Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
А. Мирмахмудов айылдык кеңешинин «Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын бекитүү жөнүндө» токтому
А. МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А. Мирмахмудов айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2018-жылдын 19-апрели № 15-2 Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын бекитүү жөнүндө Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын, Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндө Жобону, Кызмат көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобону, Катуу тиричилик калдыктарын (КТК) жыйноо жана чогултуу боюнча кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөө тартиби жөнүндө Жобону угуп, талкуулап, ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясы бекитилсин.
2. Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндө Жобо бекитилсин.
3. Кызмат көрсөтүүгө конкурс өткөзүүнүн тартиби жөнүндө Жобо бекитилсин.
4. Катуу тиричилик калдыктарын жыйноо жана чогултуу боюнча кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөө тартиби жөнүндө Жобо бекитилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө А. Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Гафаровго милдеттендирилсин.
Төрага
И. Исмаилов
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин
2018-жылдын «19» апрелиндегы №15-2 токтому менен бекитилди
КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮ УЮШТУРУУ СТРАТЕГИЯСЫ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ОШ ОБЛУСУ НООКАТ РАЙОНУ АБДУЛХАЙ МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫ
1. Киришүү
Стратегия муниципалитеттин Туруктуу өнүгүүсүнүн Стратегиясынын (ТӨС) ишке ашыруу механизмдеринин бири болуп эсептелет. Ал жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу маселелерине тиешелүү болот. Жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуу маселелери калктан түшкөн структурага салынган суроо-талаптар жана каалоо-тилектери түрүндө ТӨС да чагылдырылат. Алар белгилүү бир ресурстар менен бекемделип, алдыга коюлган маселелерди чечүү боюнча иш-аракеттерге көрсөтмөлөр берилет. Эрежеге ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштуруу үчүн жоопкерчилик алган кызмат көрсөтүү Өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун соңку жыйынтыгы болуп эсептелет. Ушул Стратегия кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн уюштуруу үчүн ЖӨБ органдарынын башкаруучулук чечимдерди кабыл алуусуна негизделет жана инфраструктуралык, өндүрүштүк-чарбалык мүнөздөгү иш-аракеттерди караштырбайт. Стратегия төмөнкүдөй жыйынтыктарга жетүүгө жардам берет:
1. Жарандар алардын суроо-талаптарына жана күтүүлөрүнө негизделген сапаттуу, туруктуу кызмат көрсөтүүгө жетет.
2. ЖӨБ органдары кызмат көрсөтүүлөрдү эң эффективдүү ыкма менен жеткирүү процессин уюштура алышат – азыраак чыгым менен максималдуу жыйынтыкка жетет.
3. Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөр ЖӨБ органдары менен өз ара пайдалуу келишимдерди түзүп, кызмат көрсөтүүнү аткаруу үчүн түшүнүктүү эрежелерди алышат, туруктуулук үчүн негиз пайда болот.
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу этаптарын ырааттуу аткаруу Кенеш айылдык аймагында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
2. Стратегиянын максаттары жана милдеттери.
Кызмат көрсөтүүнү уюштуруу стратегиясынын максаты – А.Мирмахмудов айыл аймагында жогорку сапаттагы жана азыраак чыгымдар менен кызмат көрсөтүүнүн натыйжалуу системасын камсыздоо. Коюлган максатка жетүү үчүн төмөндөгү милдеттер аткарылды:
1) Кызмат көрсөтүүнү уюштуруу стратегиясын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча туруктуу иштеген жумушчу топ түзүлдү.
2) Кызмат көрсөтүүнүн приоритеттүү түрлөрү А.Мирмахмудов айылдык аймагынын 2013-2017 жылдарга Туруктуу өнүгүүсүнүн стратегиясына ылайык аныкталды, аларды уюштуруусу жана жакшыртуусу ушул Стратегия аныктады.
3) Учурдагы абалга талдоо жүргүзүүлдү.
4) Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун натыйжалуу методдорунун жолдору аныкталды.
5) Стратегияны ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүү системасы иштелип чыкты.
3. Жумушчу комиссиянын курамы.
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча жумушчу топ А.Мирмахмудов АӨ башчысынын 2017-жылдын 24-ноябрында № 107 - буйругунун негизинде түзүлдү. Жумушчу комисссиянын курамы:
№
Ф А А
Жасаган иши/Ээлеген кызмат оорду
Байланыштар
1
Ажибеков Дастанбек
АӨ башчысынын орун басары, Жумушчу комиссиянын жетекчиси
0551-58-13-03
2
Дадабаев Халимжан
АӨ өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси, Жумушчу комиссиянын жетекчисинин орун басары
0557-07-71-87
3
Досмаматов Абдулазиз
Барын айылынын башчысы
0553-68-15-15
4
Мирзакаримов Анварали
Киров айылынын башчысы
0555-48-12-47
5
Тораев Абдурахим
Чапаев айылынын башчысы
0559-28-44-32
6
Эсенкулов Аптукалык
Арал айылынын башчысы
0559-15-16-05
7
Сулайманова Арофатхан
АК депутаты
0555-65-68-42
8
Улмасова Миясар
АК депутаты
0556-03-40-40
9
Темирбаева Гульнара
АӨ социалдык кызматкери
0552-82-83-53
10
Усупжанов Мусажан
АӨ бухгалтери
0555-03-34-30
11
Ахметжанов Турсунбай
ИСКАКБ “Оби-Хает” жетекчиси
0559-59-43-61
12
Муминова Рано
Аялдар кеңешинин төрайымы
0555-83-78-00
13
Айтиев Мухаммед
АӨ ВУС кызматкери
0558-11-16-93
Стратегияга кошуу үчүн артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдү тандап алуунун методологиясы Башында эле Стратегияга кошуу үчүн артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдү тандап алуунун Критерийлери аныкталган: Кызмат көрсөтүү ЖӨБ органдарынын компетенциясында болууга тийиш СЭӨП – артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүнү тандап алуунун негизи Андан кийин фокус топтун катышуучуларын А.Мирмахмудов айылдык аймагынын 2013-2017 жылдарга Стратегиялык өнүгүү планына (СӨП) кирген иш-чаралар менен тааныштырышты. Ошондой эле USAIDдин «Ийгиликтүү аймак» Долбоорунун ишинин алкагында өткөрүлгөн 2017-жылдын 24-ноябрында ЖӨБОнун кызмат көрсөтүүлөрдүн артыкчылыктуусун тандап алуу боюнча жолугушуусунун жыйынтыктары тартууланды. Фокус топтун катышуучуларына кызмат көрсөтүүлөрдүн артыкчылыктуусун тандап алуунун жыйынтыктары Долбоордун консультанттары сунуштаган критерийлерге канчалык шайкеш келгенин баалоо сунушталды. Андан кийин фокус топтун катышуучулары Стратегияга кошуу үчүн потенциалдуу кызмат көрсөтүүлөрдү тандашты. Тандалган кызмат көрсөтүүлөр буга чейин 2013-2017 жылдарга бекитилген СӨПнын иш-чаралар тизмегине киришкен. Артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги Стратегияга кошуу үчүн тандалып алынган кызмат көрсөтүүлөрдүн соңку тизмеги төмөнкүдөй болду (алган добуштардын саны көрсөтүлүп, артыкчылыктуулугуна жараша бөлүштүрүлдү):
№
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
Стратегияга киргизүү үчүн негиздеме (Көйгөйдүн баяндалышы)
1
Таштанды чыгаруу кызматын уюштуруу
Негизги көйгөй: Айлана-чөйрөгө таштандылар толуп кетүүдө Себептери: Айыл аймак боюнча таштанды чыгарып, ташый турган ишкана жок Таштанды чогултуучу контейнерлер жок Таштанды жеткире турган полигон жок Кесепеттери: Экологиялык чөйрө бузулууда Жугуштуу оорулардын таралуусуна шарттар түзүлүүдө Санитардык-эпидемиологиялык абалдын начарлоодо
2
Ичүүчү суу менен камсыз кылуу кызматын жакшыртуу
Негизги көйгөй: Сахобат жана Ак-Шыбак участкасындагы (Барын айылы) 230дан ашык кожолуктун ичүүчү сууга мүмкүнчүлүгү жок, азыркы учурда өздөрү казган кудуктардан суу ичишет. Кудуктардагы суулар техникалык суу болгондуктан, ичүүгө мүмкүн эмес. Үч-Жыгач участкасында (Барын айылы) 160 кожолуктун таза сууну пайдаланууга мүмкүнчүлүгү жок. Кара-Кокту айылында (150 кожолук) толугу менен таза сууну пайдаланууга мүмкүнчүлүк жок, кудук казып алышып, текшерүүдөн өтпөгөн сууну пайдаланышат. Чапаев айылынын Беш-Тал жана Үч-Кемпир участкаларында жашаган 203 кожолукка таза суу жетишпейт. Себептери: Жаңы түтүктөрдү курууга ИСКАКБ нын каражатынын жетишсиздиги; ИСКАКБнын ишмердүүлүгү толук кандуу жөнгө салынбагандыгы (скважиналар ИСКАКБга өткөрүп берилген/пайдаланууга берилген эмес) ИСКАКБ толук функциясы менен иш алып барбайт. Тарифтин иштелип чыкпагандыгы Таза сууну пайдалануучулар үчүн төлөм бекитилген эмес, келип чыккан чыгашаларга карап төлөмдөр өзгөрүлүп турат. Кесепеттери: Суу жетпеген участкаларда жашоочулар талапка жооп бербеген сууларды пайдаланышууда. Аймактын тургундарынын ден-соолугуна зыян жана коркунуч туулуп жатат. Айыл тургундарынын жашоо тиричилигинин оорлошу; Санитардык-эпидемиологиялык абалынын деңгээли төмөн. Жугуштуу оорулардын пайда болуу коркунучу бар; Кызмат көрсөтүү мыйзамга ылайык алынып барылбай жаткандыктан, мыйзам алдындагы жоопкерчилик көбөйүп бара жатышы. Арал айылындагы жашоочулардын көпчүлүгү талапка жооп бербеген сууну пайдалангандыктан, өттөрүн алдырышкан
3
Калкты социалдык жактан колдоо кызматын жакшыртуу
Негизги көйгөй: Жөлөк пул алуучу категориясындагы жарандардын саны так аныкталбай жатат. Социалдык коргоонун даректүүлүгү жок
Себептери: Жөлөк пул алуучулардын саны так изилденген эмес Мыйзамдардын чийкилиги (критерийлер так аныкталган эмес) Жөлөк пул алуу үчүн жашоочулар туура эмес маалыматтарды берүүдө Кесепеттери: Жөлөк пулдар акыйкаттуу бөлүштүрүлбөй жатат.
