# Т. Кулатов атындагы айылдык кеӊешинин 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 12-6 "Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Т. Кулатов атындагы айылдык кеӊешинин 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 12-6 "Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 12-6
- Дата принятия: 11.04.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 11.04.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/415436>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-51306/edition/939168/ru>

> Текст приведён по редакции от 11.04.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Т. Кулатов атындагы айылдык кеӊешинин 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 12-6 "Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 11.04.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/415436

---

Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т. Кулатов атындагы айылдык Кеӊешинин 6чи чакырылышынын кезектеги 12чи сессиясы

2018-жылдын 11-апрели № 12-6 Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын бекитүү жөнүндө

Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын, Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндө Жобону, Кызмат көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобону, катуу тиричилик калдыктарын (КТК) жыйноо жана чогултуу боюнча кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөө тартиби жөнүндө Жобону угуп жана талкуулап Т.Кулатов атындагы айылдык Кеӊешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясы бекитилсин.

2. Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндө Жобо бекитилсин.

3. Кызмат көрсөтүүгө конкурс өткөзүүнүн тартиби жөнүндө Жобо бекитилсин.

4. Катуу тиричилик калдыктарын жыйноо жана чогултуу боюнча кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөө тартиби жөнүндө Жобо бекитилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т. Кулатов атындагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго милдеттендирилсин.

Төрага

А. Топчубаев

Т. Кулатов айылдык аймагынын

айылдык кеңешинин 2018-жылдын «\_11\_\_» апрель № 12-6 токтому менен бекитилди

КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮ УЮШТУРУУ СТРАТЕГИЯСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ОШ ОБЛУСУ НООКАТ РАЙОНУ ТӨРӨБАЙ КУЛАТОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫ

1. Киришүү

Стратегия муниципалитеттин Туруктуу өнүгүүсүнүн Стратегиясынын (ТӨС) ишке ашыруу механизмдеринин бири болуп эсептелет. Ал жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу маселелерине тиешелүү болот. Жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуу маселелери калктан түшкөн структурага салынган суроо-талаптар жана каалоо-тилектери түрүндө ТӨС да чагылдырылат. Алар белгилүү бир ресурстар менен бекемделип, алдыга коюлган маселелерди чечүү боюнча иш-аракеттерге көрсөтмөлөр берилет. Эрежеге ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштуруу үчүн жоопкерчилик алган кызмат көрсөтүү Өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун соңку жыйынтыгы болуп эсептелет. Ушул Стратегия кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн уюштуруу үчүн ЖӨБ органдарынын башкаруучулук чечимдерди кабыл алуусуна негизделет жана инфраструктуралык, өндүрүштүк-чарбалык мүнөздөгү иш-аракеттерди караштырбайт. Стратегия төмөнкүдөй жыйынтыктарга жетүүгө жардам берет: Жарандар алардын суроо-талаптарына жана күтүүлөрүнө негизделген сапаттуу, туруктуу кызмат көрсөтүүгө жетет. ЖӨБ органдары кызмат көрсөтүүлөрдү эң эффективдүү ыкма менен жеткирүү процессин уюштура алышат – азыраак чыгым менен максималдуу жыйынтыкка жетет. Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөр ЖӨБ органдары менен өз ара пайдалуу келишимдерди түзүп, кызмат көрсөтүүнү аткаруу үчүн түшүнүктүү эрежелерди алышат, туруктуулук үчүн негиз пайда болот.

Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу этаптарын ырааттуу аткаруу Т.Кулатов айылдык аймагында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

2. Стратегиянын максаттары жана милдеттери.

Кызмат көрсөтүүнү уюштуруу стратегиясынын максаты – Т.Кулатов айыл аймагында жогорку сапаттагы жана азыраак чыгымдар менен кызмат көрсөтүүнүн натыйжалуу системасын камсыздоо. Коюлган максатка жетүү үчүн төмөндөгү милдеттер аткарылды:

1) Кызмат көрсөтүүнү уюштуруу стратегиясын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча туруктуу иштеген жумушчу топ түзүлдү.

2) Кызмат көрсөтүүнүн приоритеттүү түрлөрү Т.Кулатов айылдык аймагынын 2017-2020 жылдарга Туруктуу өнүгүүсүнүн стратегиясына ылайык аныкталды, аларды уюштуруусу жана жакшыртуусу ушул Стратегия аныктады.

3) Учурдагы абалга талдоо жүргүзүүлдү.

4) Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун натыйжалуу методдорунун жолдору аныкталды.

5) Стратегияны ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүү системасы иштелип чыкты.

Жумушчу комиссиянын курамы. Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча жумушчу топ Т.Кулатов АӨ башчысынын 2017-жылдын 21-ноябрында № 271 - буйругунун негизинде түзүлдү. Жумушчу комисссиянын курамы:

