Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Сүлүктү шаардык кеӊешинин «Сүлүктү шаарынын 2017–жылкы бюджетинин аткарылышы, 2018-жылдын бюджети жана 2019-2020–жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө» токтому
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊешинин (алтынчы чакырылышы) X сессиясы
2018-жылдын 29-январы № 53 «Сүлүктү шаарынын 2017–жылкы бюджетинин аткарылышы, 2018-жылдын бюджети жана 2019-2020–жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө»
Сүлүктү шаарынын 2017-жылга бюджетинин аткарылышы, 2018-жылдын бюджети жана 2019-2020-жылдарга бюджеттин болжолу боюнча, КР.ФМ. Сүлүктү башкармалыгынын башчысы А.П. Келдибеков жана депутаттардын шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Р.Мавлянова билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Сүлүктү шаарынын 2018-жылга бюджетин жана 2019-2020-жылдарга бюджеттин болжолун «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга Республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөгү» 28–декабрь 2017-жылдын №218 (23) Мыйзамынын негизинде жана (Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы № 60 Мыйзамы менен колдонууга киргизилген) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин негизинде Сүлүктү шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаарынын 2017-жылга каралган бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 50789,0 мин сом жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 50352,5 мин сом өлчөмүндө №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2018-жылга шаардын бюджети кирешелер боюнча 51125,9 мин сом жана чыгашалар боюнча керектөөсү 51125,9 миң сом жана 2019-2020-жылдарга болжолу 52036,9 жана 54462,9 миң сом өлчөмүндө аныкталсын. Шаардын 2018-жылга бюджети 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жыл ичиндеги бюджеттин жетишсиздигин толуктоо жана жергиликтүү каржы булактарын табуу боюнча жогорку органдардан суроо жагы депутаттардын шаардык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана жергиликтүү аткаруу бийлигине жүктөлсүн.
4. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр, дары-дармектер, тамактануу, социалдык жөлөкпулдар жана коммуналдык чыгымдарга) жүргүзүлсүн.
5. Жергиликтүү бюджетке жалпы мамлекеттик салыктардан чегерүүлөр Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесине ылайык жүргүзүлсүн, 2018-жылга чегерүүлөрдүн ченемдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:
1) жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн: салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан жана шаардын жергиликтүү бюджети үчүн сатуудан түшкөн салыктан 50 пайыз өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке чегерүү ченеми болуп бекитилсин. (тиркеме №3).
2) Жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан (стратегиялык пайдалуу кендерди: алтынды, мунайды, газды кошпогондо, роялти) алардын иштетилген жери боюнча (жайгашкан орду) боюнча шаардын тиешелүү жергиликтүү бюджетине - 50 пайыз өлчөмүндө №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3) Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктан, милдеттүү патентоонун негизиндеги салыктан, бирдиктүү салыктын негизинде түшүүлөрдөн-шаарлар менен айылдардын жергиликтүү бюджеттеринин тескөөсүнө 100 пайыз өлчөмүндө №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4) Төмөнкүлөрдү кошпогондо, өндүрүлгөн, анын ичинде мамлекеттик органдар тарабынан салынган администрациялык айыптардын суммасынан жергиликтүү бюджетке – 50 пайыз өлчөмүндө:
а) жол кыймылынын коопсуздугунун жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерине кыянаттык келтирген администрациялык укук бузууларды жасоодо өндүрүлүүчү администрациялык айыптардын суммасы;
б) бажы органдары тарабынан өндүрүлүүчү администрациялык айыптардын суммасын;
в) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан салынган администрациялык укук бузуулар үчүн айыптардын суммасын.
5) жер салыгынан жергиликтүү бюджет тескөөсүнө 100 пайыз өлчөмүндө №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6) мүлк салыгынан жергиликтүү бюджет тескөөсүнө 100 пайыз өлчөмүндө №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. 2018-жылга республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда салыктын ар бир түрү боюнча пландык келип түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдеринин чектеринде ашыра аткаруу болжолдору болгондо жалпы мамлекеттик салыктардын суммаларын бөлүштүрүү бекитилсин. Салык мыйзамында көрсөтүлгөн киреше салыгынын жана сатуудан алынуучу салыктын бекитилген пландык көрсөткүчтөрү ашыра аткарылганда, ашыра аткаруунун суммасы белгиленген тартипте толугу менен жергиликтүү бюджетке чегерилсин.