№1 Кызмат көрсөтүүнүн аталышы: Таштанды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнү уюштуруу
1.1 Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары (Таштанды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнү уюштуруу)
1.2 Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планы (Таштанды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнү уюштуруу)
1.1 Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары (Таштанды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнү уюштуруу)
№
Стандартты иштеп чыгуу үчүн критерий
Кызмат көрсөтүүнүн стандарты
Жеткиликтүүлүк
Ар бир кожолуктан таштандыларды чыгарууга шарт түзүлөт. Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтын элге жеткиликтүүлүгү.
Ыңгайлуулук
Таштанды ар бир үйдүн алдынан алынып чыгылат. КТКны жумушчулар машинага жүктөшөт. Жашоочулар кайсы күнү таштанды алып чыгуучу унаа келээрин билишет.
Кызмат көрсөтүүнүн сапаты
КТК жыйноо жери таза бойдон калат. КТК жыйноо үчүн иштеген атайын техника жана квалификациялуу жумушчулар тартылат. Белгиленген графиктен өзгөрүүсүз таштанды чыгарылып турат.
Ишке ашырылган убактысы
Кызмат көрсөтүү түзүлгөн графикке ылайык ишке ашырылат. Таштанды чыгаруу кызматы аптасына бир жолу көргөзүлөт.
1.2 Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планы (Таштанды чыгаруу кызматын жакшыртуу)
№
Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер
Күтүлгөн жыйынтык/ продукт
Ресурстар
Өткөрүү мөөнөтү
Жооптуу
Максаты: Мирмахмудов айылдык аймагында КТК чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнү уюштуруу (Жеке секторго берилет)
Күтүлгөн жыйынтык (индикатор) Мирмахмудов айылдык аймагында КТК чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнү уюштурулду, ишкана ачылды, кызмат көрсөтүү жөнгө салынды
№1 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөө
Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Кызмат көрсөтүүнүн баасы эсептелинди
1.1.
КТК чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнүн тарифин рентабелдүүлүгүн эсепке алуу менен иштеп чыгуу
КТК чыгаруу үчүн тарифтин көлөмүнүн долбоору иштелип чыкты
Жумушчу комиссия Айыл өкмөтүнүн аппараты USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору.
Май, 2018-жыл
Жумушчу комиссиянын төрагасы ФЭБ жетекчиси Айыл өкмөттүн соцкызматкери
№2 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнүн баасын макулдашуу жана ресурс менен толтуруу
Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Баасы (тарифтер) жергиликтүү жамаат менен макулдашылды; Кызмат көрсөтүүлөр үчүн каржылоо булактары аныкталды.
2.1.
Коомдук угууларда же айылдык чогулуштарда тарифти жергиликтүү жамаат менен талкуулоо, макулдашуу жана кызмат көрсөтүүнүн басын ресурс менен толуктоо
КТК жыйноо үчүн тарифтин көлөмүн жактыруу тууралуу коомдук угуулардын протоколу
Жумушчу комиссия Айыл өкмөтүнүн аппараты USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору.
Май, 2018-жыл
Жумушчу комиссиянын төрагасы ФЭБ жетекчиси Айыл өкмөттүн соцкызматкери Айылдардын башчылары АК депутаттары
2.2.
Жергиликтүү кеңештин КТК чыгаруу үчүн тарифти бекитүүсү
КТК чыгаруу үчүн тарифти бекитүү тууралуу жергиликтүү кеңештин токтому
Жумушчу комиссия Айыл өкмөтүнүн аппараты Жергиликтүү кеңештин профилдик комитети Жергиликтүү кеңеш USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору.
Июль, 2018-жыл
Жумушчу комиссиянын төрагасы Айыл өкмөттүн ФЭБ жетекчиси Жергиликтүү кеңештин профилдик комитетинин төрагасы Жергиликтүү кеңештин төрагасы
№3 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчүнү тандап алуу
Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү (провайдер) тандалып алынды
3.1.
Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчүнү тандап алуу боюнча ачык конкурсту өткөрүү тартибин иштеп чыгуу жана бекитүү
Конкурсту өткөрүү тартиби боюнча Жобону бекитүү тууралуу жергиликтүү кеңештин токтому Конкурсту өткөрүү тартиби боюнча Жобо
Жумушчу комиссия Жергиликтүү кеңеш Айыл өкмөтүнүн аппараты USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору.
Июль, 2018-жыл
Жумушчу комиссиянын төрагасы Жергиликтүү кеңештин төрагасы Айыл өкмөт аппаратынын профилдик адиси
3.2.
Конкурстук комиссияны түзүү
Конкурстук комиссияны түзүү жөнүндө айыл өкмөт башчынын буйругу
Жумушчу комиссия Айыл өкмөтүнүн аппараты
Июль, 2018-жыл
Жумушчу комиссиянын төрагасы Айыл өкмөт башчысы Жооптуу катчы
3.3.
Жеткирип берүүчүнү тандап алуу боюнча конкурсту өткөрүү
Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчүнү тандап алуу боюнча конкурстук комиссиянын протоколу
Конкурстук комиссия Айыл өкмөтүнүн аппараты
Август, 2018-жыл
Конкурстук комиссиянын төрагасы Айыл өкмөт аппаратынын профилдик адиси
3.4.
Айыл өкмөтү менен кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү ортосунда тейлөө келишимин иштеп чыгуу, аны түзүү
Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчү тууралуу тейлөө келишими
Айыл өкмөтүнүн аппараты Жумушчу комиссия Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү
Август, 2018-жыл
Айыл өкмөт башчысы Жумушчу комиссиянын төрагасы Жооптуу катчы Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү
3.5.
Муниципалдык мүлктү колдонуу келишимин даярдоо, түзүү (ижарага берүү, чарба жүргүзүү)
Муниципалдык мүлктү колдонууга келишим (ижара, чарба жүргүзүү)
Айыл өкмөтүнүн аппараты Жумушчу комиссия Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү
Август, 2018-жыл
Айыл өкмөт башчысы Жумушчу комиссиянын төрагасы Жооптуу катчы Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү
3.6.
Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчү менен абоненттер ортосунда келишимди иштеп чыгуу, абоненттик келишимди түзүү
Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүү тууралуу абоненттик келишим
Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү Айыл өкмөтүнүн аппараты Абоненттер
Сентябрь, 2018-жыл
Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчү Абоненттер
№4 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнүн сапатына коомдук мониторинг
Күтүлгөн жыйынтык (индикатор): Жергиликтүү жамаат кызмат көрсөтүү боюнча мониторинг жана баалоо тууралуу маалыматка ээ болду
4.1.
Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу (БМжБТ) тууралуу Жобону иштеп чыгуу жана бекитүү
Жергиликтүү кеңештин токтому
Жумушчу комиссия Жергиликтүү кеңеш Айыл өкмөтүнүн аппараты USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору.
Октябрь, 2018-жыл
Жумушчу комиссиянын төрагасы Жергиликтүү кеңештин төрагасы Айыл өкмөт аппаратынын профилдик адиси
4.2.
Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун (БМжБТ) түзүү
БМжБТ түзүү жөнүндө айыл өкмөт башчысынын буйругу
Жумушчу комиссия Айыл өкмөтүнүн аппараты USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору.
Октябрь, 2018-жыл
Айыл өкмөт башчысы Жумушчу комиссиянын төрагасы Жооптуу катчы
4.3.
Кызмат көрсөтүүнүн сапатына мониторинг жана баалоо жүргүзүү
Мониторингдин жыйынтыктары боюнча БМжБТ актысы БМжБТ отчету
БМжБТ
Октябрь, 2018-жыл
БМжБТ төрагасы
№2 Кызмат көрсөтүүнүн аталышы: Ичүүчү суу менен камсыз кылуу кызматын жакшыртуу
2.1 Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары (Ичүүчү суу менен камсыз кылуу кызматын жакшыртуу)
2.2 Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планы (Ичүүчү суу менен камсыз кылуу кызматын жакшыртуу)
2.1 Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары (Ичүүчү суу менен камсыз кылуу кызматын жакшыртуу)
№
Стандартты иштеп чыгуу үчүн критерий
Кызмат көрсөтүүнүн стандарты
1
Жеткиликтүүлүк
Сууну түтүк менен ар бир кожолуктун короосуна киргизүү. Суу эсептегичтерди орнотуу. Жаңы конуштарга суу жеткирүү.
2
Ыңгайлуулук
Эгерде түтүк иштен чыкса же жарылып калса үч-беш күндүн ичинде алмашылат. Ичүүчү суунун сапатын көзөмөлдөйт, коопсуздук нормаларына жооп берет. Ичүүчү суунун дезинфекциясынын эффективдүүлүгү. Реагенттердин жана материалдардын сертификаттарын колдонуу. Булгоочу булактардан суу берүүчү аймакты сактоо. Суу сактоочу жайлардын коопсуздугун сактоо (тосмо менен тосуу)
3
Кызмат көрсөтүүнүн сапаты
Суунун сапаты Кыргыз Республикасынын мыйзамы Ичүүчү суунун коопсуздугу боюнча Техникалык регламентине ылайык болуусу
4
Ишке ашырылган убактысы
Ичүүчү суу булактын мүмкүнчүлүгүнө карап 4 сааттан кем эмес берилип турушу (Айыл аймак боюнча алганда орточо көрсөтүч)
2.2 Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планы (Ичүүчү суу менен камсыз кылуу кызматын жакшыртуу)
№
Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер
Күтүлгөн жыйынтык/ продукт
Ресурстар
Өткөрүү мөөнөтү
Жооптуу
Максаты: Мирмахмудов айыл аймагындагы жашоочуларды саппаттуу ичүүчү суу менен жеткиликтүү камсыз кылуу.
Күтүлгөн жыйынтык (көрсөткүч): Жашоочулардын ден соолугу жакшырат. Социалдык көйгөйлөр чечилет. Жашоочулардын өмүрү узарат.
№1 тапшырма: Айыл аймактагы таза сууну жеткизүү боюнча кызмат көрсөтүүнүн экономикалык туруктуулугунун мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө
Күтүлгөн жыйынтык (көрсөткүч): Таза сууну жеткизүү боюнча кызмат көрсөтүүнүн экономикалык туруктуулугуна багытталган иш-чаралар аныкталды, мүмкүнчүлүктөрү изилденип чыкты.
1.1.
Таза сууну жеткизүү боюнча кызмат көрсөтүүнүн учурдагы экономикалык абалынын талдоосу жана экономикалык туруктуулугун жогорулатуу боюнча иш чараларын иштеп чыгуу
Катышуучулардын тизмеси Аналитикалык кат Жумушчу комиссиянын отурумдарынын протоколу.
ИСКАКБ; Жумушчу комиссия; Айыл өкмөт аппараты; USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору
Июль, 2018-жыл
ИСКАКБнын төрагасы; Айыл өкмөт башчысы; Жумушчу комиссиянын төрагасы; USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоорунун. консультанттары жана жергиликтүү адистер
№2 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнүн наркын эсептөө
Күтүлгөн жыйынтык (көрсөткүч): Ичүүчү суу менен камсыз кылуу кызматынын наркынын эсеп-кысабынын долбоору даярдалды
2.1.
Ичүүчү суу менен камсыз кылуу кызмат көрсөтүүнүн тарифтертерин эсептөө боюнча жана Таза суу кызматын туруктуу башкаруу боюнча тренинг өткөрүү
Катышуучулардын тизмеси; Таркатма материалдар
Жумушчу комиссия; Жергиликтүү кеңеш; Айыл өкмөт аппараты; ИСКАКБ; USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору.
Июль, 2018-жыл
Жумушчу комиссиянын төрагасы; Жергиликтүү кеңештин төрагасы; Айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы; ИСКАКБ Төрагасы; USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоорунун консультанттары жана жергиликтүү адистер
2.2.
Ичүүчү суу менен камсыз кылуу кызмат көрсөтүүсүнө тарифтин долбоорун иштеп чыгуу
Ичүүчү суу менен жабдуу тарифинин долбоору
ИСКАКБ; Жумушчу комиссия; Айыл өкмөт аппараты; USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору.
Август, 2018-жыл
ИСКАКБ Төрагасы; Жумушчу комиссиянын төрагасы; Айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы; USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоорунун консультанттары жана жергиликтүү адистер
№3 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнүн баасын макулдашуу жана ресурс менен толтуруу
Күтүлгөн жыйынтык (көрсөткүч):
- Баасы (тарифтер) жергиликтүү жамаат менен макулдашылат;
- Баасы (тарифтер) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы мамлекеттик агенттик менен макулдашылган;
- Жергиликтүү кеңеш кызмат көрсөтүүнүн баасын бекитти;
- Кызмат көрсөтүүлөр үчүн каржылоо булактары аныкталды.
3.1.
Кызмат көрсөтүүнүн баасын жергиликтүү жамаат менен талкуулоо, макулдашуу жана ресурс менен толуктоо
Айылдык жыйындардын, коомдук угуулардын протоколу
ИСКАКБ; Жумушчу комиссия; Жергиликтүү кеңеш; Айыл өкмөт аппараты; USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору.
Август, 2018-жыл
ИСКАКБнын төрагасы; Жумушчу комиссиянын төрагасы; Айылдык кеңештин төрагасы; Айыл башчылар; USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоорунун консультанттары жана жергиликтүү адистер
3.2.
Тарифтерди КР Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы мамлекеттик агенттик менен макулдашуу
Айыл өкмөттүн Монополияга каршы агенттике жөнөтөлгөн кат КР Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин корутундусу
ИСКАКБ; Жумушчу комиссия; Айыл өкмөт аппараты;
Сентябрь, 2018-жыл
ИСКАКБнын төрагасы; Жумушчу комиссиянын төрагасы; Айыл өкмөттүн башчысы;
3.3.
Кызмат көрсөтүүнүн тарифин жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитүү
Тарифти бекитүү тууралуу жергиликтүү кеңештин чечими.
Жергиликтүү кеңеш; Жумушчу комиссия; Айыл өкмөт аппараты; ИСКАКБ.
Сентябрь, 2018-жыл
Жергиликтүү кеңештин төрагасы; ИСКАКБ нын төрагасы; Жооптуу катчы;
№4 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчүнүн туруктуулугун камсыздоо жана келишимдик мамилелер
Күтүлгөн жыйынтык (көрсөткүч): Кызмат көрсөтүүгө байланыштуу келишимдер түзүлдү.
4.1.
Айыл өкмөтү менен ИСКАКБ нын ортосунда тейлөө келишимин даярдоо, түзүү
Кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүү тууралуу тейлөө келишими
Айыл өкмөт аппараты; Жумушчу комиссия; ИСКАКБ; USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору.
Сентябрь, 2018-жыл
Айыл өкмөт башчы; ИСКАКБ нын башчысы.
4.2.
Муниципалдык мүлктү колдонуу келишимин даярдоо, түзүү (ижарага берүү, чарба жүргүзүү)
Муниципалдык мүлктү убактылуу колдонуу боюнча келишим.
Айыл өкмөт аппараты; Жумушчу комиссия; ИСКАКБ; USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору.
Сентябрь, 2018-жыл
Айыл өкмөт башчы; ИСКАКБ нын башчысы. Айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы
4.3.
ИСКАКБ менен абоненттер ортосунда келишимди иштеп чыгуу, абоненттик келишимди түзүү
Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүү тууралуу абоненттик келишим
ИСКАКБ; Айыл өкмөт аппараты; USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору.
Сентябрь, 2018-жыл
ИСКАКБ нын башчысы.
№5 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнүн сапатына коомдук мониторинг жүргүзүү
Күтүлгөн жыйынтык (көрсөткүч): Кызмат көрсөтүүнүн сапатына туруктуу мониторинг жана баалоо системасы түзүлдү
5.1.
Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу (БМжБТ) тууралуу Жобону иштеп чыгуу жана бекитүү
БМжБТ нын Жобосу жөнүндө Жергиликтүү кеңештин чечими
Жумушчу комиссия; Жергиликтүү кеңеш; Айыл өкмөт аппараты; USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору.
Октябрь, 2018-жыл
Айыл өкмөт аппараты Айылдык кеңештин төрагасы;
5.2.
Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун (БМжБТ) түзүү
БМжБТ түзүү жөнүндө айыл өкмөт башчысынын буйругу
Жумушчу комиссия; Айыл өкмөт аппараты; ИСКАКБ; USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору
Октябрь, 2018-жыл
Айыл өкмөт башчысы Жумушчу комиссиянын төрагасы
5.3.
Кызмат көрсөтүүнүн сапатына мониторинг жана баалоо жүргүзүү
Мониторингдин жыйынтыктары боюнча БМжБТ актысы БМжБТ отчету
БМжБТ
Октябрь, 2018-жыл
Мониторинг жана баалоо тобунун төрагасы.
№3 Кызмат көрсөтүүнүн аталышы: Калкты социалдык жактан колдоо кызматын жакшыртуу
5.1 Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары (Калкты социалдык жактан колдоо кызматын жакшыртуу)
5.2 Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планы (Калкты социалдык жактан колдоо кызматын жакшыртуу
3.1 Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары (Калкты социалдык жактан колдоо кызматын жакшыртуу)
№
Стандарттарды иштеп чыгуу үчүн критерийлер
Кызмат көрсөтүүнүн стандарты
Жеткиликтүүлүгү
- Жөлөк пулга муктаж жашоочуларды толук камтуу (мыйзамга таянуу менен)
Ыңгайлуулугу
Мыйзамга ылайык
Кызмат көрсөтүүнүн сапаты
Мыйзамга ылайык
Кызмат көрсөтүүнүн убактысы.
Мыйзамга ылайык
3.2 Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планы (Калкты социалдык жактан колдоо кызматын жакшыртуу)
№
Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу
Күтүлгөн жыйынтык /натыйжалар
Ресурстар
Аткаруу мөөнөттөрү
Жооптуулар
Максаты: Айыл аймактагы социалдык жактан коргоого муктаж болгон жашоочулардын санын так аныктап, аларга толук түрдө көмөк көрсөтүү
Күтүлгөн жыйынтык (көрсөткүч): Айыл аймактагы социалдык жактан коргоого муктаж болгон жашоочулардын санын так аныкталды, аларга толук түрдө көмөк көрсөтүлүүдө.
№1 тапшырма: Социалдык коргоого муктаж адамдарды аныктоодо критерийлерди Мыйзамга ылайык түзүп чыгуу
Күтүлгөн жыйынтык (көрсөткүч): Критерийлер аныкталды
1.1.
Тиешелүү мыйзамдарды анализдеп чыгуу
Мыйзам чегиндеги критерийлер тандалып алынды
Жумушчу комиссия; Айыл өкмөт аппараты; USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоору
Июль, 2018-жыл
Жумушчу комиссия; Айыл өкмөт аппараты;
№ 2 тапшырма: Айыл аймактагы социалдык жактан коргоого муктаж адамдардын базасын түзүү
Күтүлгөн жыйынтык (көрсөткүч): Айыл аймактагы социалдык жактан коргоого муктаж адамдардын базасын түзүлдү
2.1
Социалдык коргоого муктаж адамдардын тизмесин түзүү
Социалдык жактан коргоого муктаж адамдардын тизмеси даярдалды
Жумушчу комиссия; Айыл өкмөт аппараты; USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоору
Август-Октябрь, 2018-жыл
Жумушчу комиссия; Айыл өкмөт аппараты; Айыл башчы Көчө комитеттери Айыл өкмөт башчы
№3 тапшырма: Кызмат көрсөтүүнүн сапатына коомдук мониторинг жүргүзүү
Күтүлгөн жыйынтык (көрсөткүч): Кызмат көрсөтүүнүн сапатына туруктуу мониторинг жана баалоо системасы түзүлдү
3.1.
Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу (БМжБТ) тууралуу Жобону иштеп чыгуу жана бекитүү
БМжБТ нын Жобосу жөнүндө Жергиликтүү кеңештин токтому
Жумушчу комиссия; Жергиликтүү кеңеш; Айыл өкмөт аппараты; USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору.
Октябрь, 2018-жыл
Жумушчу комиссиянын төрагасы; Айыл өкмөт башчысы Айылдык кеңештин төрагасы;
3.2.
Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун (БМжБТ) түзүү
БМжБТ түзүү жөнүндө айыл өкмөт башчысынын буйругу
Жумушчу комиссия; Айыл өкмөт аппараты; СПА; USAID дин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору
Октябрь, 2018-жыл
Айыл өкмөт башчысы;
3.3.
Кызмат көрсөтүүнүн сапатына мониторинг жана баалоо жүргүзүү
Мониторингдин жыйынтыктары боюнча БМжБТ актысы БМжБТ отчету
БМжБТ
Октябрь, 2018-жыл
Мониторинг жана баалоо тобунун төрагасы.
А. Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2018-жылдын
«19» апрелиндеги № 15-2 токтому менен бекитилди
Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1.1. Жобо айылдык аймактын чегинде жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын изилдөө боюнча биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун (мындан ары – БМ ж Б Тобу) ишмердүүлүгүнүн мазмунун жана тартибин аныктайт.
1.2. БМжБ Тобужергиликтүү жамаатка берилген кызмат көрсөтүүнүн/жумуштардын сапатына мониторингдик изилдөө жүргүзүү максатында түзүлөт.
1.3. БМжБ Тобунун мүчөлөрүнүн курамы ыктыярдуу негизде түзүлөт, ага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын адистери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, тартылган адистер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, ишкерлер жана жергиликтүү жамааттын жашоочулары кирет.
1.4. БМжБ Тобуөз ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча айыл өкмөт башчыга, айылдык кеңештин төрагасына жана жергиликтүү жамаатка отчет берет. Отчеттуулуктун формасын Топтун мүчөлөрү аныкташат.
2. БМ ж Б Тобунун компетенциясы
2.1. БМжБ Тобунун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары болуп төмөнкүлөр эсептелинет:
-кызмат көрсөтүүнүн сапатын баалоо; -кызмат көрсөтүүнүн кабыл алынган стандарттарга шайкештигин баалоо; -колдонулган ресурстардын сапатын баалоо; -комплекстүү анализ жана баалоо.
2.2. БМжБ Тобунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
-жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана натыйжалуулугуна мониторингдик изилдөөлөрдү жүргүзөт; -процесске жана жетишилген максаттардын эффективдүүлүгүнө анализ жүргүзөт; -алынган жыйынтыктарды иштетет жана аларга анализ жүргүзөт; -сунуштамаларды иштеп чыгат; -жыйынтыктарды жыйналыштарда талкуулайт; -мониторингдин жыйынтыктарына эсеп жүргүзөт.
2.3. БМ ж Б Тобунун укуктары:
- кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдөн маалымат алууга;
-БМжБ Тобунун компетенциясына кирген изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн айыл өкмөт башчысынан жана кызматкерлеринен зарыл документтерди жана материалдарды алууга укуктуу.
2.4. Айыл өкмөт башчысына, айылдык кеңештин төрагасына жана жергиликтүү жамаатка мониторингдик изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын берүүгө укуктуу.
3. БМ ж Б Тобунун мүчөлөрү.
3.1. БМ ж Б Тобунун мүчөлөрү укуктуу:
-БМ ж Б Тобунун иш процессинде өз каалоолорун, шектенүүлөрүн, тыянактарын айтууга; -БМ ж Б Тобунун каалаган кызыктырган мезгили ичинде ишинин абалы жана жыйынтыктары жөнүндө маалымат алууга; -БМ ж Б Тобунун курамынан каалаган учурда чыгууга.
3.2.Мониторинг тобунун мүчөлөрүнүн милдеттери:
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана БМ ж Б Тобу жөнүндө ушул Жобонун алкагында иш жүргүзүүгө; -топтун жетекчисине өз ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетторду берүүгө; -топтун жетекчисинин тескемелерин аткарууга.
4. БМ ж Б Тобунун ишмердүүлүгүнүн ченемдик-укуктук коштоосу
4.1. БМ ж Б Тобуөз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин карманууга тийиш.
5. БМ ж Б Тобунун ишмердүүлүгүнүн тартиби
5.1. Мониторинг тобун айыл өкмөт башчысы же айылдык кеңештин төрагасы дайындаган төрага жетектейт.