№

Ф А А

Жасаган иши/Ээлеген кызмат оорду

Байланыштар

1

Көчкөнов Данияр Абдыразакович

АӨ башчысынын орун басары, Жумушчу комиссиянын жетекчиси

0777569133

2

Сыдыкова Айнагүл Таштемировна

АӨ социалдык кызматкери, Жумушчу комиссиянын жетекчисинин орун басары

0778221124

3

Кадыров Кубанычбек Ибрагимович

Жайыт комитетинин инспектору

0776050200

4

Эргешов Талант Садыбакасович

Маданият үйүнүн директору

0773885860

5

Эргешова Ибадат Курбанбаевна

Жамааттык активист

0772155612

6

Камаров Арапбай Шыгаевич

АК депутаты, СПАнын жетекчиси

0778949467

7

Авазов Мурат Арзыбаевич

АК депутаты

0777071362

8

Тургунбаев Умарбек Кубатбаевич

Жаштар комитетинин төрагасы

0778959095

9

Сабиров Имарали Дуйшөевич

Ветеринардык адис

0773069185

10

Жээнбаева Аида Имамидиновна

АӨ жооптуу катчысы

0778863091

11

Чодонова Өктөм Карабаевна

Аялдар кеңешинин төрайымы, айыл башчы

0778376224

12

Бобулова Ханышай Алановна

Жамааттык активист

0773835759

13

Айдарова Айтбүү Ысмаиловна

Жамааттык активист

0772187361

Стратегияга кошуу үчүн артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдү тандап алуунун методологиясы Башында эле Стратегияга кошуу үчүн артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдү тандап алуунун Критерийлери аныкталган: Кызмат көрсөтүү ЖӨБ органдарынын компетенциясында болууга тийиш СЭӨП – артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүнү тандап алуунун негизи Андан кийин фокус топтун катышуучуларын Т.Кулатов айылдык аймагынын 2017-2020 жылдарга Стратегиялык өнүгүү планына (СӨП) кирген иш-чаралар менен тааныштырышты. Ошондой эле USAIDдин «Ийгиликтүү аймак» Долбоорунун ишинин алкагында өткөрүлгөн 2017-жылдын 21-ноябрында ЖӨБОнун кызмат көрсөтүүлөрдүн артыкчылыктуусун тандап алуу боюнча жолугушуусунун жыйынтыктары тартууланды. Фокус топтун катышуучуларына кызмат көрсөтүүлөрдүн артыкчылыктуусун тандап алуунун жыйынтыктары Долбоордун консультанттары сунуштаган критерийлерге канчалык шайкеш келгенин баалоо сунушталды. Андан кийин фокус топтун катышуучулары Стратегияга кошуу үчүн потенциалдуу кызмат көрсөтүүлөрдү тандашты. Тандалган кызмат көрсөтүүлөр буга чейин 2017-2020 жылдарга бекитилген СӨПнын иш-чаралар тизмегине киришкен. Артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги Стратегияга кошуу үчүн тандалып алынган кызмат көрсөтүүлөрдүн соңку тизмеги төмөнкүдөй болду (алган добуштардын саны көрсөтүлүп, артыкчылыктуулугуна жараша бөлүштүрүлдү):

№

Кызмат көрсөтүүнүн аталышы

Стратегияга киргизүү үчүн негиздеме (Көйгөйдүн баяндалышы)

1

Ийримдерди уюштуруу аркылуу маданият кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү

Негизги көйгөй: Айылдык аймакта тургундар, анын ичинде жаштар үчүн маданиятты өнүктүрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн деңгээли төмөн. Балдардын бош убактылары туура уюштурулбай келүүдө Себептери: Маданий кызмат көрсөтүү жаатында кадрлар жетишсиз болуп келген Маданий иштерди уюштуруу маселеси жетишээрлик деңгээлде болгон эмес Көркөм маданият ийримдери жетишсиз болуп келген Кесепеттери: Маданий кызматтар толук ишке ашпай калып жатат Маданиятка кызыккан жаштардын азайып

2

Ыңгайлуу ивестициялык климатты түзүү

Инвестиция тартуу жагына жетиштүү көңүл бөлүнбөй жатат. Инвестициялык долбоорлорду жаза турган адамдардын потенциалдык деңгээли жетиштүү эмес. Себептери: Жергиликтүү бюджет дотациядан чыккандыктан, сырттан каржылоолор токтогон; Инвестицияларды тартуу боюнча билим жана тажрыйбалардын аздыгы Кесепеттери: Жергиликтүү маанидеги маселелер тийиштүү денгээлде аткарылбай жатат; Инвестициялык долбоорлордун аздыгы;

3

Айыл аймактагы спорттук кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү

Негизги көйгөй: Айылдык аймакта балдар жана жаштар үчүн спорт менен алектенүү үчүн шарттар начар. Жаштар өзү менен өзү, бош убактысын кантип өткөрөрүн билишпейт. Мунун айынан тартип бузуп же кылмышка барган учурлар бар. Жаштардын уюшкан кылмыштуу топторго азгырылып кетүү коркунучу жогору. Себептери: Жергиликтүү бюджеттен акча каражаты каралбагандыгынан. Жаштардын жумуштун жоктугунан миграцияда жургондугу. Спорттун турлору боюнча атайын машыктыруучулардын жоктугу. Атайын машыктыруучулардын эмгек маянасынын төмөндүгү. Кесепеттери: Айыл аймагында спорттун онукпой калышы. Айылдык аймактагы терс корунушторго, агымдарга бурулуп кетиши (аракечтике, бангилике, укук бузуучулука ж.б) Эл арасындагы спортко жондомдуу жаштардын мумкунчулукторунун комускодо калууда.

4

Салыктык башкарууну жакшыртуу

Негизги көйгөй: АА Салык төлөмдөрүн чогултуу жетиштүү деңгээлде эмес Салык толоо милдет экендигин элдерге тушундуруу. Киреше булактары жеткиликтуу денгелде изилденген эмес. Себептери: Салык кызматкерлеринин статусунун жетишсиздиги Инспекторлорду формалары жана күбөлүктөрү жок жакшы кабыл ала беришпейт. Жарандардын жумуштун жоктугунан миграцияда жургондугу (мулк ээлери). Кесепеттери:

Салык жеткиликтүү чогулбай жатат; Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүндөгү жоготуулар; Чыгаша бөлүктүн мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болуусуна алып келип жатат.

Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндө ЖОБО Жалпы жоболор Жобо айылдык аймактын чегинде жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын изилдөө боюнча биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун (мындан ары – БМ ж Б Тобу) ишмердүүлүгүнүн мазмунун жана тартибин аныктайт. БМ ж Б Тобу жергиликтүү жамаатка берилген кызмат көрсөтүүнүн/жумуштардын сапатына мониторингдик изилдөө жүргүзүү максатында түзүлөт. БМ ж Б Тобунун мүчөлөрүнүн курамы ыктыярдуу негизде түзүлөт, ага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын адистери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, тартылган адистер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, ишкерлер жана жергиликтүү жамааттын жашоочулары кирет. БМ ж Б Тобу өз ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча айыл өкмөт башчыга, айылдык кеңештин төрагасына жана жергиликтүү жамаатка отчет берет. Отчеттуулуктун формасын Топтун мүчөлөрү аныкташат. БМ ж Б Тобунун компетенциясы БМ ж Б Тобунун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары болуп төмөнкүлөр эсептелинет: кызмат көрсөтүүнүн сапатын баалоо; кызмат көрсөтүүнүн кабыл алынган стандарттарга шайкештигин баалоо; колдонулган ресурстардын сапатын баалоо; комплекстүү анализ жана баалоо. БМ ж Б Тобунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет: жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана натыйжалуулугуна мониторингдик изилдөөлөрдү жүргүзөт; процесске жана жетишилген максаттардын эффективдүүлүгүнө анализ жүргүзөт; алынган жыйынтыктарды иштетет жана аларга анализ жүргүзөт; сунуштамаларды иштеп чыгат; жыйынтыктарды жыйналыштарда талкуулайт; мониторингдин жыйынтыктарына эсеп жүргүзөт. БМ ж Б Тобунун укуктары: кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдөн маалымат алууга; БМ ж Б Тобунун компетенциясына кирген изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн айыл өкмөт башчысынан жана кызматкерлеринен зарыл документтерди жана материалдарды алууга укуктуу. Айыл өкмөт башчысына, айылдык кеңештин төрагасына жана жергиликтүү жамаатка мониторингдик изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын берүүгө укуктуу. БМ ж Б Тобунун мүчөлөрү. БМ ж Б Тобунун мүчөлөрү укуктуу: БМ ж Б Тобунун иш процессинде өз каалоолорун, шектенүүлөрүн, тыянактарын айтууга; БМ ж Б Тобунун каалаган кызыктырган мезгили ичинде ишинин абалы жана жыйынтыктары жөнүндө маалымат алууга; БМ ж Б Тобунун курамынан каалаган учурда чыгууга. Мониторинг тобунун мүчөлөрүнүн милдеттери: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана БМ ж Б Тобу жөнүндө ушул Жобонун алкагында иш жүргүзүүгө; топтун жетекчисине өз ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетторду берүүгө; топтун жетекчисинин тескемелерин аткарууга. БМ ж Б Тобунун ишмердүүлүгүнүн ченемдик-укуктук коштоосу БМ ж Б Тобу өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин карманууга тийиш. БМ ж Б Тобунун ишмердүүлүгүнүн тартиби Мониторинг тобун айыл өкмөт башчысы же айылдык кеңештин төрагасы дайындаган төрага жетектейт. Топтун курамы беш мүчөдөн кем болбошу керек: Мониторинг тобунун курамы жана анын жетекчиси айыл өкмөт башчынын же айылдык кеңештин төрагасынын чечими менен бекитилет. Топтун жыйналышы кварталына бир жолудан кем эмес жана/же зарылчылыгына жараша өткөрүлөт. Жыйналыштардын протоколуна Мониторинг тобунун жетекчиси жана мүчөлөрү кол коюшат. БМ ж Б Тобунун иштөө мөөнөтү Топтун иштөө мөөнөтү план-тапшырманын мазмуну менен аныкталат. Эгерде ишмердүүлүгүнүн мөөнөтү аныкталбаса, Мониторинг тобу өз ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчет бергенден кийин ишин токтотот. Мониторинг тобунун иштөө мөөнөтү аны түзүү жөнүндө буйрук менен аныкталат. Мониторингдин натыйжалары Мониторингдик изилдөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча Протокол түзүлүп, сунуштамалар иштелип чыгат. Ош областынын, Ноокат районундагы Т. Кулатов айыл аймагында музыкалык ийримдерди уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүү үчүн жеткирүүчүнү тандоо боюнча ачык сынакты өткөрүүнүн эрежелери (мындан ары – Эрежелери)

