Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Таш-Булак айылдык кеңешинин «Таш-Булак айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин божомол долбоорун бекитүү жөнүндө» токтому
Таш-Булак айылдык КЕӉЕШИ ТОКТОМ VI-ЧАКЫРЫКТАГЫ IX- СЕССИЯСЫ
2017-жылдын 01-декабры № 01 Таш-Булак айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин божомол долбоорун бекитүү жөнүндө Таш-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылга киреше жана чыгаша булактарын божомолун бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финанс-экономика бөлүмүнүн башчысы Р.Аманкулованын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Таш-Булак айылдык кеңеши Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. 2018-жылга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер трансферттер жана жайыттар менен кошулуп 13605,8 мин сом өлчөмүндө (анын ичинен тендоо грантынын көлөмү 4495,5 мин сом, жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин көлөмү 9110,3 мин сом), №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн бюджеттик чыгымдары бөлүмдөр жана беренелер аралык бөлүнүшү 13605,8 мин сом өлчөмүндө №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Тендоо гранттын көлөмү 2018-жылга 4495,5 мин сом өлчөмүүндө №3 тиркемеге ылайык бекитилсин жана аны пайдалануу биринчи кезекте коргоого алынган статьяларды (эмгек акы, социалдык фондко чегерүүгө, коммуналдык кызмат) каржылоо №4 тиркемеге ылайык багытталсын.
4.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015- жылдын 2-мартындагы №87 токтомунун негизинде бөлүнгөн 599,7квт электр энергиясынын лимити мекеме-уюмдарга бөлүнүшү №5 тиркемеге ылайык бекитилсин жана жеткирилген лимиттерди сактоо мекеме-уюмдардын жетекчилерине жана мектеп имаратында жайгашкан жеке ишканалардын электрлинияларына эсептегичтердин орнотулуусун көзөмөлдөө мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.
5 .Метептерди 2018-2019-окуу жылында кышка отун жана көмүр менен каамсыз кылууго 82,0сом боюнча №6 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Айыл өкмөтүнүн башчысынын транспорттук кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №767 токтомун негизинде №7 тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. 2018-жылга башкаруу бөлүмүндагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу беренесинин эсеби 1399,5 мин сомго №8 тиркемеге имараттар жана курулмалар 1236,2 мин сом, машина жана жабдуулар беренесинин чыгымдары 189,1 мин сомго №9 тиркемеге ылайык бекитилсин.
8. Турак жай жана коммуналдык кызматтар бөлүмүнүн имараттар жана курулмалар беренесин чыгымдары 1489,2, мин сом №10 тиркемеге ылайык бекитилсин.
9. Билим берүү бөлүмүнүн имараттарын кутуунун санитардык кызматы чыгымдарына 24,0 мин сом, имараттарды жана жайларды учурда оңдоого кеткен чыгымдар беренесине 115,0 мин сом өлчөмүндө №11 тиркемеге ылайык бекитилсин.
10. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фондунун өлчөмү 140,0 мин сомго бекитилсин.
11. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 110-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети боюнча жүгүртүүдөгү кассалык накталай акча 2018- жылдын 1-январына карата 355,6 мин сомго белгиленсин.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы №403 токтомунун негизинде Таш-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлери 30 штат бирдиги кармалып, эмгек акылары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 01.03.2017-жылдагы №131 жана 07.08.2017- жылдагы №466 токтомдун негизинде 4802,0мин сом №12 тиркемеге ылайык бекитилсин жана анын 1214,5 мин сому республикалык бюджеттен каржылаануусу белгиленсин.
13. Турак-жай жана коммуналдык кызматтар бөлүмүнүн кызматкерлери үчүн 3 штат бирдиги 180,0мин сом эмгек акы фондусу менен №13 тиркемеге ылайык бекитилсин.
14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 2011-жылдын 19-январындагы №16 токтомуна ылайык маданият кызматкерлеринин эмгек акы фонду 168,3 мин сомго №14 тиркемеге ылайык бекитилсин.
15.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-июнундагы №307 “Жайыттар жөнүндө” токтомуна ылайык айыл өкмөтүндө 704 (айыл чарбасы) бөлумүнүн кирешелери 500,6мин сомго (анын ичинен 108,9мин сому жер салыгы, 388,0сом жайыт жерлеринин ижара акысы) бекитилсин.
16.Жайыт Комитетинин чыгашалары 333,3 мин сом өлчөмүндө №15 тиркемеге ылайык бекитилсин.Чыгымдарды келишимдин негизинде каржылоо айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.Жайыт жерлерин пайдалануу боюнча ижарачылар менен келишим түзүү жайыт комитетине жүктөлсүн жана жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн социалдык фондго болгон төгүмдөр ижарачылар эсебинен төлөнүүсү белгиленсин.
17.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 токтомуна ылайык 2017-жылдын жыйынтыгы менен баалоонун негизинде: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы №75 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 7-пунктуна ылайык сый акы төлөөгө эмгек акы фондуна 355,7 мин сом акча каражаты каралсын.
18. Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы №75 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 10-пунктуна ылайык айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин материалдык жактан колдоо максатында социалдык тиричилик масалесин чечүү үчүн кесиптик майрамдарга карата (финансы, муниципалдык кызматкерлердин, салык кызматчыларынын күнүнө) жана кышка даярдык көмүр, отун менен камсыз кылууга 355,7 мин сом акча каражаты эмгек акы фондуна каралсын.
19. Сапар чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмотүнүн 26.08.2008-жылдагы №471 жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 11.05.201-жылдагы №241 токтомдорунун негизинде каржылансын.
20. Бюджеттин мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджеттик комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
21. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага
Шермат уулу Алмаз
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 7 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (7)
- Закон «О государственной гражданской службе и муниципальной службе»Закон · 30.05.2016 · № 75 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 1 марта 2017 года № 131 "Об оценке деятельности и условиях оплаты труда государственных гражданских служащих и муниципальных служащих Кыргызской…Постановление · 01.03.2017 · № 131 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 30 декабря 2011 года №767 "О мерах по экономии средств государственного бюджета за счет сокращения служебного и дежурного автотранспорта…Постановление · 30.12.2011 · № 767 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 19 января 2011 года №16 "О введении новой системы оплаты труда работников учреждений культуры, искусства и информации"Постановление · 19.01.2011 · № 16 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 2 марта 2015 года № 87 "Об утверждении лимита потребления электрической, тепловой энергии, природного газа, воды и отвода стоков для бюджетных…Постановление · 02.03.2015 · № 87 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 8 июля 2013 года № 403 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении типовой структуры и штатной…Постановление · 08.07.2013 · № 403 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 7 июня 2016 года № 307 "О внесении дополнения в постановление Правительства Кыргызской Республики "О мерах по реализации Закона Кыргызской…Постановление · 07.06.2016 · № 307 · Утратил силу