# Үч-Терек айылдык кеңешинин 2015-жылдын 29-январындагы № 111 "Кара-Суу участкасындагы «Кара-Суу» колуно «Алатай» мамлекеттик жаратыльш: паркын уюштуруу жонундо" токтому

- Полное наименование: Үч-Терек айылдык кеңешинин 2015-жылдын 29-январындагы № 111 "Кара-Суу участкасындагы «Кара-Суу» колуно «Алатай» мамлекеттик жаратыльш: паркын уюштуруу жонундо" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 111
- Дата принятия: 29.01.2015
- Статус: Действует
- Редакция от: 29.01.2015
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/415154>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-51025/edition/912261/ru>

> Текст приведён по редакции от 29.01.2015 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Үч-Терек айылдык кеңешинин 2015-жылдын 29-январындагы № 111 "Кара-Суу участкасындагы «Кара-Суу» колуно «Алатай» мамлекеттик жаратыльш: паркын уюштуруу жонундо" токтому (ред. от 29.01.2015) - https://aqlex.ai/kg/doc/415154

---

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Эл депутаттарынын Үч-Терек айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXIV-сессиясы

2015-жылдын 29-январы № 111 Кара-Суу участкасындагы «Кара-Суу» колуно «Алатай» мамлекеттик жаратыльш: паркын уюштуруу жонундо

Уч-Терек айылдык кеңешинин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында «Кapa-Суу» көлүнө «Алатай» жаратылыш паркын уюштуруу жөнүндөгү Кыргыз Республнкасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы «Кыргыз Республикасынын биологогиялык түрдүүлүгүн сактоонун 2024-жылга чейинки мезгилге карата артыкчылыктары жана Кыргыз Республнкасынын биологиялык түрдүулүгүн сактоонун артыкчылыктарын ишке ашыруу боюнча 2014-2020 -жылдардын иш аракеттери планы жонундогу» № 131 токтомуна ылайык, Кыргыз Республнкасынын окмотуно караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токтой чарбасы мамлекеттик агенттигниин № 01-28/82 2015-жылдын 21 –январында келген катын комитети карал талкуулашып Уч-Терек айылдык кеңешинин кезексиз XXIV- сессиясына сунуш кылынып, депутаттардын ойлору томөндөгүдөй айтылды: «Кара-Суу» колүнө мамлекеттик паркын уюштуруу кечиктирилгис маселе экени белгиленди, анткени азыркы учурда Кара-Суу көлүн ар кандай жеке тараптар жеке кызыкчылыгына мыйзамсыз пайдаланууну көздөп жатышканы баарыбызга белгилүү. Ошондуктан көлду жаратылыш паркына берүү менен мындап аркы көлдун суктанарлык кооздугу менен туристтерди тартып пайдалануу Уч-Терек айыл аймагынын элинин келечегине оӊ таасирин берет деген ишенимде ойлор айтылып Уч-Терек айылдык кеңешинин кезексиз XXIV -сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Уч-Терек айыл аймагына караштуу Кара-Суу участкасынын «Кара-Суу» көлүнө (Алатай» мамлекеттик жаратылыш паркын уюштурууга макулдук берилсин.

2. Кара-Суу участкасындагы «Кара-Суу» көлүнүн иш кагаздарын тактап жана мыйзамга ылайык туура берилишин камсыздоо, Уч-Терек айыл аймагынын өкмотүнүн башчысы Р. Сейдалиевге, жайыт комитетинин төрагасы Ж.Сатыбаевге, жер адиси К.Абазовго милдеттендирилсин.

3. Кара-Суу участкасынын Кара-Суу көлүн мыйзамсыз учурдагы пайдалапуучуларына катуу чара корүү айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын козомолго алуу жагы Уч-Терек айылдык кеңешининин төрагасынын орун басары М. Чолпонкуловго тапшырылсын.

5. Бул токтом wwvv.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндон тартып мыйзамдуу күчүно кирет

6. токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Төрага

Ө. Сулайманов