1. Жалпы жоболор

1.1. Ош областынын, Ноокат районундагы Т. Кулатов айыл аймагынын чегинде музыкалык ийримдерди уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүү үчүн жеткирүүчүнү тандоо боюнча ачык сынакты өткөрүүнүн тартибин аныктаган бул сынактык документация Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык иштелип чыкты.

1.2. Музыкалык ийримдерди уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүү үчүн жеткирүүчүнү тандоо боюнча ачык Сынактын комиссиясынын курамы (мындан ары текст боюнча – сынактык комиссия) айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ буйругу менен бекитилди. Сынактык комиссия тарабынан сынакка катышууга өтүнмөлөрдү кароо жана Сынактын жеңүүчүсүн аныктоо ишке ашырылат.

1.3. Сынакты өткөрүү жөнүндө кабарлоого камтылуучу маалыматтар жана кабарлар

Сынактын уюштуруучусу

Кыргыз Республикасы, Ош областы, Ноокат району, Т,Кулатов атындагы айыл айылы., Кызыл-Булак

Тооруктун формасы

Ачык сынак

Сынактын предмети

Т. Кулатов айыл аймагынында музыкалык ийримдерди уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүү боюнча жеткирүүчүнү тандоо

Келишимдин жарактуу мөөнөтү

Түзүлгөндөн тартып 1 жыл

Сынак жөнүндө иш-кагаздарды берүүнүн мөөнөтү, орду жана тартиби

Сынака катышууга өтүнмөнү кабыл алуунун башталыш жана аяктоо датасы, убактысы жана дареги төмөндө 1.4-1.6 п. көрсөтүлдү. Массалык маалымат каражаттарына сынакты өткөрүү жөнүндө билдирүү коюлгандан кийин, Сынактын уюштуруучусу бардык жазуу жүзүндө арыз берген кызыкдар жакка, аталган арызды алган күндөн тартып 2 жумушчу күндүн ичинде сынак жөнүндө иш-кагаздарды берет.

Сынак жөнүндө иш-кагаздарды берүү үчүн төлөөнүн өлчөмү, тартиби жана мөөнөтү

Сынак жөнүндө иш-кагаздары акысыз берилет.

Сынактын уюштуруучусу сынакты өткөрүүдөн баш тартууга укуктуу болгон мөөнөттүн аралыгы

Сынака катышууга өтүнмө берүүгө үч күн калганга чейин

Сынактын катышуучулары

Уставтарына ылайык негизги ишмердүүлүктүн бир түрү музыкалык ийримдерди уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу болуп саналган Юридикалык жактар жана музыкалдык билими бар жеке жактар

1.4. Ачык сынакка катышууга өтүнмөнү кабыл алуу датасы 2018-жылдын \_\_\_\_\_\_\_\_августунда саат 11-00 башталат.

1.5. Ачык сынакка катышууга өтүнмөнү кабыл алуу 2018-жылдын \_\_\_\_\_ августунда саат 11-00дө аяктайт.

1.6. Өтүнмөлөрдү кабыл алуунун убактысы жана орду – жумуш күндөрү 9.00дөн 18.00гө чейин (түштөнүү убактысы 13.00дөн 14.000гө чейин) төмөнкү даректе: Кыргыз Республикасы, Ош областы, Ноокат району, Т.Кулатов айыл ъкмът\\ Кызыл-Булак айылы.

1.7. Өтүнмө конверттерин ачуу жана ачык конкурсту өткөрүүнүн датасы жана убактысы – 2018-жылдын \_\_\_\_\_ августунда саат эртең мененки 11-00дө төмөнкү даректе: Кыргыз Республикасы, Ош областы, Ноокат району, Т.Кулатов атындагы айыл ъкмът\\,Кызыл-Булак айылы.

2. Сынактын катышуучуларына коюлган талаптар

2.1. Сынактын талапкерлерине коюлган талаптарга жооп берген, Сынака катышууга өтүнмө берген жана сынактык комиссиянын кароосунан кийин сынактын катышуучусу статусун алган, уюштуруу-укуктук формасына карабастан ар кандай юридикалык жактар катыша алышат.

2.2 Талапкерге коюлуучу талаптар:

1) Музыкалык ийримдерди уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүгө карай коюлган талаптарга талапкердин ылайык келиши;

2) Талапкердин уюмдаштырылган иш-кагаздарына ылайык ишмердүүлүгү, музыкалык ийримдерди уюштуруу кызмат көрсөтүүгө туура келиши;

3) Талапкердин өткөн календарлык жыл үчүн салык эсеби, чогултуу жана башка бюджеттин ар кандай деңгээлиндеги же мамлекеттик бюджеттик эмес фонддорго милдеттүү төлөмдөр боюнча карызынын болбоосу;

2.3. Сынактык комиссия талапкердин сынактын талаптарына ылайык келерин текшерүү максатында маалыматтарды жана документтерди суроого укуктуу.