7. Жергиликтүү салыктык жана салыктык эмес жыйымдардан келип түшкөн жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка денгээлдеги бюджеттерге (республикалык бюджетке) алынууга жатпайт.
8. Бюджеттик мекемелерге казына түтүмүн четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы республикалык бюджеттин кирешесине алынат негизи «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга Республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөгү» 28–декабрь 2017-жылдын №218 (23) Мыйзамы.
9. Коомдук аймактык өзүн-өзү башкаруу комитеттеринин бир айлык эмгек акысы, «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга Республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөгү» 28–декабрь 2017-жылдын №218 (23) Мыйзамынын 13-беренесине ылайык, 2018-жылга эн аз эмгек акынын 1,5 эсе өлчөмүндө каралсын жана 2400 сом өлчөмүндө бекитилсин. Коомдук аймактык өзүн-өзү башкаруу комитеттеринин 2018- жылга эмгек акысына жана соцфондго болгон чегерүүлөрү ушул токтомдун №5 тиркемесине ылайык бекитилсин.
10. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн орто мектептери жана балдар бакчаларында ата энелер тарабынан камкордук көрүү кенеши түзүлүп, шаардык банктардан эсеп счетторун ачып иш жүргүзүү жагы уюштурулсун.
11. 2018-жылга шаардын бюджетинин чыгымдарын каржылоо анын киреше бөлүгүнүн аткарылышына жараша жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
12. Сүлүктү шаарынын жергеликтүү бюджетинин 2017-жылдан калган 1073,8 мин сом бош акча каражаттарын 2018-жылдын бюджетинин эсебинде жана чегинде Сүлүктү шаардык мэриясынын 2018-жылга №____ Буйрутмасынын негизинде каржылансын.
13. Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 24-беренесинин негизинде Сүлүктү шаардык мэриясына резервдик фонду 1 пайыз өлчөмүндө жана 2018-жылга резервдик фондунун суммасы 370,0 мин. сом өлчөмүндө бекитилсин.
14. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2018-жылда жүргүзүлүүчү кассалык накталай акчасы 50,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
15. Баткен областтык мамлекеттик администрациясынын 2010-жылдын 8-январындагы №7-15/5 сандуу көрсөтмөсүнүн жана Баткен областтык кырсыктан сактоо башкармасынын 2009-жылдын 22-декабрындагы №424 катынын негизинде 2018-жылы өзгөчө кырдаалдан сактануунун жана алардын алдын алуу иштерине каржылоо (өзгөчө кырдаал киргизилген учурда ) 60 мин сом өлчөмүндө № 6 тиркемеге ылайык бекитилсин.
16. 2018-жылга Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 20-июлундагы №239 “Жарандарды коргоо жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде иш-чараларды жүргүзүүгө жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо (атайын буйрук чыккан учурда) 60 мин сом өлчөмүндө №7 тиркемеге ылайык бекитилсин.
17. Сүлүктү шаардык мэриясынын аппаратынын типтүү түзүмү жана штаттык саны, (КР Токтом 08.07.2013-ж №403 жана 13.12.2016-ж№669 ) №8 тиркемеге ылайык бекитилсин.
18. Сүлүктү шаардык кенешинин типтүү түзүмү жана штаттык саны ( КР Токтом 05.08.2011-жыл № 452) №9 тиркемеге ылайык бекитилсин.
19. Сүлүктү шаардык Кошбулак поселкасынын аймактык башкармалыгынын типтүү түзүмү жана штаттык саны, ( КР Токтом 10.09.2009-ж №566) №10 тиркемеге ылайык бекитилсин.
20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 Токтому менен бекитилген жобонун негизинде Сүлүктү шаардык мэриясынын жана шаардык кенештин муниципалдык кызматчыларына эмгек тармагындагы кезектеги кадамды ыйгаруу (Сүлүктү шаардык мэриясынын 2018-жылдын 8-январындагы №02-1/02 Буйругунун, шаардык кенештин 2018-жылдын 8-январындагы №1 Буйругу) жана (Сүлүктү шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын 10-январь 2018 жылдагы №2 Буйругунун) негизинде төлөө жагы каралсын.
21. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу, бюджеттик мекеме ишканалардын кызматкерлеринин адистик кесиптерин жогорулатууга сапарга болгон чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11-май 2016-жылындагы № 241 Токтомунун негизинде төлөө жагы каралсын.