5.2. Топтун курамы беш мүчөдөн кем болбошу керек:
5.3. Мониторинг тобунун курамы жана анын жетекчиси айыл өкмөт башчынын же айылдык кеңештин төрагасынын чечими менен бекитилет.
5.4. Топтун жыйналышы кварталына бир жолудан кем эмес жана/же зарылчылыгына жараша өткөрүлөт.
5.5. Жыйналыштардын протоколуна Мониторинг тобунун жетекчиси жана мүчөлөрү кол коюшат.
6. БМ ж Б Тобунун иштөө мөөнөтү
6.1. Топтун иштөө мөөнөтү план-тапшырманын мазмуну менен аныкталат. Эгерде ишмердүүлүгүнүн мөөнөтү аныкталбаса, Мониторинг тобу өз ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчет бергенден кийин ишин токтотот. Мониторинг тобунун иштөө мөөнөтү аны түзүү жөнүндө буйрук менен аныкталат.
7. Мониторингдин натыйжалары
7.1. Мониторингдик изилдөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча Протокол түзүлүп, сунуштамалар иштелип чыгат.
А/ө нүн жооптуу катчысын м.а: Х. Дадабаев
А. Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2018-жылдын
«19» апрелиндеги № 15-2 токтому менен бекитилди
Кызмат көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Конкурс өткөрүү жөнүндө жобо «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
Ушул жобо айыл аймагынын территориясында конкурс өткөрүүнүн тартибин жана шарттарын белгилейт.
2. Конкурс кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөрдүн профессионалдык даярдыгынын, квалификациясынын, билиминин деңгээлин объективдүү жана ачык баалоо максатында өткөрүлөт.
II. Ушул жободо колдонулуучу түшүнүктөр
3. Ушул жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
кепилдик салымы – кызмат көрсөтүү максатында конкурска катышууга каалоосун билдирген талапкер тарабынан киргизилген акчалай сумма; конкурс – тандоо жана конкурстун жеңүүчүсүнө кызмат көрсөтүү укуктарын ыйгаруу; ак ниет эмес атаандаштык – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна, ишкердик жүгүртүмдүн салттарына, ак ниеттүүлүк, эстүүлүк жана адилеттүүлүктүн талаптарына карама-каршы келбеген артыкчылыктарын сатып алууга багытталган конкурстун субъекттеринин аракеттери, эгерде мындай аракеттер натыйжада төмөнкүгө ээ болсо: конкурстун катышуучуларынын ортосунда жашыруун сүйлөшүп алуу, коррупция, бааларды жасалма жогорулатуу, төмөндөтүү же кармоо, конкурска жетүүсүн чектөө же потенциалдуу атаандаштарды жок кылуу жана башка ак ниет эмес аракеттер; конкурстун катышуучусу – ушул Жобо менен белгиленген конкурска катышууга арыз берген жана уруксат алган жак. III. Конкурс жана конкурсттук комиссия
4. Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөрүн тандоо конкурсттук негизде жүзөгө ашырылат. Конкурс Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын алардын мүмкүнчүлүктөрүнө жана профессионалдык даярдыгына ылайык бирдей жетүүсүн камсыз кылат.
5. Конкурсту өткөрүүнүн максаты кызмат көрсөтүүгө коюлган квалификациялык талаптарга, анын ичинде билимине, иш тажрыйбасына, профессионалдык жана жалпы билимдерине, ишкердик сапаттарына, ошондой эле талапкерлердин мотивациясына ылайык кыйла дайындалган талапкерлерди аныктоо болуп саналат.
6. Кызмат көрсөтүүгө конкурс өткөрүү үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен кызмат көрсөтүүгө талапкерлердин тандоосун жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу конкурсттук комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлөт.
7. Конкурсттук комиссиянын түзүмү жана курамы:
- конкурсттук комиссиянын төрагасы;
- конкурсттук комиссиянын мүчөлөрү;
- конкурсттук комиссиянын катчысы.
8. Ишмердиктин адистештирилген түрлөрүндө атайын профессионалдык билимдерин текшерүү үчүн конкурсттук комиссия серепчилерди чакырта алат. Серепчилердин корутундулары сунуштоо мүнөзүнө ээ жана протокол менен таризделет.
9. Конкурсту өткөрүүдө комиссия:
- конкурсту өткөрүүнүн мөөнөттөрүн жана иш регламентин аныктайт;
-конкурстун катышуучуларына карата квалификациялык талаптарды белгилейт;
- маектешүүнүн баалоо критериин белгилейт;
- конкурстун катышуучулары тарабынан берилген документтерди карайт жана конкурска катышуу жөнүндө чечимди кабыл алат;
- конкурстун катышуучулары менен маектешүү өткөрөт;
- конкурстун жеңүүчүсүн аныктайт;
- конкурстун жыйынтыктарын бекитет;
10. Жоопту катчы:
- кызмат көрсөтүүгө талаптанган жарандардан документтерди кабыл алууну жүзөгө ашырат;
- кызмат көрсөтүүгө талаптанган жарандарга конкурсту өткөрүүнүн шарттары тууралуу маалымат берет;
- конкурсттук комиссиянын мүчөлөрү үчүн иш кагаздарды иштетет жана даярдайт;
- конкурска катышкандардын тизмесин түзөт;
- маектешүүнүн суроолорунун тизмесин иштеп чыгат;
- конкурстун катышуучуларына конкурстун бардык баскычтарын өткөрүүнүн жери, күнү, айы, жылы жана убактысы тууралуу маалымат берет.
IV. Ачык конкурсту өткөрүү
11. Ачык конкурс төмөнкү тартипте өткөрүлөт:
- Жалпыга малымдоо каражаттарында жана айыл аймактагы жалпыга жеткиликтүү жерлерге ачык конкурс өткөрүү жөнүндө жарнама берүү;
- конкурстун катышуучуларынан документтерди кабыл алуу;
- конкурсту түздөн түз өткөрүү.
12. Конкурсту өткөрүү төмөнкү этаптарды камтыйт:
- кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөргө карата коюлган талаптарга конкурстун катышуучуларынын документтеринин ылайык келүүсүн кароо;
- маектешүү;
- комиссия тарабынан кароо;
- конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо тууралуу чечимди кабыл алуу.
V. Кокурстун катышуучулары
13. Катышуучулар төмөнкү учурларда конкурска катыша алышпайт:
- кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келбесе;
- керектүү документтерди бербесе;
-кепилдик салымды төлөбөсө (эгерде каралса).
14. Кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүгө ачык конкурсту өткөрүүнүн узактыгы документтерди кабыл алуу аяктаган күндөн тартып 30 күндөн ашпоого тийиш.
VI. Маалыматтык пакетти түзүүнүн тартиби
15. Айыл өкмөтү төмөнкү маалыматты камтыган маалыматтык пакетти түзөт:
а) конкурстун шарттарын;
г) кепилдик салымдын өлчөмүн, конкурстун катышуучулары тарабынан аны төлөөнүн мөөнөттөрү жана тартиби.
16. Айыл өкмөтү конкурска катышууну каалаган жактарга маалыматтык пакетти берүүгө милдеттүү.
17. Жарыя конкурстун мөөнөтү, жери, анын ичинде конкурска катышууга арыздарды кабыл алууну токтотуунун мөөнөттөрү, кепилдик салымдын суммасы которула турган банкттын реквизиттери (эгерде каралса), толук маалымат алуу үчүн айыл өкмөтүнүн байланыш телефондору жөнүндө маалыматты камтууга тийиш. Жарыя конкурсту өткөрүүгө чейин 14 күндөн кечиктирбей жарыяланат.
VII. Конкурсту өткөрүүнүн тартиби
18. Конкурска катышууга укугун алуу үчүн талапкер төмөнкүлөрдү берет:
а) конкурска катышуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз;
б) жеке жак-талапкердин өздүгүн тастыктаган документ;
в) юридикалык жак-талапкердин укук жөндөмдүүлүгүн тастыктоочу документ;
г) юридикалык жак-талапкердин жетекчиси экенин тастыктаган документ, болбосо жеке же юридикалык жак-талапкердин атынан чыгуу укугуна ишеним кат;
д) кепилдик салымын (эгерде каралса) төккөнүн тастыктоочу төлөм документтери.
19. Конкурска катышуу ниети жөнүндө арыз конкурсту өткөрүүгө чейин акыркы жумушчу күндөн кечиктирбей берилиши керек.
Конкурска катышуу ниетин билдирген юридикалык жак кошумча мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн, уставынын, түзүү жөнүндө чечиминин көчүрмөлөрүн берет.
20. Кепилдик салым катышуучулар тарабынан айыл өкмөтүнүн белгилүү эсебине накталай эмес которуу жолу менен төгүлөт.
21. Конкурстун жеңүүчүсү менен келишим түзгөн учурда кепилдик салымынын суммасы кайтарылууга тийиш.