2.4. Ачык сынака катышуу үчүн катышуучулардан төлөө талап кылынбайт.

3. Сынакты өткөрүү жөнүндө билдирүү

3.1. Сынакты өткөрүү жөнүндө билдирүү массалык маалымат каражаттарына сынака катышууга өтүнмөнү кабыл алууга 30 (отуз) күн калганга чейин жарыяланат.

3.2. Сынакты өткөрүү жөнүндө билдирүү төмөнкүдөй маалыматты камтыйт:

1) Уюштуруучунун аталышы, жайгашкан орду, почта дареги, электрондук почта дареги жана байланыш номери

2) Сынактын объектисинин мүнөздөмөсү;

3) Сынактын жүрүшүндө тандалып алынган уюм менен түзүлгөн келишим боюнча (8 жана 9-тиркемени караңыз) аткарылуучу милдеттүү иштердин жана кызматтардын аталышы (мындан ары – милдеттүү иштер жана кызматтар);

4) Сынактык иш-кагаздарды берүүнүн мөөнөтү, орду жана тартиби;

5) Сынака катышууга берилген өтүнмө конверттерин ачуунун орду, датасы жана убактысы жана сынактык комиссиянын сынака катышууга өтүнмөлөрдү кароонун орду, датасы жана убактысы;

6) Сынакты өткөрүүнүн орду, датасы жана убактысы;

7) Уюштуруучу сынакты өткөрүүдөн баш тартууга укуктуу болгон мөөнөттүн аралыгы.

4. Сынактык иш-кагаздарды берүү жана сынактын объектисин кароону уюштуруу

4.1. Сынактын уюштуруучусу тарабынан бекитилген сынактык иш-кагаздары өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) №1 тиркемеде көрсөтүлгөн форма боюнча акт;

2) №2 тиркемеге ылайык, уюштуруучу тарабынан Сынакакоюлган милдеттүү иштин жана кызматтын тизмеги;

3) № 3 тиркемеге ылайык мазмуну жана оңдоо, форма боюнча сынактын объектисин модернизациялоо жана өнүктүрүү (мындан ары – кошумча кызматтар) боюнча кошумча кызматтын тизмеги;

4) Конкурсту өткөрүүнүн ушул Эрежесинин 2.2 пунктунда коюлган ( сынактык иш-кагаздар) сынактын катышуучуларына талаптарга ылайык келген талапкерлердин (сынактын катышуучусу) тастыктоочу документтери (уюмдаштыруучу иш-кагаздардын көчүрмөлөрү, ж.б.).

5) № 4 тиркемеге ылайык форма боюнча сынака катышууга өтүнмө;

6) Сынактын жеңүүчүсү убактылуу пайдаланууга (ижара) муниципалдык мүлктү берүү жөнүндө жана ушул документациянын 9-бөлүмүнө ылайык, (8 жана 9 тиркемени караңыз) боюнча калкка кызмат көрсөтүүгө укук берүү жөнүндө келишимге кол коюу убактысынын мөөнөтү;

7) келишим боюнча жогорудагы 6) п көрсөтүлгөн сынактын жеңүүчүсү өзүнүн милдеттерин аткарууну баштоонун мөөнөтү келишимге кол койгон күндөн тартып 30 күндөн ашпашы керек;

8) келишим боюнча мүлктү башкаруу милдеттерин аткарууга байланыштуу менчик ээсинин суроо-талабына боюнча 3 жумушчу күндүн ичинде берилүүчү жеткирүүчүнүн кызмат көрсөтүү милдеттерин караган документерин, музыкалык ийримдерди уюштуруу боюнча кызматын жеткирүүнү, келишимде көрсөтүлгөн милдеттерин аткарууну контролдоо менчик ээси тарабынан ишке ашыруу формасы жана ыкмалары;

9) убактылуу пайдаланууга (ижара) муниципалдык мүлкү берүү жөнүндө жана Т. Кулатов айыл аймагында музыкалык ийримдерди уюштуруу боюнча калкка кызмат көрсөтүү укугун берүү жөнүндө (ушул сынактык иш-кагаздарынын 8 жана 9 тиркемеси) келишимдин долбоору.

4.2. Сынактын уюштуруучусу сынака катышууга арыз берген талапкерге сынактык иш-кагаздарды берүүнү камсыз кылат.

4.3. Сынакты өткөрүү жөнүндө билдирүү массалык маалымат каражаттарына расмий жарыяланганга чейин конкурстук документтерди берүүгө жол берилбейт.

4.4. Сынактын уюштуруучусу жазуу жүзүндө берилген арыздын негизинде кызыкдар жакка, арыз келип түшкөн 2 жумушчу күндүн ичинде сынактык иш-кагаздарды берүүгө милдеттүү. Сынактык иш-кагаздар акысыз берилет.

4.5. Ар кандай кызыкдар жак жазуу түрүндө уюштуруучуга сынактык иш-кагаздардын жобосун түшүндүрүү жөнүндө суроо-талап кыла алат.

4.6. Сынактын уюштуруучусу сынакты өткөрүү жөнүндө көрсөтүлгөн датасы жана убактысы туура келген билдирүүгө ылайык, сынактын объектиси болгон талапкердин жана башка кызыкдар жактардын кароону жүргүзүүнү уюштурат. Сынактын уюштуруучусу мындай кароону сынакты өткөрүү жөнүндө билдирүү жарыяланган күндөн тартып ар бир 5 жумушчу күн сайын, бирок сынака катышууга өтүнмө берүүгө 2 жумушчу күн калганга чейин кароону уюштурат.

5. Сынака катышууга өтүнмө берүүнүн тартиби

5.1. Сынака катышууга өтүнмө сынактык иш-кагаздарда каралган формада берилет. Өтүнмө берүүнүн мөөнөтү 30 күндөн кем эмес убакытты түзөт. Сынака катышуу үчүн өтүнмөнү кабыл алуу түздөн-түз жүргүзүлөт. Сынака катышууга өтүнмө конверттерин ачуу жол-жобосу башталар алдында токтотулат.

5.2. Сынака катышууга өтүнмө жазуу жүзүндө конвертке печатталып берилет.

5.3. Сынака катышууга өтүнмө төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) талапкер жөнүндө маалымат жана документтер:

а) уюштуруу-укуктук формасынын аталышы, жайгашкан орду, юридикалык дареги, аты-жөнү, паспорт маалыматтары, жетекчинин жашаган жери жөнүндө маалымат, байланыш телефон номери;

б) арыз берүүчүнүн атынан иш-аракетти ишке ашырган ыйгарым укуктуу жакты-юридикалык жакты (дайындоо же шайлоо жөнүндө чечимдин көчүрмөсү же жеке жактын кызматка дайындалышы жөнүндө буйрук, ага ылайык жеке жак арыз берүүчүнүн атынан ишеним катсыз аракеттенүүгө укук алат (мындар ары – жетекчи) тастыктоочу документ. Эгерде арыз берүүчүнүн атынан башка жактар аракеттенсе, сынакка катышууга өтүнмөдө арыз берүүчүнүн атынан аракеттенүүнү ишке ашырууга, арыз берүүчүнүн тастыктаган печаты жана арыз берүүчү-жетекчинин колу коюлган ишеним кат (юридикалык жактар үчүн) же ыйгарым укук берилген жетекчи же нотарилдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын көчүрмөсү кошо камтылышы керек. Эгерде көрсөтүлгөн ишеним катка арыз берүүчүн ыйгарым укуктуу жетекчинин колу коюлса, сынакка катышууга өтүнмө мындай жактын ыйгарым укуктуулугун тастыктаган документти кошо камтышы керек.