22. Бюджеттик мекеме ишканалардын 1-январь 2018-жылга болгон кредитордук карыздары жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландан ашыкча түшкөн акча каражаттарынын жана республикалык бюджеттен каржылануучу трансферттердин эсебинен төлөө жагы каралсын.
23. Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн дебитордук карыздары жана 2018-жылга жергиликтүү бюджетке түшүүчү киреше бөлүгү, штаттык бирдиктери, негизги сметасынын чыгаша бөлүгү №11, №12, №13 тиркемелердин негизинде бекитилсин.
24. Сүлүктү шаардык “Сүлүктү Тазалык” муниципалдык ишканасына, шаар аймагын тазалоочу, бакчы, электрик, грейдер айдоочу, тазалоочу жана жүктөөчү үчүн 14 штаттык бирдик каралсын жана №14 тиркеменин негизинде бекитилсин.
25. Сүлүктү шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жаш депозит дарыгерлерине 2018-жылга көмөк көрсөтүү боюнча № 15 тиркеменин негизинде бекитилсин.
26. Сүлүктү шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт сектору типтүү түзүмү жана штаттык саны КР Өкмөтүнүн алдындагы дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттининин, 2016-жылдын 28-июнундагы №172-0 Тескемесинин негизинде бекитилсин (№16 тиркеме).
27. Сүлүктү шаардык маданият бөлүмүндөгү ишканалардын типтүү түзүмү жана штаттык саны (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-май №268, 2012-жылдын 31-январь №66 жана 2012-жылдын 17-августундагы №572 Токтомдорунун негизинде) №17 тиркемеге ылайык бекитилсин.
28. Сүлүктү шаардык “Шахтер жолу” газетасынын атайын эсебинин киреше бөлүгүнүн тартыштыгына байланыштуу 3 (үч) штаттык бирдик жергиликтүү бюджеттин эсебинен №18 тиркемеге ылайык бекитилсин.
29. Сүлүктү шаардык Социалдык өнүгүү башкармалыгынын типтүү түзүмү жана штаттык саны (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-ноябрь №768 токтомуна жана КР эмгек жана социалдык өнүгүү министирлигинин Социалдык өнүгүү башкармалыгынын бекитилген штаттык бирдигинин негизинде) №19 тиркемеге ылайык бекитилсин.
30. Жергиликтүү мекеме ишканаларга демөөрчүлүк (спонсорский), гуманитардык жардам иретинде берилүүчү акча каражаттары ишкананын атайын эсеби (спец.счет) аркылуу түшүрүү жагы каралсын жана аны көзөмөлдөө жагы мекеме-ишканалардын жетекчилерине жүктөлсүн.
31. Бюджеттик мекеме ишканалардын колдонулбай калган статьясынан керектүү статьяга жылдыруу 100,0 мин сомго чейин шаардык кенештин туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде каралсын.
32. Шаардын социалдык тармактарын ондоп түздөө үчүн түзүлгөн долбоорлорду колдоо максатында республикалык бюджеттен берилүүчү түрткү берүүчү гранттарга 15-21 пайыз эсебинде өздүк салымы жергиликтүү бюджеттен каралсын.
33. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Т. Азизбеков
Шаардык кенештин X сессиясынын
29.01.2018ж. № 53 токтомуна
№ 1 тиркеме
Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2017-жылга бекитилген планы жана аткарылышы
Салыктардын жана салык эмес төлөмдөрдүн аталыштары
2017-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы
Такталган планы
Аткарылышы
Айырмасы (+,-)
Жалпы киреше жана алынган расмий трансферттер
56242,6
50789,0
-5453,6
Киреше жана актив, милдеттенмелер (1+3)
56242,6
50789,0
-5453,6
1
Кирешелер
52642,6
48979,5
-3663,1
11
Салыктык кирешелер
29521,5
27218,1
-2303,4
11111100
Салык агенти толоочу киреше салыгы
15068,0
12785,0
-2283,0
11111200
Бирдиктуу салык декларациясы боюнча киреше салыгы
0,0
2,0
2,0
11122100
Милдеттуу патенттин негизинде салык
158,0
176,7
18,7
11122200
Ыктыярдуу патенттин негизинде салык
2983,0
3421,2
438,2
11311200
Ишкердик ишин жургузуу учун пайдаланылган кыймылсыз мулкко салык 2- топ
294,6
203,3
-91,3
11311300
Ишкердик ишин жургузуу учун пайдаланылган кыймылсыз мулкко салык 3- топ
0,1
0,8
0,7
11312
Транспорттук каражаттарга салык
2274,7
2586,2
311,5
11321100
Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу жер салыгы
280,0
268,4
-11,6
11321200
Айыл чарба жерлерин пайдалануу учун жер салыгы
3,1
-0,7
-3,8
11321300
Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу учун жер салыгы
576,0
1045,3
469,3
11412100
Сатуудан салык
6550,0
5363,9
-1186,1
11442130
Комур
1334,0
1360,1
26,1
11442390
Жогоруда классификацияланбаган дагы башка металл эместер
0,0
-0,3
-0,3
11442490
Дагы башка жер астындагы суулар
0,0
5,3
5,3
13
Алынган расмий трансферттер
8715,4
8715,4
0,0
13321300
Республикалык бюджеттен оз ара эсептешуулор боюнча откорулуп берилуучу каражаттар
8715,4
8715,4
0,0
14
Салыктык эмес кирешелер
14405,7
13046,0
-1359,7
14151100
Пайдалуу кен чыккан жерлерди же казып алынуучу отунду иштеткендиги учун акы
0,0
32,1
32,1
14151200
Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо учун акы
192,0
308,6
116,6
14152100
Калктуу конуштарда жер ижарасы учун акы
1820,0
1392,2
-427,8
14152900
Жаратылыш активдерин пайдалануу учун дагы башка толомдор
0,0
306,5
306,5
14153200
Муниципалдык менчикте турган жайлардын, имараттардын жана курулмалардын ижара акысы
50,0
41,6
-8,4
14153900
Дагы башка мулк ижарасы учун акы
0,0
79,2
79,2
14221900
Дагы башка толомдор жана жыйымдар
0,0
36,7
36,7
14224200
Таштандыларды ташып чыгаруу учун жыйым
265,2
226,5
-38,7
1423
Акы толоонуучу кызмат корсотуулордон тушуулор -бардыгы
12078,5
10502,2
-1577,0
14231400
Адистештирилген стационарларда медициналык жардамды корсотуу учун акы
0,0
0,7
0,7
14232100
Окуу жайларда билим берууну корсотуу учун акы (ЖОЖ,КТО,ООЖ)
0,0
5,0
5,0
14232400
Мектепке чейинки жана мектеп мекемелерине кошумча кызмат корсотуу акысы
8400,0
6996,6
-1403,4
14232800
Маданият мекемелеринин залдарынын жана имараттарынын ошондой эле жабдууларын жана шаймандарын беру учун акы
392,5
59,1
-333,4
14232900
Квалификацияланбаган билим беру жанан маданият кызмат корсотуулор учун акы
0,0
149,1
149,1
14234700
Мамлекеттик каттоо акысы
0,0
3,2
3,2
14236900
Маалымат беруу жана басып чыгаруу боюнча кызмат корсотуу акысы
386,0
418,9
32,9
14237500
0,0
2,6
2,6
14238900
Кызмат коростуунун башка квалификацияланбаган турлору учун акы
2900,0
2866,4
-33,6
143
Айыптар, санкциялар, конфискациялар
0,0
67,5
67,5
14311100
Административдик айыптар
0,0
10,0
10,0
14311400
Контролдук козомол чараларын жургузуудон тушуулор
0,0
57,5
57,5
14511100
Мамлекеттин пайдасына алынган кирешелер
0,0
52,9
52,9
3
Активдер жана милдеттенмелер
3600,0
1809,5
-1790,5
31111110
Батирлерди сатуу
2100,0
