# Көк-Мойнок айыл аймагынын Кеӊешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 6 "Жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Көк-Мойнок айыл аймагынын Кеӊешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 6 "Жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 6
- Дата принятия: 20.04.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 20.04.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/415146>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-51017/edition/911288/ru>

> Текст приведён по редакции от 20.04.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Көк-Мойнок айыл аймагынын Кеӊешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 6 "Жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому (ред. от 20.04.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/415146

---

КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 20-апрели № 6 Жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө

Көк-Мойнок айыл аймагынын Кеӊешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап, Көк- Мойнок айыл аймагынын айыл Кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы «2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү» № 2 сандуу жарлыгынын негизинде Көк-Мойнок айыл аймагын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу максатында «Kyrgyz Y & Q New Energy Power Construction company» жоопкерчилиги чектелген коомунун жел электр станциясын куруу долбоору жактырылсын.

2. Көк-Мойнок айыл аймагынын Көк-Мойнок-1 айылынын түндүк-чыгыш тарабынан, №881, № 834 контурунан жел электр станциясын куруу үчүн пайдаланууга сунушталган 1500 га жайыт жер аянтынын ичинен 23,62 га жайыт жер аянтын “Башка” жерлер категориясына которуу боюнча иш алып баруу жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Жел электр станциясын куруу иштерин жүргүзүү үчүн жер аянтынын максаттык багытын өзгөртүп берүү Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

Төрага

Джодаев А.Б