в) арыз берүүчүнүн уюмдаштыруу документинин көчүрмөсү;

5.4. Арыз берүүчү сынакка өтүнмөнү жазуу жүзүндө берет.

5.5. Сынакка катышууга өтүнмөнү кабыл алуу өтүнмө конверттерин ачууга бир саат калганда токтотулат (1.7 п. караңыз).

5.6. Сынакка катышууга түшкөн ар бир өтүнмө коюлган мөөнөттө сынактын уюштуруучусу тарабынан катталат. Талапкердин талабы менен сынактын уюштуруучусу №5 тиркемеге ылайык форма боюнча өтүнмөнү кабыл алгандыгы дөнүндө тил кат берет.

5.7. Сынакка катышууга өтүнмө конветтери конвертти ачкандан кийин келип түшсө, ошол түшкөн күнү сынактын уюштуруучусу тарабынан талапкерге кайтарылып берилет.

6. Өтүнмөнү кайтарып алуунун тартиби жана мөөнөтү

6.1. Талапкер сынака катышууга өтүнмө конверттерин ачууга 1 саат калганга чейинки убакыттан кечикпестен, каалаган учурда сынака катышууга өтүнмөсүн өзгөртүп же кайтарып ала алат.

7. Сынака катышууга өтүнмө конверттерин ачуунун тартиби

7.1. Сынактык комиссия сынака конверттерди ачуу жол-жобосуна чейин келип түшкөн, конкурсту өткөрүү жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн өтүнмө конверттерин ачуунун күнү, убактысы жана орду, конверттерди ачуу айкын өткөрүлөт. Сынака катышууга өтүнмө конверттерин ачуу бир убакта ишке ашырылат.

7.2. Арыз берүүчүлөр же алардын өкүлдөрү сынака катышууга өтүнмө конверттерин ачууга катышууга укуктуу. Сынака катышууга өтүнмө конверттерин ачууда сынактык комиссия жыйынга катышкан талапкерден алардын документтеринен жана сынаккасынка катышууга өтүнмөдөн маалыматтарды түшүндүрүүнү талап кылууга укуктуу. Көрсөтүлгөн түшүндүрүүгө протокол түзүлөт. Муну менен бирге сынака катышууга өтүнмөнү өзгөртүүгө уруксат берилбейт. Сынактык комиссия талапкерге кошумча талаптарды коюуга укугу жок. Сынактык иш-кагаздарга ылайык, талапкерге талаптарды өзгөртүүсүнө жол берилбейт.

7.3. Сынака катышууга өтүнмө конверттерин ачуу протоколун сынактык комиссия жүргүзөт жана комиссиянын катышкан бардык мүчөлөрү түздөн-түз конвертти ачкандан кийин кол коюшат. Түзүлгөн протокол уюштуруучу тарабынан сынак аяктагандан кийин жарыяланат.

7.4. Эгерде сынака катышууга өтүнмө берүү мөөнөтү бүткөндө бир эле өтүнмө же бир дагы өтүнмө берилбесе, анда сынак болгон жок деп таанылат, бул жөнүндө протокол жазылат. Бул учурда сынактын уюштуруучусу ушул Эреженин 10-бөлүмүндө коюлган тартипте иш алып барат ( сынактык иш-кагаздарынын бөлүгү катары). Эгерде эки же андан ашык өтүнмө келип түшсө, сынактык комиссия ушул Эреженин 8 жана 9-бөлүмүндө жазылгандай сынакты өткөрөт.

Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин

2018-ж. «\_11\_»\_\_апрель\_\_\_\_№\_\_12-7\_\_ токтому менен бекитилди

КТК жыйноо жана чогултуу боюнча кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөө тартиби жөнүндө Жобо

Ушул Жобо айылдык аймактын чегинде катуу тиричилик калдыктарын жыйноо, чыгаруу жана жайгаштыруу үчүн тарифти эсептөөнүн тартибин аныктайт. Тарифти эсептөө калдыктардын топтолуу (пайда болуу) нормативдерине, рентабелдүүлүктүн жеткен деңгээлин эсепке алуу менен адистештирилген уюмдун иш жүзүндөгү чыгымдарына жараша жүзөгө ашырылат. Тарифти жергиликтүү кеңеш бекитет жана ал менчиктин бардык формасындагы кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөр үчүн бирдиктүү болуп эсептелинет.

4.КТК жыйноо, чыгаруу жана жайгаштыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер экономикалык жактан негизделген чыгымдарга (иш жүзүндөгү жана/же пландуу), ар бир субъект үчүн жекече аныкталган пайданын көлөмүнө жараша тармактын өзгөчөлүктөрүн жана салык мыйзамдарында каралган салыктарды эсепке алуу менен түзүлөт.

5.Тарифти бекитүүдө жергиликтүү кеңештин атынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы КТК чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчүгө экономикалык жактан негизделген чыгымдардын ордун толтурууну камсыздап берет.

6.Баа түзүү системасы кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчү экономикалык жактан негизделген пайданы алуусун камсыздайт.

7.КТК чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүгө баа (тариф) төмөнкүдөй формула боюнча эсептелинет:

Т = Н + Р + С, мында: Т – КТК чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүгө тариф Н – кызмат көрсөтүүнүн өздүк наркы Р – рентабелдүүлүк деңгээли боюнча кошумча нарк С – салыктар

8.Кызмат көрсөтүүнүн өздүк наркын эсептөөдө буга чейинки отчеттук мезгилдеги чыгымдар жөнүндө иш жүзүндөгү маалыматтар, ишкананын техникалык-экономикалык жана финансылык көрсөткүчтөрү, уюмдун өндүрүш программасы жана финансылык планы колдонулат.

9.КТК жыйноо жана чыгаруу боюнча жумуштардын өздүк наркы 1-таблицада көрсөтүлгөн чыгымдардан түзүлөт.

1-таблица. КТК жыйноо жана чыгаруу боюнча жумуштардын өздүк наркы.

