# Самаркандек айылдык кеңешинин 2018-жылдын 30-июлундагы № 100 "Самаркандек айыл өкмөтүнүн карамагындагы жайыт жерлерди пайдалануу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Самаркандек айылдык кеңешинин 2018-жылдын 30-июлундагы № 100 "Самаркандек айыл өкмөтүнүн карамагындагы жайыт жерлерди пайдалануу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 100
- Дата принятия: 30.07.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 30.07.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/412217>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-48132/edition/901884/ru>

> Текст приведён по редакции от 30.07.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Самаркандек айылдык кеңешинин 2018-жылдын 30-июлундагы № 100 "Самаркандек айыл өкмөтүнүн карамагындагы жайыт жерлерди пайдалануу жөнүндө" токтому (ред. от 30.07.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/412217

---

САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ IV чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы 2018-жылдын 30-июлу № 100 Самаркандек айыл өкмөтүнүн карамагындагы жайыт жерлерди пайдалануу жөнүндө Самаркандек айыл өкмөтүнүн карамагындагы жайыт жерлерди максаттуу пайдалануу максатында Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Самаркандек айылдык кеңешинин 2018-жылдын 18-апрелиндеги №85-токтомунун негизинде Самаркандек айыл өкмөтүнүн карамагындагы 300 (үч жүз) га жайыт жерлерин жерлердин калктуу конуштар категориясына жана 100 (жүз) га жайыт жерин жерлердин баалуулугу кыйла баалуу түрлөрүнө которууга макулдук берилгендиктен аталган жерлерге трансформациялоо жумуштарын бүтүргөнгө чейин башка жерлерди которуу жагы токтотулсун.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Самаркандек айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

Төрага

А.Пирматов
