Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Үч-Терек айылдык кеңешинин “Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Саргата айылындагы «Кум-Бел» карьерин убактылуу ачуу жана пайдалануу үчүн макулдук берүү жөнүндө” токтому
УЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VII-чакырылышынын кезектеги XVII -сессиясы
2018-жылдын 7-июну № 67 “Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Саргата айылындагы «Кум-Бел» карьерин убактылуу ачуу жана пайдалануу үчүн макулдук берүү жөнүндө” 2018-жылдын жаз,жай айлары жаанчыл болгондугуна байланыштуу айыл өкмөтүнө караштуу ички чарбалык жолдорду жана жайыт жолдорун,көпүрөлөрдү мезгил-мезгили менен сел алып пайдаланууга жараксыз абалга алып келип жаткандыгын жана сел алган жолдорду,көчөлөрдү калыбына келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 14-декабрь 2012-жылдагы № 834 токтомунун 19-пунктуна ылайык,Саргата айылындагы«Кум-Бел» карьерин ачып,убактылуу пайдалануу,сел алган жолдорго,көпүрөлөргө кум-шагыл төгүп калыбына келтирүү максатында Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги ХVII- сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 14-декабрь 2012-жылдагы № 834 токтомунун 19-пунктуна ылайык, Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу ички чарбалык жолдорду, көпүрөлөрдү калыбына келтирүү,ремонттоо,кум-шагыл төгүү үчүн Саргата айылындагы «Кум-Бел» карьерин ачып,убактылуу пайдаланууга макулдук берилсин.
2.«Кум-Бел» карьеринен кум-шагыл алып,Үч-Терек,Кызыл-Ураан,Саргата,Такталык,Жетиген айылдарынын жолдорун ремонттон өткөрүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Оморовго тапшырылсын.
4.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага
Ж.Сейдалиева
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Постановление Правительства КР от 14 декабря 2012 года № 834 "Об утверждении нормативных правовых актов в сфере недропользования"Постановление · 14.12.2012 · № 834 · Утратил силу