Кепилдик салым 5 жумушчу күндүн ичинде кайтарылууга тийиш:
а) конкурста жеңе албаган катышуучуларга;
б) эгерде конкурс өткөрүлбөй калса;
в) конкурсту өткөрүүгө чейин 3 күн калганда катышуудан баш тартса.
Калган учурларда кепилдик салымы конкурсту өткөрүү боюнча чыгымдардын ордун толтуруу максатында айыл өкмөтүнүн башкаруусунда калат.
22. Арыз берүүчүгө төмөнкү учурларда документтерди кабыл алуудан баш тартылат:
а) арыз конкурсту өткөрүү жөнүндө жарыяда белгиленген арызды кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийин берилсе;
б) арыз берүүчүнүн атынан аракеттенүүгө ыйгарым укуктары жок адам тарабынан берилсе;
в) маалыматтык пакет жана ушул Жобо менен каралган керектүү документтер берилбесе же берилген документтер тиешелүү түрдө таризделбесе.
23. Катышуучу укуктуу:
а) жеке өзү же өзүнүн өкүлдөрү аркылуу конкурска катышууга;
б) конкурстун предмети жөнүндө толук маалымат алууга;
в) конкурска катышуудан баш тартууга, бирок конкурсту өткөрүүгө чейин үч күндөн кечиктирбей чечими тууралуу конкурстун уюштуруучусуна кабарлоо, ушуну менен бирге белгиленген мөөнөттүн ичинде кепилдик салымын алуу, көрсөтүлгөн мөөнөттү бузган учурда кепилдик салымы кайтарылбайт;
г) комиссиянын протоколдору менен таанышууга жана протоколдон көчүрмө бөлүк алууга;
д) конкурстун катышуучусу катары укуктары бузулган учурда сотко кайрылууга.
19. Бир гана катышуучу катышкан конкурс ишке ашпай калды деп таанылат жана айыл өкмөтү конкурс өткөрүү жөнүндө жарыяны экинчи ирет жарыялайт.
24. Айыл өкмөтү конкурсту өткөрүүгө чейин он күндөн кечиктирбей конкурстан баш тартууга укуктуу, конкурстан баш тартуунун себептери көрсөтүлгөн протокол түзүлөт. Конкурстан баш тарткан учурда айыл өкмөтү конкурсту өткөрүүдөн баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен чечими тууралуу жазуу формасында катышуучуларга кабарлайт.
25. Катышуучу тарабынан ак ниет эмес атаандаштык аныкталган учурда акыркысы мындан ары конкурска катышуу укугунан ажыратылат, муну менен бирге кепилдик салымы ага кайтарылбайт.
VIII. Конкурсту өткөрүүнүн тартиби.
26. Конкурсту жарыялоого чейин конкурстун шарттары белгиленет.
27. Жарыяда жана маалыматтык пакетте көрсөтүлгөн конкурстун шарттарына ылайык келген конкурстук сунуш конкурстун катышуучуларына бекитилген конверттин ичинде арыз менен бирге тапшырылат.
28. Бир катышуучудан бир гана конкурстук сунуш сунушталышы мүмкүн.
Конкурстук сунуштар менен конверттер инвестициялык жана комиссия тарабынан белгиленген (технико-экономикалык көрсөткүчтөр, түшүндүрмө каты) конкурстун шарттарына ылайык келген башка сунуштарды камтышы керек.
29. Конкурстук сунуштарды ачуу конкурсту түздөн түз өткөргөн учурда жана конкурстун катышуучуларынын же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусу менен конкурстук комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
Комиссия келип түшкөн сунуштарды ирээти менен ачат, конкурстун катышуучусунун номерин, анын фамилиясын, атын жана атасынын атын же аталышын, конкурстун катышуучусу тарабынан сунушталган конкурсттук шарттарды окуйт, конкурстук сунуштарды ачуунун натыйжаларын протоколго жазат жана келип түшкөн конкурстук сунуштарды баалоого киришет.
30. Конкурстук сунуштарды баалоо конкурстук сунуштарды ачкан күнү конкурстук документацияда белгиленген критерийлер боюнча жүзөгө ашырылат. Айыл аймагынын кызыкчылыктарынын негизинде, конкурстун шарттары менен каралган учурларда, конкурстун приоритеттүү шарттары болуп сунушталган эң жакшы шарттар жана/же инвестициялык сунуштар саналат;
Эрежеден тышкары учурларда, конкурстук сунуштарды баалоо үчүн кошумча убакыт керек болгондо, конкурсту өткөрүүнүн мөөнөттөрү комиссия тарабынан кийинки комиссиянын отурумуна чейин узартылышы мүмкүн, бул тууралуу комиссиянын отурумуна катышкан комиссиянын мүчөлөрү жана конкурстун катышуучулары тарабынан кол коюулуучу конкурстук сунуштарды ачуу жыйынтыктары жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жүргүзүлөт. Берилген билдирүүлөрдү баалоонун жүрүшүндө комиссия конкурстун катышуучуларына өздөрүнүн конкурстук сунуштарын түшүндүрүү үчүн кайрылууга укуктуу. Конкурстук шарттардын маңызын өзгөртүүгө жол берилбейт. Конкурстук документацияда белгиленген талаптарга ылайык келбеген конкурстук сунушту комиссия четке кагат.
31. Конкурстук сунуштарды баалоонун жыйынтыгы боюнча эң мыкты шарттарды сунуштаган конкурстун жеңүүчүсү аныкталат, комиссиянын катчысы тарабынан конкурсту өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлөт, протоколго катчы, комиссиянын отурумуна катышкан комиссиянын мүчөлөрү жана конкурстун жеңүүчүсү кол коюшат.
32. Комиссиянын мүчөлөрүнүн ортосунда конкурсту өткөрүүгө байланыштуу пайда болгон талаш-тартыштар ачык добуш берүү менен чечилет, ал эми бирдей сандагы добуш чогулса, төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
33. Конкурсту өткөрүүдө:
а) Комиссиянын чечими боюнча эн мыкты шарттарды сунуш кылган жак жеңүүчү деп таанылат;
б) конверттерди ачып, сунуштарды окуган учурда конкурстун бардык катышуучулары же тиешелүү түрдө таризделген ишеним каттары бар өкүлдөрү катышууга уруксат берилет.
IX. Конкурстун документтерин тариздөөнүн тартиби
34. Эң мыкты шарттарды сунуштаган конкурстун катышуучусу жеңүүчү болуп жарыяланат.
Эң мыкты шарттарды комиссия маалыматтык пакетте көрсөтүлгөн квалификациялык талаптарга ылайык аныктайт. Жеңүүчүлөрдү аныктоо эки этапта өткөрүлөт. Биринчи этапта квалификациялык талаптарга ылайык келген жана зарыл болгон документтердин толук тизмесин берген катышуучулар тандалат. Экинчи этапта конкурстук комиссиянын ар бир мүчөсү 10 балдык шкала боюнча буга чейин белгиленген ар кандай көрсөткүчтөр боюнча (мисалы: квалификация, иш тажрыйбасы, техникалык жабдуунун болушу жана башкалар) ар бир катышуучуну баалап чыгат. Андан кийин ар бир кандидат боюнча комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн балдарын эсептөө жүргүзүлөт. Балдардын эң көп санына ээ болгон талапкер жеңүүчү болуп саналат.
35. Конкурс өткөрүлгөн күнү конкурсту өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго комиссиянын отурумдарына катышкан комиссиянын мүчөлөрү жана конкурстун жеңүүчүсү кол коюшат.
36. Протоколдо төмөнкү маалыматтар каралат:
а) конкурстун предмети;
б) конкурстун жеңүүчүсүнүн аты-жөнү же аталышы;
г) келишимге кол коюу боюнча тараптардын милдеттери;
д) ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебинин номери жана башка реквизиттери.
Конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун көчүрмөсү же протоколдон көчүрмө бөлүк конкурстун жеңүүчүсүнө берилет. Комиссиянын бардык катышуучулары менен протоколго кол коюлгандан кийин 1 жумушчу күндүн ичинде айыл өкмөтүнүн башчысына жөнөтүлөт. Айыл өкмөтүнүн башчысы 5 жумушчу күндүн ичинде конкурстун жеңүүчүсү менен келишим түзөт. Эгерде конкурс ушул Жобону же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен өткөрүлгөнү аныкталса, айыл өкмөтүнүн башчысы келишимге кол коюудан баш тартууга укуктуу.
37. Конкурсту жеңген жак, протоколго кол коюудан баш тарткан учурда жана айыл өкмөт башчысы менен келишимге кол коюдан баш тарткан учурда төккөн кепилдик салымын жоготот, конкурстун жеңүүчүсү жана кайрадан уюштурулган конкурска катышуу укугунан ажыратылат.
