Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин «Биймырза айылындагы К.Момбеков көчөсүндө жайгашкан кароосуз калган совхоздун имаратын мамлекеттик расмий тил багытында бала бакча курулушуна кайра курууга (реконструкция) уруксат берүү жөнүндө» токтому
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кара-Кулжа айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2018-жылдын 6-марты № 6/5 Биймырза айылындагы К.Момбеков көчөсүндө жайгашкан кароосуз калган совхоздун имаратын мамлекеттик расмий тил багытында бала бакча курулушуна кайра курууга (реконструкция) уруксат берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 5 -“Жергиликтүү жааматтын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин пайдаланышын көзөмөлгө ишке ашыруу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана айылдык кенештин депутаты А.Токтомушовдун маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Биймырза айылындагы К.Момбеков көчөсүндө жайгашкан кароосуз калган совхоздун имаратын мамлекеттик расмий тил багытында бала бакча курулушуна кайра курууга (реконструкция) жана ондоого уруксат берилсин.
2. К.Момбеков көчөсүндө жайгашкан кароосуз калган совхоздун имараты мамлекеттик расмий тил багытында бала бакча курулушуна кайра куруу (реконструкция) ондоо иштеринин сметасын эсептөө жагы Биймырза айылынын айыл башчысы С.Кудайбердиевге жүктөлсүн.
3. Айыл өкмөтүнүн сатып алуулардан экономдолгон акча каражатынан К.Момбеков көчөсүндө жайгашкан кароосуз калган совхоздун имараты мамлекеттик расмий тил багытында бала бакча курулушуна кайра куруу (реконструкция) ондоо иштерине акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. К.Момбеков көчөсүндө жайгашкан кароосуз калган совхоздун имараты эскилиги жеткендигине байланыштуу колдонууга жарактуулугу бала-бакчаны реконструкциялоодон кийин санитардык жана бала –бакча талаптарга жооп бере тургандыгы, жер аянтчасы талапка жооп берилиши жөнүндөгү Өзгөн шаары, Өзгөн жана Кара-Кулжа райондору боюнча экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынан корутунду даярдатуу жагы Биймырза айылынын айыл башчысы С.Кудайбердиевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары А. Мойдуновага тапшырылсын.
Төрага
Б. Саипов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 2
Связанные документы (2)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Кара-Кулжа айылдык кеңешинин 2019-жылдын 21-февралындагы № 14/4 "Кара-Кулжа айылдык Кенешинин 2018-жылдын жыйынтыгы менен кабыл алынган токтомдорунун аткарылышынын абалы жөнүндө"…Постановление · 21.02.2019 · № 14/4
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · Утратил силу