5.Анын ичинен 1 жашка чейинки жылкылар 210 сом;
6.Топоз 300 сом;
7.Анын ичинен 1 жашка чейинки топоздор 210 сом;
5. Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” 2009-жылдын 26-январындагы № 30 мыйзамынын 2,3-1,10 –беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №386 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жайыт ресурстарын мал жайуу менн байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнү жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 515 токтомун колдонууга алынсын жана ушул токтом менен бекитилген типтүү жободо көрсөтүлгөн келишим менен түздөн –түз келишим түзүү укугу ыйгарылсын.
6. Убактылуу мал туруучу жайлар (короолор) убактылуу чабандык үйлөр, бастырмалар үчүн 1м.кв жайыт аянты 10 сом жайыт акы белгиленсин. 0,01 га жайыт аянтын башка максатка пайдалангандыгы үчүн 30 сом жайыт акы белгиленсин.
7. Жогоруда аныталган жайыт акылары Уч-Коргон жана Чаувай айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучуларынан тышкары жарандарга эки эсе өлчөмүндө жайыт акысы белгиленсин.
8. Мезгилдүү короолорго дагы жайыт акы чогултуучу инспекторлор эки тараптуу келишим менен жалданып иштетилсин. Чогултулган жайыт акыны 15%ден кем эмес көлөмү инспекторлорго эмгек акы эсебинде төлөсүн.
9. Жайыттардын чек араларын белгилөө, жайыт жер салыгын чоглутуу боюнча иш чаралардын баары Уч-Коргон жайыт комитетине жүктөлсүн.
10. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмлдөө жагы Уч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдурахмановго жүктөлсүн.
Төрага
Х. Джалалов
“БЕКИТЕМИН” “МАКУЛДАШЫЛДЫ” Уч-Коргон айылдык кенешинин Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн төрагасы башчысы ______________ Х.Джалаов ________ А.Т.Абдурахманов “_____”________2018-ж “____”_______2018-ж
Баткен облусунун Кадамжай районунун Уч-Коргон жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жылга карата бекитилген бюджети
Малдын түрү
Малдын саны
Көтөрүү коэффиценти
Шартуу мал саны
Жайыт акысы бир башка
Баардык сумма (сом)
Чоё бодо мал
500
1,0
500
200
100 000
Жаш бодо мал
350
0,7
245
150
52 500
Кой эчки
7800
0,2
1560
35
273 000
Жылкы жана эшек
80
1,0
80
300
24 000
Топоз
60
1,0
60
300
18 000
Жалпы
2445
467 500
Жайыттарды башка максаттарга пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы №515 токтому менен жүргүзүлсүн 0,01 га жайыт аянты үчүн 30 сом. Убактылуу мал туруучу жайлар чабандык үйлөр, кампалар, короо, навестер үчүн 1 м 2 жайыт аянтына 10 сом жайыт акы белгиленсин.
Жайыттардан башка максатта пайдалануудан түшүүчү киреше
370 000 сом
Жалпы киреше
837 500 сом
Жогоруда аныкталган акылары Уч-Коргон, Чаувай айыл өкмөттөрүнүн жарандарынан тышкары жайыт пайдалануучуларга эки эсе денгээлде белгиленсин. Мезгилдүү жайыт короолоруна жана жайыт акы топтоочу инспекторлор эки тараптуу келишим менен иштешсин.
Чыгымдардын статьялары
Саны
Айы
1 айга эмгек акы
1 жылга баардык суума (сом)
Төраганын эмгек акысы
1
12
7000
84 000
Башкы эсепчинин эмге акысы
1
12
4500
54 000
Инспектор, кассирдин эмгек акысы
1
12
4000
48 000
Программист
1
12
2000
24 000
Соцфонд 17,25%
36 300
Киреше салык 10%
21 000
Күйүүчү май (ГСМ)
30 800
Канц.товар
12
6000
Жер салыгы
Бир жылга
41 800
Жергиликтүү бюджетке А/Ө
3/1
279 200
Жайыт инфрастурктурасына
188 000
ЖКнин мүчөлөрүн окутууга жайытты мониторинг өткөрүүгө
18 000
Башка чыгымдар
64000
Жалпы чыгым
837 500
Жайыт комитетинин төрагасы Б.Юрсунов Башкы эсепчи М.Муминжанов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 4 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (4)
- Постановление Правительства КР от 19 июня 2009 года №386 "О мерах по реализации Закона Кыргызской Республики «О пастбищах»Постановление · 19.06.2009 · № 386
- Постановление Правительства КР от 13 сентября 2013 года № 515 "О порядке предоставления права пользования пастбищными ресурсами в иных целях, не связанных с выпасом скота"Постановление · 13.09.2013 · № 515 · Утратил силу
- Закон «О пастбищах»Закон · 26.01.2009 · № 30 · Утратил силу
- Закон «О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О пастбищах"»Закон · 11.07.2011 · № 91 · Утратил силу