# Үч-Терек айылдык кеңешинин 2018-жылдын 7-июнундагы № 67 “Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Саргата айылындагы «Кум-Бел» карьерин убактылуу ачуу жана пайдалануу үчүн макулдук берүү жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Үч-Терек айылдык кеңешинин 2018-жылдын 7-июнундагы № 67 “Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Саргата айылындагы «Кум-Бел» карьерин убактылуу ачуу жана пайдалануу үчүн макулдук берүү жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 67
- Дата принятия: 07.06.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 07.06.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/414382>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-50290/edition/913156/ru>

> Текст приведён по редакции от 07.06.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Үч-Терек айылдык кеңешинин 2018-жылдын 7-июнундагы № 67 “Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Саргата айылындагы «Кум-Бел» карьерин убактылуу ачуу жана пайдалануу үчүн макулдук берүү жөнүндө” токтому (ред. от 07.06.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/414382

---

УЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VII-чакырылышынын кезектеги XVII -сессиясы

2018-жылдын 7-июну № 67 “Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Саргата айылындагы «Кум-Бел» карьерин убактылуу ачуу жана пайдалануу үчүн макулдук берүү жөнүндө” 2018-жылдын жаз,жай айлары жаанчыл болгондугуна байланыштуу айыл өкмөтүнө караштуу ички чарбалык жолдорду жана жайыт жолдорун,көпүрөлөрдү мезгил-мезгили менен сел алып пайдаланууга жараксыз абалга алып келип жаткандыгын жана сел алган жолдорду,көчөлөрдү калыбына келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 14-декабрь 2012-жылдагы № 834 токтомунун 19-пунктуна ылайык,Саргата айылындагы«Кум-Бел» карьерин ачып,убактылуу пайдалануу,сел алган жолдорго,көпүрөлөргө кум-шагыл төгүп калыбына келтирүү максатында Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги ХVII- сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 14-декабрь 2012-жылдагы № 834 токтомунун 19-пунктуна ылайык, Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу ички чарбалык жолдорду, көпүрөлөрдү калыбына келтирүү,ремонттоо,кум-шагыл төгүү үчүн Саргата айылындагы «Кум-Бел» карьерин ачып,убактылуу пайдаланууга макулдук берилсин.

2.«Кум-Бел» карьеринен кум-шагыл алып,Үч-Терек,Кызыл-Ураан,Саргата,Такталык,Жетиген айылдарынын жолдорун ремонттон өткөрүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Оморовго тапшырылсын.

4.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Төрага

Ж.Сейдалиева