658,0
-1442,0
31412110
Айыл чарбасында жараксыз жерлерди сатуу
1500,0
1151,5
-348,5
Чыгаша бөлүгү
2017-жылга жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы
Элемент
Көрсөткучтөрдун аталыштары
Такталган планы
Аткарылышы
Айырмасы (+,-)
701
Мамлекеттик кызмат корсотуу
11519,1
11231,9
-287,2
702
Коргоо
60,0
0,0
-60,0
705
Мэрия -ЖДПБ
0,0
0,0
0,0
706
Турак жай
11731,1
10638,5
-1092,6
708
Маданият жана спорт
7608,0
6808,8
- 799,2
709
Билим беруу
18765,8
14518,0
-4247,8
710
Социалдык жактан коргоо
7513,7
7155,3
-358,4
Жалпысы:
57197,7
50352,5
6845,2
№2-тиркеме
Сүлүктү шаарынын 2018-жылга бюджетинин
долбоору жана анын контролдук суммага салыштырмасы,
жана 2019 – 2020 – жылдарга болжолдору
Киреше бөлүгү
Элемент
Кирешенин аталышы
2018 – жыл
Болжол
2018-ж. долбоор
2018-ж. КРФМ.Конт. сумма
Айырма (+,-)
2019-жылга
2020-жылга
Жалпы киреше жана алынган расмий трансферттер
51125,9
49825,8
+2362,9
52036,9
54462,9
Киреше жана актив, милдеттенмелер (1+3)
51125,9
49825,8
+2362,9
52036,9
54462,9
1
Кирешелер
46725,9
46725,9
+1362,8
48936,9
51362,9
11
Салыктык кирешелер
31447,9
31447,9
+1244,8
33658,9
36084,9
11111100
Салык агенти толонуучу киреше салыгы
15258,0
15258,0
+500,0
16524,0
17945,0
11121100
Чакан ишкердик субьектери учун бирдиктуу салык
1,7
1,7
0,0
1,7
1,7
11122100
Милдеттуу патенттин негизинде салык
161,2
161,2
+8,8
161,2
161,2
11122200
Ыктыярдуу патенттин негизинде салык
3102,0
3102,0
+298,0
3325,0
3528,0
11311200
Ишкердик ишин учун пайдаланылган кыймылсыз мулкко салык
300,4
300,4
0,0
300,4
300,4
11311300
3-топтогу ишкерлик иши учун пайдаланылган кыймылсыз мулкко салык
3,1
3,1
0,0
3,1
3,1
11311
Транспорттук каражаттарга салык
2420,0
2420,0
+130,0
2420,0
2420,0
11321100
Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу жер салыгы
290,0
290,0
0,0
290,0
290,0
11321200
Айыл чарба жерлерин пайдалануу учун жер салыгы
3,5
3,5
0,0
3,5
3,5
11321300
Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу учун жер салыгы
1356,0
1356,0
0,0
1356,0
1356,0
11412100
Сатуудан салык
7218,0
7218,0
282,0
7940,0
8742,0
11462130
Комур
1334,0
1334,0
+26,0
1334,0
1334,0
13
Алынган расмий трансферттер
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
13321300
Республикалык бюджеттен оз ара эсептешуулор боюнча откорулуп берилуучу каражаттар
0,0
0,0
0,0
0,0
0,0
14
Салыктык эмес кирешелер
15278,0
15278,0
+118
15278,0
15278,0
14151200
Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо учун акы
292,0
292,0
+18,0
292,0
292,0
14152100
Калктуу конуштарда жер ижарасы учун акы
1950,0
1950,0
+50,0
1950,0
1950,0
14211200
Муниципалдык менчикте турган жайлардын,имараттардын жана курулмалардын ижара акысы
50,0
50,0
+50,0
50,0
50,0
14224200
Таштандыларды ташып чыгаруу учун жыйым
245,2
245,2
0,0
245,2
245,2
1423
Акы толонуучу кызмат корсотуулордон тушуруулор
12740,8
12740,8
0,0
12740,8
12740,8
14232400
Мектепке чейинки жана мектеп мекемелерине кошумча кызмат корсотуу акысы
9240,0
9240,0
0,0
9240,0
9240,0
14232800
Маданият мекемелериндеги имараттарды, жабдууларды, шаймандарды беруу учун акы
431,7
431,7
0,0
431,7
431,7
14236900
Газеталарга жазылуу жана сатуу, жарнак жарыялоо акысы
418,9
418,9
0,0
418,9
418,9
14238900
Кызмат корсотуунун башка классификацияланбаган турлору учун акы
2650,2
2650,2
0,0
2650,2
2650,2
3
Активдер жана милдеттенмелер
4400,0
3100,0
+1000,0
3100,0
3100,0
31111110
Башка турак-жай имараттарын жана имарат жайларын сатуу
2600,0
2100,0
+500,0
2100,0
2100,0
31412110
Айыл чарбасында жараксыз жерлерди сатуу
1800,0
1000,0
+500,0
1000,0
1000,0
Чыгаша бөлүгү
2018-жыл
Болжол
Элемент
Корсоткучтордун аталыштары
2018-ж
Контр.
Айырма
2019
2020
долбоор
сумма КРФМ.
