# Ананьев айылдык кеңешинин 2018-жылдын 27-сентябрындагы № 27/18-1 “Жеке менчик жер тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Ананьев айылдык кеңешинин 2018-жылдын 27-сентябрындагы № 27/18-1 “Жеке менчик жер тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 27/18-1
- Дата принятия: 27.09.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 27.09.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/414472>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-50374/edition/935133/ru>

> Текст приведён по редакции от 27.09.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ананьев айылдык кеңешинин 2018-жылдын 27-сентябрындагы № 27/18-1 “Жеке менчик жер тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө” токтому (ред. от 27.09.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/414472

---

АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ XXVII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы

2018-жылдын 27-сентябры № 27/18-1 “Жеке менчик жер тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 15.03.2001-жылдагы № 37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 5-беренесинни негизинде жана Ананьев айлынын тургуну Казакбаев Эсенбек Сагындыковичтин арызын карап, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ананьев айлындагы Ленин көчөсүнүн №76 дарегинде жайгашкан жеке менчик 1945м2 жер тилкеси ЕНИ 2-03-11-1001-0735 мечит куруу максатында муниципалдык менчикке өткөзүлсүн.

2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөттүн башчысы Кубат уулу Таалайбекке тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, байланыш, өндүрүш, ишмердикти өнүктүрүү, жер, агрардык реформа жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.

4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.

Төрага

Окенаев Т.М.
