Таш-Булак айылдык кеңешинин “Доскана айылынын көчөсүнө Женалиев Мундуздун атын коюу жөнүндө” токтому
Вопрос по этому документу?Сверьте ответ чат-бота с документом
ИИ ответит по тексту законаИИ ответит по действующей редакции · бесплатно
40 ответов ИИ в месяц - бесплатно. Банковская карта не нужна.Первый ответ - сразу, бесплатно и без регистрации.
ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VI-ЧАКЫРЫК КЕЗЕКСИЗ ХVI - СЕССИЯСЫ
2018-жылдын 15-ноябры № 04 “Доскана айылынын көчөсүнө Женалиев Мундуздун атын коюу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып жана Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Доскана айылынын тургундарынын 2018-жылдын 22-августында өткөрүлгөн чогулушунун протоколунун чечимин карап чыгып жана талкуулап, Таш-Булак айылдык кеңешинин XVI- сессиясы Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып, Доскана айылынын көчөсүнө Женалиев Мундуздун аты ыйгарылсын.
2.Бул көчөдөгү үйлөрдүн нумерациялоо, вывескаларды даярдап илдирүү жана ошол көчөнү өздөштүрүү иштерин алып баруу Женалиевдердин үй- бүлөөлөрүнө жүктөтүлсүн.
3.Женалиев Мундуздун атын коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка жана тиешелүү мекеме уюмдарга маалымдоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Шермат уулу Алмаз
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.
40 ответов ИИ в месяц - бесплатно. Банковская карта не нужна.Первый ответ - сразу, бесплатно и без регистрации.
Связи документа
ссылается на 1 · на него ссылаются 0 · связанные 1
Документ ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 19 августа 2008 года № 467 "О Межведомственной комиссии по рассмотрению вопросов административно-территориального устройства и географических…Постановление · 19.08.2008 · № 467 · Утратил силу
Связанные документы (1)
По данным официального источника, без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О географических названиях в Кыргызской Республике»Закон · 25.09.1997 · № 67