(+,-)
жылга
жылга
701
Мамлекеттик кызмат корсотуу
11484,8
11033,8
451,0
11604,8
11950,0
702
Коргоо
706
Турак жай
12301,5
11472,4
829,1
12662,1
13712,9
708
Маданият жана спорт
7966,6
8121,6
-155,0
8120,0
8680,0
709
Билим беруу
14435,0
14680,0
-245,0
14500,0
14700,0
710
Социалдык жактан коргоо
4938,0
4518,0
420,0
5150,0
5420,0
Жалпысы:
51125,9
49825,8
1300,1
52036,9
54462,9
№3 тиркеме 2018- жылга жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн чегерүүлөрдун ченемдери (пайыз менен)
Кат. №
Кирешелердин аталышы
Өлчөө бирдиги
пайыз
1
Салык агенти тарабынан түшүүчү киреше салыгынан
%
50
2
Сатуудан түшкөн салык
%
50
3
Роялти
%
50
№ 4 тиркеме 2018- жылга жергиликтүү бюджеттерге пландуу түшүүлөрдүн чегерүү ченемдери (пайыз менен)
Кат. №
Кирешелердин аталышы
Өлчөө бирдиги
пайыз
1
Жер салыгы
%
100
2
Мүлк салыгы
%
100
3
Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктан
%
100
4
Милдеттүү патенттоонун негизиндеги салыктан бирдиктуу салыктын негизинде келип түшүүлордон
%
100
№5тиркеме
2018-жылга коомдук аймактык озүн-өзү башкаруу комитеттеринин каржылаганга кеткен чыгымдардын эсеби
Кат. №
Штаттык бирдик
Өлчөө бирдиги
Суммасы
1.
Эмгек акы
12
2400
347,8
2.
Социалдык фондго которуу
59,0
Жалпысы:
12
406,8
№6 тиркеме
2018- жылга Сүлүктү шаарында өзгөчө кырдаалдан сактоонунун жана алардын алдын алуу иштерине каржылоого жумшалуучу чыгымдардын эсеби. Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 20-июлундагы №239 “Жарандарды коргоо жонундогу” Мыйзамынын негизинде.
Кат. №
Бардык чыгымдар
анын ичинен:
Автоунааны жалдоо
Бир жыл ичинде кырсыктан сактануу иштерине
Атайын өткөрүлүүчү окууларга
Башка тейлөө чыгымдарга
Эскертүү
60,0
30,0
30,0
Тиркеме №7
2018-жылга Сүлүктү шаарында Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 20-июлундагы №239 “Жарандарды коргоо жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде иш-чараларды жүргүзүүгө каржылоого жумшалуучу чыгымдардын эсеби
Кат. №
Бардык чыгымдар
анын ичинен:
Автоунааны жалдоо
Бир жыл ичинде кырсыктан сактануу иштерине
Атайын өткөрүлүүчү окууларга
Башка тейлөө чыгымдарга төлөө
Эскертүү
60,0
30,0
30,0
№8 трикеме
Сүлүктү шаардык мэриясынын аппаратынын 2018-жылга типтүү түзүмү жана штаттык саны. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлындагы №403 жана 13-декабрь 2016-ж №669 токтому)
Катар номери
Кызматтын аталышы
Штаттын саны
Эскертуу
1
Мэр
1
2
Биринчи вице-мэр
1
3
Вице-мэр
1
4
Аппарат жетекчиси
1
5
Болум башчы
1
6
Башкы адис – юрист
1
7
Башкы адис
5
8
Жетектоочу адис
3
9
Адис
1
Бардыгы:
15
Кызматкерлерди тейлоочу персоналдар:
1
Башкы эсепчи
1
2
Чарба башчысы
1
3
Жетекчинин катчысы
1
4
Оператор
1
Бардыгы
4
Техникалык персоналдар:
1
Айдоочу
2
2
Кароолчу
2
3
Имаратты тейлоочу кызматкер
1
4
Техничка
1
5
Электрик
1
Бардыгы:
7
ВУС
1
Инспектор
2
Жалпысы:
28
№9 Тиркеме
Сүлүктү шаардык кенешинин аппаратынын 2018-жылга типтүү түзүмү жана штаттык саны. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августу №452 токтому).