№

Чыгымдардын курамы

1

Чийки зат жана материалдар (Чийки заттын наркы)

2

Айдоочулардын жана жүк ташуучу өндүрүштүк персоналынын социалдык камсыздандырууга чегерүүлөрүн кошкондо эмгек акы фонду (ЭАФ) (ЭАФнын наркы)

3

Атайын автомобилдер үчүн отунга кеткен чыгымдар (Отундун наркы);

4

Майлоочу жана башка эксплуатациялык материалдарга кеткен чыгымдар (Майлоочу м. наркы);

5

Атайын транспорттун ремонтуна жана техникалык тейлөөсүнө кеткен чыгымдар (РТТ наркы);

6

Амортизациялык чегерүүлөр (А.наркы);

7

Административдик чыгашалар (Адм. наркы);

8

Жалпы чарбалык чыгашалар (ЖЧ. наркы).

10.Материалдык чыгымдар материалдардын чыгаша нормаларына жараша эсептелинет. Алар төмөнкүдөй негиздер боюнча белгиленет:

- кызмат көрсөтүүнүн бул түрү боюнча аныкталган технологиялык процесс боюнча чыгашалардын нормалары – эгерде нормативдер болбосо, анда чыгашалар хронометраждык изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча бекитилет\[1\].

11.Социалдык камсыздандырууга чегерүүлөр менен айдоочулардын жана жүк ташуучулардын ЭАФны эсептөө төмөнкү формула боюнча жүзөгө ашат:

ЭАФ наркы = ∑ (ЭА наркы.р.i\*N\*n\*) СоцК, мында: ЭАФ наркы – айдоочулар жана жүк ташуучулар өндүрүштүк персоналынын ЭАФ ЭА наркы.р.i – негизги өндүрүштө i-кесиби боюнча иштеген жумушчулардын эмгек акысы; N – i-кесиби боюнча иштегендердин саны; n – отчеттук мезгилде айлардын саны; СоцК – социалдык камсыздандыруу коэффициенти, ал төмөнкү формула боюнча эсептелинет: СоцК = 1+ С/100, мында С – социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдар менен белгиленген социалдык камсыздандырууга чегерүүлөрдүн %.

12.Ишкананын негизги жумушчуларынын жана калган кызматкерлеринин эмгек акысын түзүү тартибин кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчүнүн же анын уюмдаштыруучусунун атынан жумуш берүүчү аныктайт. Уюмдаштыруучу катары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы чыккан кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчү үчүн эмгек акыны түзүү тартибин ишкананын социалдык өнөктөштүк органы жөнгө салат.

13.Эмгек акыны эсептөө усулу коммуналдык чөйрөдөгү негизги кызматкерлердин тийиштүү тобу үчүн Улуттук статистика комитетинин маалыматтарынын негизинде эсептелинет.

14.Атайын автомобиль үчүн отунга чыгым (Отундун Н) төмөнкү формула боюнча эсептелинет:

ОтундунН = ОтундунЧ\*ОтундунБ, мында: ОтундунЧ – отундун чыгымы, литр менен; ОтундунБ – отундун бир литринин баасы, сом/л. Отундун чыгашасы КТК чыгаруу боюнча жумушка кеткен отундун чыгашасынын жана кошумча акыны эсепке алуу менен отундун кошумча чыгашасынын суммасы катары аныкталат: ОтунЧ = Чкм + КошумчаЧ, мында: Чкм – КТК чыгаруу боюнча жумуштарга кеткен отундун чыгашасы (л) атайын автомобилдер үчүн отундун чыгашасынын бекитилген жеке нормаларынын негизинде аныкталат. Ал эми алар болбогон учурда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2015-жылдын 30-декабрындагы №366 “Автомобиль транспортунда отунду жана майлоочу майларды чыгымдоонун линиялык ченемдерин колдонуу боюнча эрежелер жана аларды эсептөө методикасы” Буйругунун негизинде аныкталат.

Чкм= Hкм х Lжалпы/100, мында:

Hкм – атайын машинанын 100 км жүрүүгө кеткен отундун чыгаша нормасы, ал автомобилдин техникалык маалыматтары боюнча аныкталат, Lжалпы – отчеттук мезгил үчүн атайын машинанын жалпы жүрүү узундугу, км менен; 100 – Нкм отун чыгашасынын нормасы эсептелинген аралык.

КошумчаЧ – кошумча акыны эсепке алуу менен отундун кошумча чыгашасы (л), төмөнкү формула боюнча эсептелинет: КошумчаЧ = ∑ (Чкм\* 0,01 х Di), мында: Di – кошумча акы же Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2015-жылдын 30-декабрындагы №366 “Автомобиль транспортунда отунду жана майлоочу майларды чыгымдоонун линиялык ченемдерин колдонуу боюнча эрежелер жана аларды эсептөө методикасы” Буйругунун негизинде аныкталган нормага азайышы (%).

15.Майлоочу жана башка эксплуатациялык материалдарга чыгымдар атайын автомобиль үчүн белгиленген материалдын ар бир түрү боюнча нормативдик чыгашалардын негизинде аныкталат. Зарыл болгон материалдардын тизмеги жана чыгашалардын нормалары техникалык паспорттун негизинде атайын автомобилдин техникалык маалыматтарына жараша аныкталат. Майлоочу материалдардын чыгашасы отундун литр менен эсептелинген чыгашаларына жараша килограмм менен нормалары боюнча белгиленет.

Майлоочу материалдарга чыгымдар төмөнкү формула боюнча аныкталат: МайлоочуБ = (ОтунЧ \* МайлоочуН \* ӨткөрмөК) \* МайлоочуМатБ, мында: ОтунЧ – кошумча акыны эсепке алганда негизги отундун чыгашасы, литр менен; МайлоочуН – майлоочу материалдардын чыгашасынын нормасы, кг/л, л/л; ӨткөрмөК – көлөмдүк көрсөткүчтөрдү салмактык көрсөткүчкө өткөрмө коэффициенти, зарыл болгондо колдонулат; МайлоочуМатБ – майлоочу материалдардын көлөмүнүн (салмагынын) бирдигинин чекене баасы, сом/кг, сом/л.

16.Атайын автомобилдин ремонтуна жана техникалык тейлөөсүнө кеткен чыгымдар төмөнкү формула боюнча аныкталат:

РТТн = ЭАФн+Тн+Мн, мында: ЭАФн – ремонт жасаган жумушчулардын эмгек акы фонду, сом менен (ушул бөлүмдүн 2-пунктунда көрсөтүлгөндөй аныкталат); Тн – атайын транспорт үчүн тетиктерге кеткен чыгымдар, сом менен; Мн – материалдарга кеткен чыгымдар, сом менен. Тн жана Мн атайын транспорттун жүрүүгө кеткен 1000 километрине техникалык тейлөөнүн жана ремонттун бардык түрлөрү боюнча жумуштардын бардык түрлөрүн жүзөгө ашыруу үчүн тетиктер жана материалдар боюнча чыгымдардын колдонуудагы нормативдери боюнча аныкталат: Тбаасы = (Тн / 1000) \* Lжалпы, мында: Lжалпы – отчеттук мезгилде атайын автомобилдердин жүрүүсүнүн жалпы узундугу, км менен; Тн – атайын автомобилдин 1000 километрге жүрүүсүнө кошумча тетиктер боюнча чыгымдардын нормативи, сом/1000 км, техникалык паспортко ылайык, автомобилге мезгилдүү техникалык текшерүү жүргүзүү боюнча талаптардын негизинде аныкталат. Кошумча тетиктерге жана материалдарга чыгашаларды уюмдун жетекчиси же уюмдаштыруучу белгилеген белгилүү мезгил үчүн иш жүзүндөгү чыгымдар боюнча орточо маалыматтардын негизинде аныктоого уруксат берилет. 1000 – жүрүү аралыгы, ал үчүн Тн нормативи аныкталган. Ушундай эле жол менен МайлоочуМатБ эсептелинет.