Конкурсту жеңген жак, протоколго кол коюудан баш тарткан учурда жана айыл өкмөт башчысы менен келишимге кол коюдан баш тарткан учурда комиссия кайра уюштурулуучу конкурсту өткөрүү жөнүндө чечимин кабыл алууга же кийинки мыкты шарттарды сунуштаган башка катышуучуну конкурстун жеңүүчүсү деп таанууга укуктуу. Эгерде жеңүүчү деп таанылган конкурстун кийинки катышуучусу протоколго кол коюудан баш тарткан учурда, ал дагы төккөн кепилдик салымын жоготот, конкурстун жеңүүчүсү жана кайрадан уюштурулган конкурска катышуу укугунан ажыратылат. Мындай учурларда кайра уюштурулуучу конкурс жарыяланат.
А/ө нүн жооптуу катчысын м.а: Х. Дадабаев
А. Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2018-жылдын
«19» апрелиндеги № 15-2 токтому менен бекитилди
КТК жыйноо жана чогултуу боюнча кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөө тартиби жөнүндө Жобо
1. Ушул Жобо айылдык аймактын чегинде катуу тиричилик калдыктарын жыйноо, чыгаруу жана жайгаштыруу үчүн тарифти эсептөөнүн тартибин аныктайт.
2. Тарифти эсептөө калдыктардын топтолуу (пайда болуу) нормативдерине, рентабелдүүлүктүн жеткен деңгээлин эсепке алуу менен адистештирилген уюмдун иш жүзүндөгү чыгымдарына жараша жүзөгө ашырылат.
3. Тарифти жергиликтүү кеңеш бекитет жана ал менчиктин бардык формасындагы кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөр үчүн бирдиктүү болуп эсептелинет.
4. КТК жыйноо, чыгаруу жана жайгаштыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер экономикалык жактан негизделген чыгымдарга (иш жүзүндөгү жана/же пландуу), ар бир субъект үчүн жекече аныкталган пайданын көлөмүнө жараша тармактын өзгөчөлүктөрүн жана салык мыйзамдарында каралган салыктарды эсепке алуу менен түзүлөт.
5. Тарифти бекитүүдө жергиликтүү кеңештин атынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы КТК чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчүгө экономикалык жактан негизделген чыгымдардын ордун толтурууну камсыздап берет.
6. Баа түзүү системасы кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчү экономикалык жактан негизделген пайданы алуусун камсыздайт.
7. КТК чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүгө баа (тариф) төмөнкүдөй формула боюнча эсептелинет:
Т=Н+Р+С, мында: Т–КТК чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүгө тариф Н – кызмат көрсөтүүнүн өздүк наркы Р–рентабелдүүлүк деңгээли боюнча кошумча нарк С – салыктар
8. Кызмат көрсөтүүнүн өздүк наркын эсептөөдө буга чейинки отчеттук мезгилдеги чыгымдар жөнүндө иш жүзүндөгү маалыматтар, ишкананын техникалык-экономикалык жана финансылык көрсөткүчтөрү, уюмдун өндүрүш программасы жана финансылык планы колдонулат.
9. КТК жыйноо жана чыгаруу боюнча жумуштардын өздүк наркы 1-таблицада көрсөтүлгөн чыгымдардан түзүлөт.
1-таблица. КТК жыйноо жана чыгаруу боюнча жумуштардын өздүк наркы.
№
Чыгымдардын курамы
1
Чийки зат жана материалдар (Чийки заттын наркы)
2
Айдоочулардын жана жүк ташуучу өндүрүштүк персоналынын социалдык камсыздандырууга чегерүүлөрүн кошкондоэмгек акы фонду (ЭАФ) (ЭАФнын наркы)
3
Атайын автомобилдер үчүн отунга кеткен чыгымдар (Отундун наркы);
4
Майлоочу жана башка эксплуатациялык материалдарга кеткен чыгымдар (Майлоочу м. наркы);
5
Атайын транспорттун ремонтуна жана техникалык тейлөөсүнө кеткен чыгымдар (РТТ наркы);
6
Амортизациялык чегерүүлөр (А.наркы);
7
Административдик чыгашалар (Адм. наркы);
8
Жалпы чарбалык чыгашалар (ЖЧ. наркы).
10. Материалдык чыгымдар материалдардын чыгаша нормаларына жараша эсептелинет. Алар төмөнкүдөй негиздер боюнча белгиленет:
- кызмат көрсөтүүнүн бул түрү боюнча аныкталган технологиялык процесс боюнча чыгашалардын нормалары – эгерде нормативдер болбосо, анда чыгашалар хронометраждык изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча бекитилет[1].
11. Социалдык камсыздандырууга чегерүүлөр менен айдоочулардын жана жүк ташуучулардын ЭАФны эсептөө төмөнкү формула боюнча жүзөгө ашат:
ЭАФ наркы = ∑ (ЭА наркы.р.i*N*n*) СоцК, мында: ЭАФ наркы – айдоочулар жана жүк ташуучулар өндүрүштүк персоналынын ЭАФ ЭА наркы.р.i –негизги өндүрүштө i-кесиби боюнча иштеген жумушчулардын эмгек акысы; N–i-кесиби боюнча иштегендердин саны; n –отчеттук мезгилде айлардын саны; СоцК – социалдык камсыздандыруу коэффициенти, ал төмөнкү формула боюнча эсептелинет: СоцК = 1+ С/100, мында С –социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдар менен белгиленген социалдык камсыздандырууга чегерүүлөрдүн %.
12. Ишкананын негизги жумушчуларынын жана калган кызматкерлеринин эмгек акысын түзүү тартибин кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчүнүн же анын уюмдаштыруучусунун атынан жумуш берүүчү аныктайт. Уюмдаштыруучу катары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы чыккан кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчү үчүн эмгек акыны түзүү тартибин ишкананын социалдык өнөктөштүк органы жөнгө салат.
13. Эмгек акыны эсептөө усулу коммуналдык чөйрөдөгү негизги кызматкерлердин тийиштүү тобу үчүн Улуттук статистика комитетинин маалыматтарынын негизинде эсептелинет.
14. Атайын автомобиль үчүн отунга чыгым (Отундун Н) төмөнкү формула боюнча эсептелинет:
ОтундунН = ОтундунЧ*ОтундунБ, мында: ОтундунЧ – отундун чыгымы, литр менен; ОтундунБ – отундун бир литринин баасы, сом/л. Отундун чыгашасы КТК чыгаруу боюнча жумушка кеткен отундун чыгашасынын жана кошумча акыны эсепке алуу менен отундун кошумча чыгашасынын суммасы катары аныкталат: ОтунЧ = Чкм + КошумчаЧ, мында: Чкм–КТК чыгаруу боюнча жумуштарга кеткен отундун чыгашасы (л) атайын автомобилдер үчүн отундун чыгашасынын бекитилген жеке нормаларынын негизинде аныкталат. Ал эми алар болбогон учурда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2015-жылдын 30-декабрындагы №366 “Автомобиль транспортунда отунду жана майлоочу майларды чыгымдоонун линиялык ченемдерин колдонуу боюнча эрежелер жана аларды эсептөө методикасы” Буйругунун негизинде аныкталат. Чкм= Hкм х Lжалпы/100, мында: Hкм–атайын машинанын 100 км жүрүүгө кеткен отундун чыгаша нормасы, ал автомобилдин техникалык маалыматтары боюнча аныкталат, Lжалпы–отчеттук мезгил үчүн атайын машинанын жалпы жүрүү узундугу, км менен; 100 –Нкм отун чыгашасынын нормасы эсептелинген аралык. КошумчаЧ – кошумча акыны эсепке алуу менен отундун кошумча чыгашасы (л), төмөнкү формула боюнча эсептелинет: КошумчаЧ = ∑ (Чкм* 0,01 х Di), мында: Di–кошумча акы же Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2015-жылдын 30-декабрындагы №366 “Автомобиль транспортунда отунду жана майлоочу майларды чыгымдоонун линиялык ченемдерин колдонуу боюнча эрежелер жана аларды эсептөө методикасы” Буйругунун негизинде аныкталган нормага азайышы (%).
15. Майлоочу жана башка эксплуатациялык материалдарга чыгымдар атайын автомобильүчүн белгиленген материалдын ар бир түрү боюнча нормативдик чыгашалардын негизинде аныкталат. Зарыл болгон материалдардын тизмеги жана чыгашалардын нормалары техникалык паспорттун негизинде атайын автомобилдин техникалык маалыматтарына жараша аныкталат. Майлоочу материалдардын чыгашасы отундун литр менен эсептелинген чыгашаларына жараша килограмм менен нормалары боюнча белгиленет.
Майлоочу материалдарга чыгымдар төмөнкү формула боюнча аныкталат: МайлоочуБ = (ОтунЧ * МайлоочуН * ӨткөрмөК) * МайлоочуМатБ,мында: ОтунЧ – кошумча акыны эсепке алганда негизги отундун чыгашасы, литр менен; МайлоочуН – майлоочу материалдардын чыгашасынын нормасы, кг/л, л/л; ӨткөрмөК – көлөмдүк көрсөткүчтөрдү салмактык көрсөткүчкө өткөрмө коэффициенти, зарыл болгондо колдонулат; МайлоочуМатБ – майлоочу материалдардын көлөмүнүн (салмагынын) бирдигинин чекене баасы, сом/кг, сом/л.