Катар номери
Кызматтын аталышы
Штаттын саны
Эскертүү
1
Торага
1
2
Жооптуу катчы
1
3
Башкы адис
1
4
Жетектоочу адис
1
Бардыгы:
4
Техникалык кызматкерлер:
1
Жетекчинин катчысы
1
2
Айдоочу
1
3
Техничка
1
Бардыгы:
3
Жалпысы:
7
№10 тиркеме
Кошбулак поселкасынын аймактык башкармалыгынын типтүү түзүмү жана штаттык саны. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009 –жылдын 10 сентябрь №566 токтому).
Катар номери
Кызматтын аталышы
Штаттын саны
Эскертуу
1
Аймактын башчысы
1
2
Башкы адис
1
3
Жетектоочу адис
1
4
Техничка
1
Жалпысы:
4
№11 тиркеме Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык бөлүмүнүн 2018 –жылга кирешелери
Катар номери
Кирешенин аталышы
Өлчөө бирдиги
Суммасы
Эскертуу
Бардык кирешелер: Анын ичинен:
сом
6550,0
1
Калктуу конуштарда жер ижарасы учун акы
сом
1950,0
2
Мун.менчикте турган жайлардын,имататтардын, курулмалардын ижара акысы
сом
100,0
3
Дагы башка толомдор жана жыйымдар
сом
100,0
4
Башка турак жай иматтарын жана имарат жайларын сатуу
сом
2600,0
5
Айыл чарбасына жараксыз жерлерди сатуу
сом
1800,0
Тиркеме12 Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык бөлүмүнүн келишимдин негизинде 2018- жылга штаттык саны.
Катар номери
Кызматтын аталышы
Штаттын саны
Эскертүү
1
Ветеринардык адис (дарыгер)
1
2
Салык боюнча адис
1
3
Кароолчу УКЖД
1
4
Кароолчу (борбордук спорт аянтчасы)
1
5
Кароолчу (балдар бакчасы)
2
6
Кароолчу (эсалуу лагери)
1
Бардыгы:
7
Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн 2018-жылга типтүү түзүмү жана штаттык саны.
Катар номери
Кызматтын аталышы
Штаттын саны
Эскертүү
1
Башчы
1
2
Башчы адис
1
3
Башкы адис (башкы эсепчи)
1
4
Жетектоочу адис
1
5
Мат. Эсепчи (жетектоочу адис)
1
6
Техничка
1
Бардыгы:
5,5
Жалпысы:
13
Тиркеме №13
Сулукту шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык бөлүмүнүн негизги каражаттарынын 2018-жылга сметасы.
Катар номери
Чыгашанын аталышы
Статья
Суммасы
Чыгашалар, анын ичинен:
1.
Эмгек акы
2111
1733,0
2.
Соц.фондко тогумдор
2121
256,0
3.
Сапардык чыгымдар
2211
60,0
4
Байланыш м/н тейлоо кызматы
2212
26,0
5
Ижара акысы
2213
6
Унаа м/н тейлоо кызматы
2214
40,0
7
Дагы башка кызмат корсотуу
2215
2750,0
8
Мулкту учурдагы ондоого
2221
30,0
9
Учурдагы чарбалык максаттар учун, чарбаклык буюмдарды алууга
2222
50,0
10
Башка курулмаларды алуу
3111
1952,0
11
Машиналар ж\а жабдууулар
3112
350,0
Бардыгы:
7247,0
Тиркеме №14 Сүлүктү шаардык “Сүлүктү Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2018-жылга шаардын аймагын тазалоо үчүн штаттык бирдиктери.
Катар номери
Кызматтын аталышы
Штаттын саны
Эскертүү
1
Аймактарды тазалагыч
8
2
Бакчы
1
3
Электрик
1
4
Жүктөөчү
3
5
Грейдер айдоочу
1
Жалпысы:
14
Тиркеме №15 Сүлүктү шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жаш депозит дарыгерлерине 2018 жылга көмөк көрсөтүү боюнча Сметасы.
Катар номери
Кызматтын аталышы
Штаттын саны
суммасы
1
Депозит дарыгерлер
5
70,0
Жалпысы:
5
70,0
Тиркеме 16 Сүлүктү шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2018-жылга типтүү түзүмү жана штаттык саны. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу физкультура жана спорт агентигинин 2016 -жылдын 28- июнь №172-0 тескемеси).