17.Негизги каражаттардын амортизациясы алардын пайдалуу кызматы аяктаган мөөнөткө чейин системалуу негизде чегерилип турат. Амортизацияны эсептөө усулу болуп, аны бирдей чегерүү эсептелинет (баасы / кызмат өтөө мөөнөтү = жылына амортизациянын суммасы). Пайдалуу кызмат өтөө мөөнөтүн техниканын жана жабдуунун техникалык паспортундагы маалыматтардын негизинде, ошондой эле мүлк ээси же бул мүлктү колдонуучу аныктаган пайдалуу колдонуунун күтүлгөн мөөнөтүнө ылайык чарба жүргүзүүчү субъект өзү аныктайт. Пайдалуу кызмат өтөө мөөнөтү – бул убакыт мезгили, анын аралыгында чарба жүргүзүүчү субъект тийиштүү активди колдонууну пландайт. Чарба жүргүзүүчү субъект негизги каражаттардын амортизациясын салык мыйзамдарына ылайык чегерсе болот.

18.Амортизациянын нормасы төмөнкү формула боюнча эсептелинет:

Наi = (Саi / Бсi)\*100%, мында Hoi - i объектиси боюнча чегерүүлөрдүн нормасы, %, ал мүлк ээси аныктаган пайдалуу колдонуу мөөнөтүнө жараша кабыл алынат. Саi – жылына i объектисинин амортизациясынын суммасы (сом менен) Бсi - i объектисинин баланстык наркы (сом менен) i объектисинин жылдык амортизация суммасы (%) төмөнкү формула боюнча эсептелинет: Саi = С об. / Sп.д., мында С об – сатып алынган объекттин (мүлктүн) баасы (сом менен) Sп.д. – амортизациянын пайдалуу мөөнөтү, аны мүлктүн колдонуучусу же ээси белгилейт (жылдар менен) Кызмат көрсөтүүнүн өздүк наркына аны өндүрүү үчүн колдонулган бардык амортизацияланган объекттердин (мүлктүн) суммасы кошулат: Са= СУММА (Бci х Hoi), мында: Са – продукциянын (кызмат көрсөтүүнүн) өздүк наркына кошуу үчүн амортизациянын суммасы Бci - i объекттин баланстык баасы (сом менен); Hoi – амортизациянын нормасы, ал төмөнкү формула боюнча эсептелинет: Нoi = (Cai /Соб)\*100 Азайган калдык усулун колдонуу менен, ишкана амортизацияны чегерүүнү жүргүзөт. Административдик чыгашалардын курамына төмөнкүдөй чыгымдар кирет:

А)Социалдык камсыздандырууга чегерүүлөр менен, башкаруучулук жана жалпы чарбалык персоналга кирген кызматкерлердин эмгек акысын төлөө.

Мамлекеттик бюджеттен каржыланган, башкаруучулук функцияларды аткарган ишканалардын жетекчилеринин жана кызматкерлеринин эмгек акысы уюмдаштыруучу тарабынан аныкталат жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 163-беренеси менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 26-июлундагы №407 “Мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдарда ишкана жетекчисине, анын орун басарларына жана башкы бухгалтерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” Жобо менен жөнгө салынат. Башкаруучу функцияларды аткарган жана мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланган ишкананын жетекчисинин жана кызматкерлеринин иш сапарына кеткен чыгашалар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы №471 “Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө” токтомунун негизинде аныкталат. Почта, телефон жана байланыштын башка чыгашалары жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жеткирүүчү уюмдар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде аныкталат. Административдик кеңсени күтүү боюнча чыгашалар: кеңсе, идиш жуучу каражаттар, техникалык коопсуздук каражаттары жана башка ушул өңдүү чыгашалар өткөн мезгилдеги иш жүзүндөгү керектөөлөргө же иш жүзүндөгү чыгашаларга жараша аныкталат. Кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо үчүн акы. Каржылоо ишкананын өзүнүн кадрларын даярдоо планынын негизинде аныкталат. Эгерде ишканада административдик персонал ишмердүүлүктүн ар кандай түрлөрүн башкарууну камсыздаса, анда конкреттүү кызмат көрсөтүүнүн өздүк наркына ишкананын бардык чыгашаларына салыштырма катышында административдик чыгашалар кошулат. Салыштырма салмак төмөнкү формула боюнча эсептелинет: Чсс=АдмЧ/С\*100, мында Чсс – чыгымдардын салыштырма салмагы, % менен, АдмЧ – административдик чыгашалар боюнча чыгымдар, сом менен, С – ишкананын (кызмат көрсөтүүнүн) бардык чыгымдарынын суммасы. Жалпы чарбалык чыгашалардын курамын төмөнкүлөр кирет:

- көмөкчү жумуштар үчүн материалдар жана чийки зат,

- негизги өндүрүштүн ишин камсыздаган персоналды күтүү,

- кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчүлөр менен түзүлгөн келишимдердин негизинде эсептелинген коммуналдык чыгашалар.

Пландалган пайда (Р) – бул жергиликтүү ченемдик укуктук документтер менен белгиленген эсептик көрсөткүч. Пландалган пайда рентабелдүүлүктүн белгиленген деңгээли боюнча бардык чыгымдардан үлүш катары эсептелинет.

Пландалган пайданы төмөнкү формула боюнча эсептөөгө уруксат берилет: Р = V – Соб, мында Р – пландалган пайда V – кызмат көрсөтүүдөн ишкананын пландалган жылдык түшкөн кирешеси, сом менен Соб – ишкананын кызмат көрсөтүүнү өңдүрүүгө кеткен чыгымдары. Салыктардын тизмеги жана ставкалары салык мыйзамдарына ылайык белгиленет.

КТК жыйноо жана чыгаруу тарифинин баасын айыл өкмөтүнүн атынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы эсептейт.

