Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин «Майлуу-Суу шаардык кеңештин 2015-жылдын 17-апрелиндеги №12-7-4 токтомунун жобосунун 8.1 пунктуна өзгөртүү киргизүү жѳнүндѳ» токтому
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 30-октябры № 6-8-5 Майлуу-Суу шаардык кеңештин 2015-жылдын 17-апрелиндеги №12-7-4 токтомунун жобосунун 8.1 пунктуна өзгөртүү киргизүү жѳнүндѳ Майлуу-Суу шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы А.И.Айтиевтин докладын угуп, жана талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы А.И.Айтиевтин доклады эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаардык кеңештин 2015-жылдын 17-апрелиндеги №12-7-4 токтомунун жобосунун 8.1 пунктундагы К1-функционалдык багытынын коэффициентин дифференциялоо жолу менен жургүзүүгө уруксат берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысына (А.И.Айтиев) жүктѳлсүн.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардын мэрине (Н.А.Маматов) жана шаардык Кеңештин бюджет,каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына (К.Ю.Токтоназаров) жүктөлсүн.
Төрага
Б.К.Барбиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.