Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2018 – жылдын 4 – декабрындагы № 19/74 “Кызыл-Кыя шаарындагы жалпы саламаттыкты сактоо багытында жана билим берүү тармагында иш алып барган мекемелердин ишмердүүлүгү жөнүндө” токтому
КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ (VI чакырылышы) кезектеги 19-сессиясы
2018 – жылдын 4 – декабры №19/74 “Кызыл-Кыя шаарындагы жалпы саламаттыкты сактоо багытында жана билим берүү тармагында иш алып барган мекемелердин ишмердүүлүгү жөнүндө” Кун тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин 2018–жылга кабыл алынган иш планына жана шаардык кеңештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын маселени карап, сессияга сунуштоо боюнча 2018–жылдын 12–ноябрындагы №14 протоколунун чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарындагы жалпы саламаттыкты сактоо багытында жана билим берүү тармагында иш алып барган мекемелердин ишмердүүлүгү жөнүндө шаардын вице-мэри А.Маткалыковдун маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя шаарындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилерине (Т.Исаев, Ж.Рахматулаев, А.Саматов, З.Абдрахманова жана А.Жеенбаев) милдеттендирилсин:
-жүргүзүп жаткан иштеринде орун алган кемчилдиктерди, алардын ичинде коррупцияны болтурбоо боюнча иштерди алып баруу жагы; -Улуттук “Ден соолук”, “Иммунопрофилактика” жана башка программалардын алкагында саламаттыкты сактоону реформалоону ишке ашыруу, калкты медициналык жактан тейлөөнүн сапатын, деңгээлин жогорулатуу жана медициналык тейлөөнүн калкка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу багытында максаттуу иштерди жүргүзүү жагы; -саламаттыкты сактоо мекемелеринде, алардын бөлүмдөрүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан акысыз берилүүчү дары-дармектердин, медикаменттердин жана медициналык материалдардын тизмелерин илип коюу жана аларды жума сайын жаңылап туруу жагы; -инфекциялык (кутурма, сибирь жарасы ж.б.у.с.) ооруулардын алдын алуу максатында, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү активдештирүү жагы.
3. Сессияда айтылган сын-сунуштарды четтетүү максатында шаардагы бала бакчалардагы, мектептердеги балдарга берилүүчү тамак-аштардын даярдалуусунун сапаттуулугун, ашканалардын абалына көзөмөл жүргүзүлүп, жыйынтыгын 1 айлык мөөнөттө шаардык кеңешке берүү жагы санэпидкөзөмөл борборунун жетекчиси З.Абдрахмановага жүктөлсүн.
4. Кызыл–Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчилигине (Д.Матосмонова) милдеттендирилсин:
-“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып, жаштарга билим берүүдө инновациялык ыкмаларды пайдаланып, билим берүүнүн, окуу-тарбиялык иштердин деңгээлин, сапатын жогорулатуу боюнча максаттуу иштерди алып баруу жана окуучулар арасында тартип бузууларга жол бербөө, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жетеэлек өспүрүмдөр инспекциясынын тескөөчүлөрү менен чогуу жүргүзүү жагы; -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-октябрындагы № 477 “Балдарды үйүндө жеке окутууну уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун аткарууга алып, шаарда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана ооруунун катуу формасы менен ооруган балдардын категориясына кирген 7 ден 18 жаш курагына чейинки балдарды үйүндө жеке окутууну уюштуруу жагы; -мектептерде, балдар бакчаларында ата-энелерден ыгы жок акча каражаттарын чогултууну болтурбоо жагы.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым
У. Дарипова
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 2
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 15 октября 2018 года № 477 "Об утверждении Положения об организации индивидуального обучения детей на дому"Постановление · 15.10.2018 · № 477 · Утратил силу
Связанные документы (2)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «Об образовании»Закон · 30.04.2003 · № 92 · Утратил силу
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · Утратил силу