16. Атайын автомобилдин ремонтуна жана техникалык тейлөөсүнө кеткен чыгымдар төмөнкү формула боюнча аныкталат:
РТТн = ЭАФн+Тн+Мн, мында: ЭАФн – ремонт жасаган жумушчулардын эмгек акы фонду, сом менен (ушул бөлүмдүн 2-пунктунда көрсөтүлгөндөй аныкталат); Тн – атайын транспорт үчүн тетиктерге кеткен чыгымдар, сом менен; Мн – материалдарга кеткен чыгымдар, сом менен. Тн жана Мн атайын транспорттун жүрүүгө кеткен 1000 километрине техникалык тейлөөнүн жана ремонттун бардык түрлөрү боюнча жумуштардын бардык түрлөрүн жүзөгө ашыруу үчүн тетиктер жана материалдар боюнча чыгымдардын колдонуудагы нормативдери боюнча аныкталат: Тбаасы = (Тн / 1000) * Lжалпы, мында: Lжалпы–отчеттук мезгилде атайын автомобилдердин жүрүүсүнүн жалпы узундугу, км менен; Тн – атайын автомобилдин 1000 километрге жүрүүсүнө кошумча тетиктер боюнча чыгымдардын нормативи, сом/1000км, техникалык паспортко ылайык, автомобилге мезгилдүү техникалык текшерүү жүргүзүү боюнча талаптардын негизинде аныкталат. Кошумча тетиктерге жана материалдарга чыгашаларды уюмдун жетекчиси же уюмдаштыруучу белгилеген белгилүү мезгил үчүн иш жүзүндөгү чыгымдар боюнча орточо маалыматтардын негизинде аныктоого уруксат берилет. 1000–жүрүү аралыгы, ал үчүн Тн нормативи аныкталган. Ушундай эле жол менен МайлоочуМатБ эсептелинет.
17. Негизги каражаттардын амортизациясы алардын пайдалуу кызматы аяктаган мөөнөткө чейин системалуу негизде чегерилип турат. Амортизацияны эсептөө усулу болуп, аны бирдей чегерүү эсептелинет (баасы / кызмат өтөө мөөнөтү = жылына амортизациянын суммасы). Пайдалуу кызмат өтөө мөөнөтүн техниканын жана жабдуунун техникалык паспортундагы маалыматтардын негизинде, ошондой эле мүлк ээси же бул мүлктү колдонуучу аныктаган пайдалуу колдонуунун күтүлгөн мөөнөтүнө ылайык чарба жүргүзүүчү субъект өзү аныктайт. Пайдалуу кызмат өтөө мөөнөтү – бул убакыт мезгили, анын аралыгында чарба жүргүзүүчү субъект тийиштүү активди колдонууну пландайт. Чарба жүргүзүүчү субъект негизги каражаттардын амортизациясын салык мыйзамдарына ылайык чегерсе болот.
18. Амортизациянын нормасы төмөнкү формула боюнча эсептелинет:
Наi = (Саi / Бсi)*100%,мында Hoi -i объектиси боюнча чегерүүлөрдүн нормасы, %, ал мүлк ээси аныктаган пайдалуу колдонуу мөөнөтүнө жараша кабыл алынат. Саi–жылына i объектисинин амортизациясынын суммасы (сом менен) Бсi-i объектисинин баланстык наркы (сом менен) i объектисинин жылдык амортизация суммасы(%) төмөнкү формула боюнча эсептелинет: Саi = С об. / Sп.д.,мында С об –сатып алынган объекттин (мүлктүн) баасы (сом менен) Sп.д. –амортизациянын пайдалуу мөөнөтү, аны мүлктүн колдонуучусу же ээси белгилейт (жылдар менен) Кызмат көрсөтүүнүн өздүк наркына аны өндүрүү үчүн колдонулган бардык амортизацияланган объекттердин (мүлктүн) суммасы кошулат: Са= СУММА (Бci х Hoi),мында: Са–продукциянын (кызмат көрсөтүүнүн) өздүк наркына кошуу үчүн амортизациянын суммасы Бci- i объекттин баланстык баасы (сом менен); Hoi–амортизациянын нормасы, ал төмөнкү формула боюнча эсептелинет: Нoi = (Cai /Соб)*100 Азайган калдык усулун колдонуу менен, ишкана амортизацияны чегерүүнү жүргүзөт.
19. Административдик чыгашалардын курамына төмөнкүдөй чыгымдар кирет:
а) Социалдык камсыздандырууга чегерүүлөр менен, башкаруучулук жана жалпы чарбалык персоналга кирген кызматкерлердин эмгек акысын төлөө.
Мамлекеттик бюджеттен каржыланган, башкаруучулук функцияларды аткарган ишканалардын жетекчилеринин жана кызматкерлеринин эмгек акысы уюмдаштыруучу тарабынан аныкталат жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 163-беренеси менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 26-июлундагы №407 “Мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдарда ишкана жетекчисине, анын орун басарларына жана башкы бухгалтерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” Жобо менен жөнгө салынат.
b) Башкаруучу функцияларды аткарган жана мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланган ишкананын жетекчисинин жана кызматкерлеринин иш сапарына кеткен чыгашалар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы №471 “Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө” токтомунун негизинде аныкталат.
с) Почта, телефон жана байланыштын башка чыгашалары жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жеткирүүчү уюмдар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде аныкталат.
d) Административдик кеңсени күтүү боюнча чыгашалар: кеңсе, идиш жуучу каражаттар, техникалык коопсуздук каражаттары жана башка ушул өңдүү чыгашалар өткөн мезгилдеги иш жүзүндөгү керектөөлөргө же иш жүзүндөгү чыгашаларга жараша аныкталат.
е) Кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо үчүн акы. Каржылоо ишкананын өзүнүн кадрларын даярдоо планынын негизинде аныкталат.
20. Эгерде ишканада административдик персонал ишмердүүлүктүн ар кандай түрлөрүн башкарууну камсыздаса, анда конкреттүү кызмат көрсөтүүнүн өздүк наркына ишкананын бардык чыгашаларына салыштырма катышында административдик чыгашалар кошулат. Салыштырма салмак төмөнкү формула боюнча эсептелинет:
Чсс=АдмЧ/С*100, мында Чсс – чыгымдардын салыштырма салмагы, % менен, АдмЧ – административдик чыгашалар боюнча чыгымдар, сом менен, С –ишкананын (кызмат көрсөтүүнүн) бардык чыгымдарынын суммасы.
21. Жалпы чарбалык чыгашалардын курамын төмөнкүлөр кирет:
- көмөкчү жумуштар үчүн материалдар жана чийки зат,
- негизги өндүрүштүн ишин камсыздаган персоналды күтүү,
- кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчүлөр менен түзүлгөн келишимдердин негизинде эсептелинген коммуналдык чыгашалар.
22. Пландалган пайда (Р) – бул жергиликтүү ченемдик укуктук документтер менен белгиленген эсептик көрсөткүч. Пландалган пайда рентабелдүүлүктүн белгиленген деңгээли боюнча бардык чыгымдардан үлүш катары эсептелинет.
23. Пландалган пайданы төмөнкү формула боюнча эсептөөгө уруксат берилет:
Р = V – Соб,мында Р–пландалган пайда V–кызмат көрсөтүүдөн ишкананын пландалган жылдык түшкөн кирешеси, сом менен Соб –ишкананын кызмат көрсөтүүнү өңдүрүүгө кеткен чыгымдары.
24. Салыктардын тизмеги жана ставкалары салык мыйзамдарына ылайык белгиленет.
25. КТК жыйноо жана чыгаруу тарифинин баасын айыл өкмөтүнүн атынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы эсептейт.
26. Тарифти бекитүү жөнүндө чечимди жергиликтүү кеңеш кабыл алат.
А/ө нүн жооптуу катчысын м.а: Х. Дадабаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 3 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (3)
- Приказ Министерство транспорта и коммуникаций КР от 30 декабря 2015 года № 366 «Об утверждении и введении в действие Правил по использованию линейных норм расхода топлива и…Приказ · 30.12.2015 · № 366
- Постановление Правительства КР от 26 августа 2008 года № 471 "Об установлении норм командировочных расходов и порядке их возмещения"Постановление · 26.08.2008 · № 471 · Утратил силу
- "ПОЛОЖЕНИЕ об условиях оплаты труда руководителя организации, его заместителей и главного бухгалтера в организациях, финансируемых из государственного бюджета" Утверждено…Положение · 26.07.1999 · № 407 · Утратил силу