Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Сүлүктү шаардык кеӊешинин «Муниципалдык кызматтын кошумча тизмесин бекитүү жөнүндө» токтому
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊешинин (алтынчы чакырылышы) кезексиз XI сессиясы
2018-жылдын 7-февралы № 54 Муниципалдык кызматтын кошумча тизмесин бекитүү жөнүндө
Сүлүктү шаардык мэриясынын 2018-жылдын 31-январындагы № 02-10/01-113 чыгыш сандуу каты жөнүндө шаардык кеӊештин мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана мамлекеттик тил боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 302 токтому менен бекитилген “Муниципалдык кызматтардын реестрин түзүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобонун” 2 бөлүгүнүн 30, 31- беренелеринин негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн төмөндөгү кошумча тизмеси бекитилсин
- Аз камсыз болгон жакыр, көп балалуу үй-бүлөлөргө, жардамга муктаж майыптарга, жетим, жесирлерге бир жылда бир жолу материалдык жардам көрсөтүү.
2. Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү тийиштүү мыйзамдардын чегинде жүргүзүлүшун камсыз кылуу жагы шаардын мэри Р.Абдыназаровго милдеттендирилсин
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана мамлекеттик тил боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага
Т. Азизбеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 3 июня 2014 года № 302 "О мерах по оптимизации системы предоставления муниципальных услуг"Постановление · 03.06.2014 · № 302 · Утратил силу