# Бел айылдык кеңешинин 2018-жылдын 03-мартындагы №10-4 "Бел айыл Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-январындагы №3 жана 1-мартындагы №5-токтомун бекитүү жөнундө" токтому

- Полное наименование: Бел айылдык кеңешинин 2018-жылдын 03-мартындагы №10-4 "Бел айыл Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-январындагы №3 жана 1-мартындагы №5-токтомун бекитүү жөнундө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 10-4
- Дата принятия: 03.03.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 03.03.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/413507>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-49416/edition/938148/ru>

> Текст приведён по редакции от 03.03.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Бел айылдык кеңешинин 2018-жылдын 03-мартындагы №10-4 "Бел айыл Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-январындагы №3 жана 1-мартындагы №5-токтомун бекитүү жөнундө" токтому (ред. от 03.03.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/413507

---

БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин ( алтынчы чакырылышынын) кезектеги онунчу сессиясы

2018-жылдын 03-марты №10-4 Бел айыл Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-январындагы №3 жана 1-мартындагы №5-токтомун бекитүү жөнундө Бел айыл аймагынын Бел айылынын Кашка мааласындагы Бел айылынын чыга беришиндеги аты жок көчөлөргө ат коюу жөнүндөгү Бел айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-январындагы №3-токтомун жана 1-мартындагы №5- токтомун угуп жана талкуулап,Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштары” жөнүндөгү 67-мыйзамынын 7-беренесинин”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу”жөнундөгү Мыйзамынын 18-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтунүн 2008-жылдын 19-августундагы №467-токтому менен бекитилген”КЫргыз Республикасынын географиялык объекттерди атоо,алардын аталыштарын өзгөртүү,аларды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндөгү” Жобонун 6- пунктуна ылайык Бел айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги 10-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бел айыл аймагынын Бел айылыдагы Кашка бөлүмүндөгү Абдувалиев Мурзакматтын үйүнөн Сранчов Сапардын өздөштүргөн багына чейинки аралыктагы көчөгө Орозбаев Жаанбайдын атын коюу жөнүндөгү Бел айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-январындагы №3-токтому,Бел айылынын чыга беришиндеги май куюуучу ишкананын күн чыгыш тарабындагы Азамбаев Нургазынын үйүнөн Каримов Муктардын үйүнө чейинки аралыктагы көчөгө Сулайманов Каарбайдын атын коюу жөнундөгү Бел айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-мартындагы №5-токтому бекитилсин.

2. Аты коюлган көчөлөргө тиешелүү болгон көрөнөктөрдү, үйлөрдүн номерлерин жаздырып илдирүү,көчөлөрдү иреттеп,тартипке келтирүү иштерине демөөрчүлук кылуу маркумдардын балдарына жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Ш. Ж. Сулайманов