Тарифти бекитүү жөнүндө чечимди жергиликтүү кеңеш кабыл алат. №1 тиркеме Өндүрүлгөн жумуштарга/кызмат көрсөтүүлөргө хронометраждык байкоо жүргүзүү тартиби Хронометраж – бул жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүнүн технологиялык картасында көрсөтүлгөн айрым операцияларды аткарууга кеткен убакыт, чийки зат, материал чыгымдарын изилдөө усулу. Хронометражды ЖӨБдүн аткаруучу органынын башчысы же анын ыйгарым укуктуу адамынын буйругунун негизинде түзүлгөн комиссия жүргүзөт. Жумуштардын толук циклин аныктоо үчүн өлчөөлөр этап-этабы менен жүргүзүлөт, мында тараза, секунда эсептегич, сантиметр лентасы, рулетка ж.б. өңдүү тийиштүү аспаптар колдонулат. Хронометраж конкреттүү объект боюнча жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү өңдүрүүнүн технологиялык карталарында белгиленген тартип боюнча жүзөгө ашырылат. Эмгекке кеткен чыгымдардын хронометражы ар бир операция боюнча өзүнчө жүргүзүлөт. Катталган убакыт операциялар боюнча кошулуп, эмгекке кеткен чыгымдардын таблицасында көрсөтүлөт жана төмөнкү формула боюнча аныкталат: Тч = tmin/60min, мында: Тч – операцияны аткарууга кеткен убакыт, саат менен; tmin – операцияны аткарууга кеткен убакыт, минута менен; 60min – бир саатка барабар минутадагы убакыт, минута менен. Хронометраж процессинде белгиленген убакыт нормативдүү болуп эсептелинет жана технологиялык процесс өзгөргөн учурда гана өзгөрүшү мүмкүн. Эгерде технологиялык процесске эмгекке кеткен чыгымдын көлөмүн азайткан инновациялар киргизилсе, анда эмгекке кеткен чыгымдын жаңы нормативин белгилөө менен кошумча хронометраж жүргүзүлөт. Эмгекке кеткен чыгымдар боюнча белгиленген нормативдердин негизинде эмгек акы боюнча жумуштардын пландуу баасы төмөнкү формула боюнча аныкталат: Б= Тч х СТС х Жс, мында: Б – жумуштардын баасы, Тч – операцияны аткарууга кеткен убакыт (норматив), саат менен; СТС – жумушчунун саатына тариф ставкасы; Жс – жумушчулардын саны. Чийки заттын жана материалдардын чыгашалары боюнча нормативдер болбогон учурда хронометраждын негизинде нормативдерди белгилөө сунушталат. Материалдык чыгымдар төмөнкү формула боюнча эсептелинет: Мсумма=Мсаны х Мб, мында: Мсумма – материалдык чыгымдардын суммасы, сом менен; Мсаны – колдонулган материалдардын саны, Мб – материалдын базар баасы.

8. Сынакты өткөрүүнүн тартиби

8.1. Сынака катышууга өтүнмө берген жактар катыша алышат. Сынактын уюштуруучусу сынактын катышуучуларына түздөн-түз же өкүлдөрү аркылуу Сынака катышууга мүмкүнчүлүк түзүүнү кмасыз кылууга милдеттүү.

8.2. Сынакка катышууга биринчи келип түшкөн өтүнмөнүн ээси болгон катышуучунун аталышы жана бул катышуучунун Т. Кулатов кошумча иштин жана кызматтын чыгымдарынын (баасы) чоңдугу жөнүндө аталган катышуучу аткара турган милдеттерин сынактык комиссиянын жарыялоо менен сынак башталат. Андан кийин, дал ошондой ыкма менен экинчи катышуучуну жана калган катышуучуларды жарыялайт.

8.3. Сынактын ар бир катышуучусу өзүнүн сынактык сунуштарында ал аткарууга милдеттүү болгон мындай кошумча иштин жана кызматтын жалпы баасын көрсөтүшү керек.

Сынактык комиссия ар бир сынактын катышуучусунун аталышын жана кошумча иштин жана кызматтын жалпы суммасы боюнча сунушун жарыялайт.

8.4. Кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү жана азыраак баа менен сунуштаган милдеттерди аткарууну өзүнө алган жана башка сынактын бардык шарттарын аткарган сынактын катышуучусу сынактын жеңүүчүсү деп табылат.

8.5. Эгерде сынактын катышуучусу кошумча иш жана кызматка милдеттүү жана кошумча көлөм үчүн азыраак бааны сунуш кылып, сынактык өтүнмөдө каралган кандайдыр бир башка талаптарды аткаруудан баш тартса, сынактык комиссия кошумча иш жана кызматтын баасы боюнча кийинки турган сынактын катышуучусунун аталышын жарыялайт.

8.6. Сынактын катышуучусу сынактын объектиси болуп сунушталган кошумча иштерди жана кызматтарды милдеттүү түрдө аткаруу милдетин кабыл алат, ошондой эле, муниципалдык мүлктү убактылуу пайдаланууга (ижара) берүү жөнүндө жана Т. Кулатов айыл аймагында музыкалык ийримдерди уюштуруу боюнча калкка кызмат көрсөтүү жөнүндө келишим боюнча (ушул сынактык иш-кагаздарынын 8 жана 9 тиркемеси) башка милдеттерди аткарат.

8.7. Сынактык комиссия ушул иш-кагаздардын № 6 тиркемесине ылайык, форма боюнча сынактын протоколун түзөт, анда төмөнкү маалыматтар камтылат: сынакты өткөрүү орду, датасы, убактысы, сынактын объектисинин дареги, сынака катышууга келген өтүнмөгө ылайык, сынактын катышуучусу жөнүндө, сынактын ар бир катышуучусунун кошумча иштин жана кызматтын жана сунушталган кызматтын баасынын чоңдугу жөнүндө, Сынака катышууга өтүнмөнү кароонун жыйынтыгынын негизинде сынактын катышуучусуна катар номер берүү жөнүндө чечим чыгаруу, ошондой эле, юридикалык жактардын аталышы, сынактын катышуучсунун дареги, сынака катышууда өтүнмө боюнча берилген биринчи жана экинчи номерлер жөнүндө. Протоколдо сынактын жеңүүчүсү көбүрөөк кошумча көлөмдөгү ишти жана кызматты жана кызмат үчүн азыраак бааны сунуштагашы керек, ошондой эле, сынактын жеңүүчүсү тараптан сунушталган кошумча иштин жана кызматтын тизмеги жана кошумча иш жана кызматтын баасы боюнча кийинки чоңдуктагы жана кошумча иш жана кызматтын тизмегин сунуштаган сынактын сынактын катышуучусу көрсөтүлөт. Протоколго сынактык комиссиянын катышкан бардык мүчөлөрүнүн катышуусунда сынак өткөрүлгөн күнү кол коюлат. Протокол үч нускада түзүлүп, алардын бири сынактын уюштуруучусунда сакталат.

\[1\] Хронометраждык изилдөө жүргүзүү тартиби 1-тиркемеде берилген.
