Теплоключенка айылдык кеңешинин «Ак-Суу райондук мамлекеттик турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик ишканасын Теплоключенка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу жана жаңы муниципалдык ишкана уюштурууга макулдук берүү жөнүндө» токтому
Вопрос по этому документу?Сверьте ответ чат-бота с документом
ИИ ответит по тексту законаИИ ответит по действующей редакции · бесплатно
40 ответов ИИ в месяц - бесплатно. Банковская карта не нужна.Первый ответ - сразу, бесплатно и без регистрации.
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ XXVII-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2018-жылдын 20-июлу №49 Ак-Суу райондук мамлекеттик турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик ишканасын Теплоключенка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу жана жаңы муниципалдык ишкана уюштурууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-апрелиндеги №179 “Ак-Суу райондук мамлекеттик турак-жай коммуналдык чарба” мамлекеттик ишканасын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун негизинде Ак-Суу ТЖКЧны муниципалдык менчикке кабыл-алуу актысын карап, талкууга алып, айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ак-Суу райондук мамлекеттик турак-жай коммуналдык чарба” (Ак-Суу ТЖКЧ) мамлекеттик ишканасы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынып, жаңы муниципалдык ишкана уюштурууга макулдук берилсин.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылсын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталып, юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Р.К.Садыровага милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага
Э. А. Темиров
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.
40 ответов ИИ в месяц - бесплатно. Банковская карта не нужна.Первый ответ - сразу, бесплатно и без регистрации.