# Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2018-жылдын 15- сентябрындагы № 20 “Monarch” (Монарх) ЖЧКсына жер казынасын иштетүүгө берилген жер аянтын транцформациялоого сунуштоо жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2018-жылдын 15- сентябрындагы № 20 “Monarch” (Монарх) ЖЧКсына жер казынасын иштетүүгө берилген жер аянтын транцформациялоого сунуштоо жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 20
- Дата принятия: 15.09.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 15.09.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/414508>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-50409/edition/935875/ru>

> Текст приведён по редакции от 15.09.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2018-жылдын 15- сентябрындагы № 20 “Monarch” (Монарх) ЖЧКсына жер казынасын иштетүүгө берилген жер аянтын транцформациялоого сунуштоо жөнүндө" токтому (ред. от 15.09.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/414508

---

ЖАЛПАК-ТАШ КЕӉЕШИ ТОКТОМ алтынчы чакырылыштагы кезексиз 14-сессиясы

2018-жылдын 15- сентябры № 20 “Monarch” (Монарх) ЖЧКсына жер казынасын иштетүүгө берилген жер аянтын транцформациялоого сунуштоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 сандуу токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу жобосунун 1.2-пунктун жетекчиликке алып, “Monarch” (Монарх) ишканасынын кайрылуусунун, Кыргыз Республикасынын өнөр жай,энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан берилген 5607ТЕ лицензиясынын негизинде Жалпак-Таш айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кыргыз Республикасынын өнөр жай,энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан кен казып иштетүү максатында берилген 5607 ТЕ лицензиясындагы 6,13 га жер аянтынын ичиндеги өзгөчө баалуу жерлер “Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин категориясына” которууга (трансформациялоого) сунушталсын.

2. 5607 ТЕ лицензиясындагы 6,13 га жер тилкесинин ичиндеги өзгөчө баалуу жерлерди “Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин категориясына” которуу (трансформациялоо) жагы тиешелүү мамлекеттик органдардан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы,өнөр жай,курулуш, транспорт, энергетика,жер казынасы боюнча” туруктуу комиссиияга жүктөлсүн.

Төрага

Ш. Арынов
