# Момбеков айылдык кеңешинин 2018-жылдын 26-январырындагы № 3 "Момбеков айыл Өкмөтүнүн 2018-жылдын жергиликтүү бюджетти жана 2019-2020-жылдарга бюджетинин долбоорун бекитуу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Момбеков айылдык кеңешинин 2018-жылдын 26-январырындагы № 3 "Момбеков айыл Өкмөтүнүн 2018-жылдын жергиликтүү бюджетти жана 2019-2020-жылдарга бюджетинин долбоорун бекитуу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 3
- Дата принятия: 26.01.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 26.01.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/412491>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-48403/edition/905656/ru>

> Текст приведён по редакции от 26.01.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Момбеков айылдык кеңешинин 2018-жылдын 26-январырындагы № 3 "Момбеков айыл Өкмөтүнүн 2018-жылдын жергиликтүү бюджетти жана 2019-2020-жылдарга бюджетинин долбоорун бекитуу жөнүндө" токтому (ред. от 26.01.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/412491

---

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ XXVII-чакырылышынын 15-сессиясы

2018-жылдын 26-январыры № 3 "Момбеков айыл Өкмөтүнүн 2018-жылдын жергиликтүү бюджетти жана 2019-2020-жылдарга бюджетинин долбоорун бекитуу жөнүндө" Момбеков айыл Өкмөтүнүн Финансы Экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ч. Төлөнованын айыл Өкмөтүнүн жергиликтуу бюджетинин 2018-жылга бюджета жана 2019-2020-жылдарга бюджетинин долбоору боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, айылдык Кеңешинин XXVII-чакырылышынын 15-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Момбеков айыл Өкмөтүнүн Финансы Экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ч. Төлөнованын айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылга бюджета жана 2019-2020-жылдарга бюджетинин долбоору боюнча маалыматы эске алынсын.

2. Момбеков айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылга 21356800сом, 2019-жылга долбоору 21560900 сом жана 2020-жылга 21458400 сомго №1 тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).

3. Момбеков айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгашалары 2018-жылга 21356800 сом, 2018-жылга долбоору 21560900 сом жана 2020-жылга 21458400 сомго №2 тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).

4. Момбеков айыл Өкмөтүнүн жергиликтуу бюджетинин 2018-жылдын 1-январына карата калган калдыгы №3-тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).

5. Момбеков айыл Өкмөтүнүн жергиликтуу бюджетинин 2018-жылдын 1-январына карата кассалык накталай акча каражат жүгүртүүсү 200000 сом өлчөмүндө белгиленсин.

6. Жергиликтүү бюджеттин чыгашалары биринчи кезекте корголуучу статья чыгымдарына (эмгек акы,соц.фондко чегерүүдамак аш чыгымы) жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө каралсын.

7. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы №78 мыйзамынын 23-беренесине ылайык 2018-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин 1% эсебиндеги 190000 сомдук Момбеков айыл Өкмөтүнүн башчысынын резерв фондусу түзүлсүн.

9. Жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин түшүүсүнө карата жана Финансы Министрлиги тарабынан берилген өзгөртүүлөрдүн негизинде жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү бюджеттин натыйжалуулугун көтөрүү жагы финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Ч. Төлөновага жүктөлсүн.

10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Момбеков айылдык Кенешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Т.Стамбаев
