Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Баткен шаардык кеӊешинин “Баткен шаарындагы Баткен областтык гимназия жатак мектебине “Ч.Айтматовдун” ысымын ыйгаруу жөнүндө” токтому
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2018-жылдын 9-октябры № 01-8/37 “Баткен шаарындагы Баткен областтык гимназия жатак мектебине “Ч.Айтматовдун” ысымын ыйгаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 20-апрелдеги “Ч.Т.Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндө” № 81-Жарлыгын Баткен шаарында аткаруу максатындагы өтүүчү иш чаралардын негизинде жана Баткен шаардык Кеңешинин социалдык өнүгүү, жаштар, спорт, туризм, медицина жана маданият маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 8-октябрдагы отурумунун, “Баткен шаарындагы Баткен областтык гимназия жатак мектебине Ч.Айтматовдун ысымын ыйгаруу жөнүндөгү мектеп жамаатынын өтүнүчүн колдоого алуу максатындагы” протоколунун негизинде Баткен шаардык Кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарындагы Баткен областтык гимназия жатак мектебине “Ч.Т.Айтматовдун “ ысымы ыйгарылсын.
2. Баткен шаарындагы Ч.Т.Айтматов атындагы Баткен областтык жатак мектеби болуп аталгандыгы жалпыга шаардык “Өрүк зар” коомдук саясый газетасы аркылуу жеткирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин социалдык өнүгүү, жаштар, спорт, туризм, медицина жана маданият маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Мергенов/ тапшырылсын.
Төрага
А.Ташбеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Указ Президента КР от 20 апреля 2017 года УП № 81 "О праздновании 90-летия со дня рождения Ч.Т.Айтматова"Указ · 20.04.2017 · № 81 · Утратил силу