# Т. Кулатов атындагы айылдык Кенешинин 2018-жылдын 30-октябрындагы № 15-1 "Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин төрагасына сессия өткөргөн күндөрүнө бир жолку компенсация төлөп берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Т. Кулатов атындагы айылдык Кенешинин 2018-жылдын 30-октябрындагы № 15-1 "Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин төрагасына сессия өткөргөн күндөрүнө бир жолку компенсация төлөп берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 15-1
- Дата принятия: 30.10.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 30.10.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/415450>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-51320/edition/916296/ru>

> Текст приведён по редакции от 30.10.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Т. Кулатов атындагы айылдык Кенешинин 2018-жылдын 30-октябрындагы № 15-1 "Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин төрагасына сессия өткөргөн күндөрүнө бир жолку компенсация төлөп берүү жөнүндө" токтому (ред. от 30.10.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/415450

---

Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т. Кулатов атындагы айылдык Кенешинин 6 чи чакырылышынын кезектеги 15 сессиясы

2018-жылдын 30-октябры № 15-1

Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин төрагасына сессия өткөргөн күндөрүнө бир жолку компенсация төлөп берүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин төрагасына сессия өткөргөн күндөрүнө бир жолку компенсация төлөп берүү үчүн Кыргыз Республикасынын“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 37-беренесинин 10-бөлүмүн турмушка ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 токтомунун 1-тиркемесинин 19-пунктуна, ЖӨБЭММАнын 2016-жылдын 12-октябрындагы № 01-24 / 166 буйругуна таянып Т. Кулатов атындагы айылдык кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин төрагасына сессия өткөргөн күндөрүнө бир жолку компенсация төлөп берүү ЖӨБЭММАнын 2016-жылдын 12-октябрындагы № 01-24 / 166 буйругундагы “Коомдук башталышында иштеген айылдык кенештердин төрагаларынын бир жолку компенсациялоо жөнүндө” Жобосуна ылайык төлөнүп берилсин.

2. Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин төрагасына сессия өткөргөн күндөрүнө бир жолку компенсация төлөп берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевге жүктөлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А. Топчубаев
