# Будалык айылдык кенешинин 2018-жылдын 27-январындагы № 16\\3 “ Будалык айыл өкмөтүнүн “Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин”төрагасын бекитүү жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Будалык айылдык кенешинин 2018-жылдын 27-январындагы № 16\\3 “ Будалык айыл өкмөтүнүн “Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин”төрагасын бекитүү жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 16\\3
- Дата принятия: 27.01.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 27.01.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/414766>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-50666/edition/918872/ru>

> Текст приведён по редакции от 27.01.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Будалык айылдык кенешинин 2018-жылдын 27-январындагы № 16\\3 “ Будалык айыл өкмөтүнүн “Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин”төрагасын бекитүү жөнүндө” токтому (ред. от 27.01.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/414766

---

БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 6 ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ 16 ЗАСЕДАНИЕСИ

2018-жылдын 27-январы № 16\\3 “ Будалык айыл өкмөтүнүн “Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин”төрагасын бекитүү жөнүндө” Будалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Каримовдун билдирүүсүн угуп жана Элдиталкуулап, Будалык айылдык Кенеши Т О К Т О М К Ы Л А Т

1. Буга чейин “Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин” төрагасы Ыстамов Автандил турмуш шартына байланыштуу бул милдетти аткаруудан бошотулсун

2. Кайнама айылынын тургуну Исаков Мыктыбек Зикирович “Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин” төрагасы болуп бекитилсин жана жайыт бирикмесинин бухалтердик милдетин кошуп аткаруу дагы жүктөлсүн.

3. Бир жылдык жайыт төлөмдөрүнүн топтолгон суммасынын 40 пайызы “Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин” төраганын эмгек акысына төлөнүп берилсин.

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Будалык айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

Төрага

С.Рахматов

Будалык айыл өкмөтүндө элдик жыйындын П р о т о к о л у Кайнама айылы. № \_\_\_ 2 2018-ж.

Катышкан адамдардын саны 48. Чогулуштун башчысы: З.Каримов. Чогулуштун катчысы: Ж.Осмонова. Күн тартибинде каралуучу маселе:

Будалык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасын шайлоо жөнүндө.

Угулду: Чогулушту Будалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Каримов ачып төмөндөгүлөргө токтолду. Саламатсыздарбы, урматтуу жайыт пайдалануучулар жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчөлөрү баарыныздарга маалым бизде Будалык ЖПБнын төрагасы болуп А.Ыстамов иштеп келди эле ал өз арызы менен бошоп кетти. Ошого байланыштуу жаныдан Будалык ЖПБнын төрагасын шайлап бериниздер. Исмаилов К – Менин сунушум биздин жайыт комитетте турукту иштеген адам болбойт окшойт, айлык акысы аз деп эле иштебей жатышат. Мурда иштеген эле балдардан көрсөтөлү мен М.Исаковду иштеп берет деп сунуш кылам. Ибраев Ш - Жайыт акысын эл өз убагында төлөп турушубуз керек, иштеген адамга да колдоо көрсөтөлү. Мен деле М.Исакодун иштеп беришин колдойм. Тобокалов Б- Урматтуу жайыт пайдалануучулар силер билсенер бизге АРИС тарабынан көп колдоолор болуп келе жатат. Атап кетсек Трактор, трубалар мотолор берилип жатат. Жайыттын ишин дагы жандандырып иштетишибиз керек. Жайыт мыйзамдарына баш ийип колдойлу башка иштей тургандар жок болсо М.Исаков иштеп берсин анда.

Жогорудагы сунуштардын негизинде элдик жыйын

Т О К Т О М К Ы Л А Т :

1. Будалык ЖПБнын төрагасы болуп М.Исаков сунуш кылынсын.

2. Токтомду бекитип берүү жагы айылдык кенештен суралсын

Чогулуштун башчысы: З.Каримов. Чогулуштун катчысы: Ж.Осмонова.
