# Каргалык айылдык кеңешинин 2018-жылдын 27-августундагы № 45 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2014-жылдагы №114 "Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо жөнүндөгү" токтомуна ылайык, Каргалык айыл аймагынын комиссия менен такталган жерлерин кароо" токтому

- Полное наименование: Каргалык айылдык кеңешинин 2018-жылдын 27-августундагы № 45 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2014-жылдагы №114 "Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо жөнүндөгү" токтомуна ылайык, Каргалык айыл аймагынын комиссия менен такталган жерлерин кароо" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 45
- Дата принятия: 27.08.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 27.08.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/415104>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-50975/edition/910956/ru>

> Текст приведён по редакции от 27.08.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Каргалык айылдык кеңешинин 2018-жылдын 27-августундагы № 45 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2014-жылдагы №114 "Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо жөнүндөгү" токтомуна ылайык, Каргалык айыл аймагынын комиссия менен такталган жерлерин кароо" токтому (ред. от 27.08.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/415104

---

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Каргалык айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы

2018-жылдын 27-августу № 45 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2014-жылдагы №114 "Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо жөнүндөгү" токтомуна ылайык, Каргалык айыл аймагынын комиссия менен такталган жерлерин кароо

Каргалык айыл аймагынын комиссия менен такталган жерлерин кароо боюнча Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Акматбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) ксзектеги XVII сессинсы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каргалык айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо ооюнча материалдары жана "Кыргыз мамжердолбоорлоо" мамлекеттик долбоорлоо институту тарабынан даярдалган калктуу конуштарынын чек араларын тактоо боюнча иш кагаздары чек араларды тактоодо жазылган сызык боюнча бекитилсин.

2. Каргалык айыл өкмөтүнүн 03.04.2018-жылдагы № 62 буйругу менен бекитилген жумушчу комиссиясынын айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо боюнча картографиялык материалдары бекитилсин.

3. Өзгөчө корголуучу, жерлерден, тактап айтканда "Саймалуу Таш" мамлекеттик жаратылыш паркынын №26, 35, 40. 45, 48. 53. 55 кварталдарынан буга чейин жол болуп келген жана картада белгиленип турган Каргалык айыл аймагынын алыскы жайыттарына баруучу мал айдап өтүүчү жол (сервитут) эске алынсын.

4. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М. Акматбековго милдеттендирилсин.

5. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайты нажарыялансын.

6. Бул токтомду көзөмөлдөө «Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы У. Молдобековго жүктөлсүн.

Төрага

Р. Жунусакунов
