Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
УЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2018-жылдын 09-февралындагы № 01-25/55 катын аткарууга алуу жөнүндө» токтому
УЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VII-чакырылышынын кезектеги ХV-сессиясы
2018-жылдын 24-февралы № 62 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2018-жылдын 09-февралындагы № 01-25/55 катын аткарууга алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2018-жылдын 09-февралындагы № 01-25/55 катындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы №6 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү кигизүү тууралуу 2018-жылдын 05-февралындагы № 80 токтомун аткарууга алуу жөнүндөгү Райадминистрациянын 2018-жылдын 13-февралындагы №237 катын аткарууга алып айыл өкмөтүндө кызмат көрсөтүүчү акыларды бекер кылуу жөнүндө айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Д.Уркуналиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин VII- чакырылышынын кезектеги ХV- сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенти-гинин 2018-жылдын 09-февралындагы № 01-25/55 катынын негизинде базалык реестрге кирген 14 муниципалдык кызматты жана элге берилүүчү тактамалары 2018-жылдын 01-мартынан баштап акысыз берилсин.
2.Айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын Базалык реестри айыл өкмөттүн алдына илинсин.
3.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага
Ж.Сейдалиева
Эл депутаттарынын Үч-Терек айылдык кеӊешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХV–сессиясынын 2018-жылдын 24-февралындагы № 62 токтомуна 1 тиркеме
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестри
№-№
Муниципалдык кызматтардын аталышы
Муниципалдык кызматтарды стандартташтыруу-га жооптуу ыйгарым укуктуу орган
Кызматтарды көрсөтүүчү муниципал-дык мекеме-лер
Муниципалдык кызматты көрсөтүү-нүн шарттары (акы төлөнүүчү, акысыз)
1.
Багар көрөрү жок карыларга жана биринчи группадагы ДЧМАларга жылына кышкы сезонго жардам берүү
Айыл өкмөтү
Айыл өкмөтү
акысыз
2.
Айыл ичиндеги таштандыларды чыгаруу жана сугат суу, таза суу менен камсыз кылуу
Айыл өкмөт
Айыл өкмөт
акылуу
3.
Аз камсыз көп балалуу үй-бүлөдөгү балдарга жана жалаң беш менен окуган окуучуларга ата-энесинин арызынын негизинде кезектөө шарты жайкы эс алуу лагерлерине жолдомолор менен камсыздоо.
Айыл өкмөтү
Айыл өкмөт
Акысыз
4.
Спорт мелдештердин мектеп окуучу-лардын олимпиадаларына катышуучу-ларына транспорт чыгымдарын төлөп берүү же камсыз кылуу.
Айыл өкмөт
Айыл өкмөт
Акысыз
5.
Турмуш-шарты оор каза болгондорго жана турмуш-шарты өтө оор үй-бүлө-лөргө материалдык жардам берүү
Айыл өкмөт
Айыл өкмөт
Акысыз
6.
Тоголок жетим балдарга материалдык жардам көрсөтүү
Айыл өкмөт
Айыл өкмөт
Акысыз
7.
Үй-бүлөнүн курамы боюнча маалымат берүү
Айыл өкмөт
Айыл өкмөт
Акысыз
8.
Жашагандыгы жөнүндө маалымат берүү
Айыл өкмөт
Айыл өкмөт
Акысыз
9.
Малдары жөнүндө маалымат берүү
Айыл өкмөт
Айыл өкмөт
Акысыз
10.
Жакыр үй-бүлөө экендиги жана пособияга маалымдама берүү жөнүндө
Айыл өкмөт
Айыл өкмөт
Акысыз
11.
Салыктан жана ижара төлөмдөрдөн карызы жок экендиги жөнүндө маалымат берүү
Айыл өкмөт
Айыл өкмөт
Акысыз
12.
Турак-жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон жардамдардын эсебин алуу
Айыл өкмөт
Айыл өкмөт
Акысыз
13.
КРнын жарандарына муниципалдык менчикте турган турак-жайды жеке менчикке берүү.
Айыл өкмөт
Айыл өкмөт
Акысыз
14.
Жеке турак-жай курулушу үчүн жер участогун берүү.
Айыл өкмөт
Айыл өкмөт
Акысыз
15.
Жарандарды жеке турак-жай курулушу үчүн участогуна муктаж катары кезекке коюу.
Айыл өкмөт
Айыл өкмөт
Акысыз
16.
Юридикалык жана жеке жактарга муниципалдык менчикте турган жер участокторун ижарага же менчикке берүү.
Айыл өкмөт
Айыл өкмөт
Баасы аукцион же конкурс аркылуу аныкталат
17.
Юридикалык жана жеке жактарга муниципалдык менчикте турган турак-жайга кирбеген жайларды жана кыймылсыз мүлк обьектилерин менчиктештирүү жолу менен менчикке берүү.
Айыл өкмөт
Айыл өкмөт
Укук тастыктоочу документтер акысы мамкаттоо башкармалы-гынын баалары менен бааланат.
18.
Юридикалык жана жеке жактардын суроо- талабы боюнча муниципалдык менчикте турган турак-жайга кирбеген жайларды жана кыймылсыз мүлк обьектилерин пайдаланууга же ижарага берүү.
Айыл өкмөт
Айыл өкмөт
Баасы аукцион же конкурс аркылуу аныкталат
19.
Көрстөндөрдөн сөөк коюу үчүн орун берүү
Айыл өкмөт
Айыл өкмөт
Акысыз
20.
Кургак учук менен ооругандарга дарыланууга баруу үчүн жол акысын төлөп берүү
Айыл өкмөт
Айыл өкмөт
Акысыз
Жооптуу катчы:
Д.Уркуналиева
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Постановление Правительства КР от 14 января 2015 года № 6 "Об утверждении Базового реестра муниципальных услуг, предоставляемых органами местного самоуправления Кыргызской…Постановление · 14.01.2015 · № 6
- Постановление Правительства КР от 5 февраля 2018 года № 80 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики «Об утверждении Базового реестра…Постановление · 05.02.2018 · № 80