Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин «Чолпон-Ата шаарындагы көчөлөрдүн аттарын өзгөртүүнү токтотуп туруу боюнча мораторий коюу жөнүндө» токтому
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттарынын XXIX чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2017-жылдын 25-апрели № 29/2-9 Чолпон-Ата шаарындагы көчөлөрдүн аттарын өзгөртүүнү токтотуп туруу боюнча мораторий коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30-июнь 2014-жылдагы № 242-б буйругуна ылайык, Чолпон-Ата шаарынын аймагындагы калктуу конуштардын көчөлөрүн тактоо жана аталыштарды ыйгаруу мэриянын жооптуу кызматкерлери аркылуу такталып, бардык көчөлөрдүн аттары 2014-жылдын 29-августунда Чолпон-Ата шаардык кеңешинин № 28/13-2 токтому менен бекитилген. Шаардык кеңештин «Депутаттык этика, мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 28-мартындагы отурумунун чечимин карап чыгып, талкуулап Чолпон-Ата шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпон-Ата шаарынын аймагындагы калктуу конуштардын көчөлөрүнүн аттары толук коюлуп, такталып бүткөндүгүнө байланыштуу, көчөлөрдүн аттарын өзгөртүүнү токтотуп туруу боюнча 5 жылга мораторий коюлсун.
2. Шаардык кеңештин аппаратына токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин «Депутаттык этика, мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Т. Сарбагышев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.