Катар номери
Кызматтын аталышы
Штаттын саны
Эскертүү
1
Бөлүм башчы
1
2
Башкы адис
1
Жалпысы:
2
Тиркеме №17 Сулукту шаардык маданият бөлүмүндөгү ишканалардын 2018-жылга типтүү түзүмү жана штаттык бирдиги. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011 -жылдын 31-май №268 жана 2012-жылдын 31-январь № 66, 17-август №572 токтомдору).
Катар номери
Кызматтын аталышы
Штаттын саны
Эскертуу
Шаардык борборлоштурулган китепкана
1
Мүдүр
1
2
Филиал башчысы
1
3
Башкы китепканачы
2
4
Китепканачы
4
5
Реставратор-мукабачы
1
6
Сүрөтчү
1
Бардыгы:
10
1
Айдоочу
1
2
Кароолчу
2
3
Кызмат жайларды тазалоочу
2
4
От жагуучу
2
Бардыгы:
7
Жыйынтыгы:
17
Музей
1
Мүдүр
1
2
Улук илимий кызматкер
1
3
Кароочу
1
4
Кароолчу
2
5
Кызмат жайларды тазалоочу
1
6
От жагуучу
0,5
Жыйынтыгы:
6,5
Маданият сарайы
1
Мүдүр
1
2
Методист
1
3
Вокал ийрими
1
4
Маданият массалык иштерди уюштуруучу
1
5
Театралдык ийрими
1
6
Режиссер-коюучу
1
7
Сүрөт-жасалгачы
1
8
Хормейстер
1
9
Музыкант
1
10
Хореограф
1
11
Кароолчу
2
12
Кызматтык жайларды тазалоочу
2
Жыйынтыгы:
14
Эс алуу гулбагы
1
Мүдүрр
1
2
Электрик
1
3
Кароолчу
2
4
Короочу
1
5
Бакчы
1
6
Көмөкчү жумушчу
1
Жыйынтыгы:
7
Маданият бөлүмүнүн аппараты
1
Жетекчи
1
2
Кадрлар бөлүмү
1
Жыйынтыгы:
2
Борборлоштурулган эсепкана
1
Башкы эсепчи
1
2
Эсепке алуу тобунун жетекчиси
1
3
Эсепчи
1
4
Эсепчи -кассир
1
Жыйынтыгы:
4
Жалпысы:
50,5
Тиркеме №18
Сүлүктү шаардык “Шахтер жолу” газетасынын 2018-жылга типтүү түзүмү жана штаттык бирдиги.
Катар номери
Кызматтын аталышы
Штаттын саны
Эскертүү
1
Редактор
1
2
Жооптуу катчы
1
3
Эсепчи
1
Жыйынтыгы:
3
Тиркеме №19 Сүлүктү шаардык Эмгек жана Социалдык өнүгүү башкармалыгынын 2018-жылга типтүү түзүмү жана штаттык саны. (КР Өкмөтүнүнүн 2015-жылдын 16-ноябрь №768 токтому жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү Министирлигинин 2017-жылга бекитилген штаттык бирдиги).
Катар номери
Кызматтын аталышы
Штаттын саны
Эскертүү
1
Жетекчи
1
2
Бөлүм башчы
1
3
Бөлүм (сектор) башчы
1
4
Башкы адис
5
5
Жетектоочу адис
4
Жыйынтыгы:
12
1
Социалдык иш адиси
6
Жыйынтыгы:
6
1
Кызматтык жайларды тазалоочу
1
2
Кароолчу
2
3
От жагуучу (убактылуу)
1
Жыйынтыгы:
4
Жалпысы:
22
Шаардык кенештин жооптуу катчысы
М. Джураева
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 8 · цитируется в 0 · связанные 2
Ссылается на (8)
- Закон «О введении в действие Бюджетного кодекса Кыргызской Республики»Закон · 16.05.2016 · № 60
- Постановление Правительства КР от 31 мая 2011 года № 268 "О вопросах оплаты труда работников учреждений культуры, искусства и информации"Постановление · 31.05.2011 · № 268 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 16 ноября 2015 года № 768 "Об организационных мерах в связи с утверждением новой структуры Правительства Кыргызской Республики"Постановление · 16.11.2015 · № 768 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 1 марта 2017 года № 131 "Об оценке деятельности и условиях оплаты труда государственных гражданских служащих и муниципальных служащих Кыргызской…Постановление · 01.03.2017 · № 131 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 5 августа 2011 года №452 "Об утверждении типовых структур и штатной численности аппаратов городских кенешей городов республиканского…Постановление · 05.08.2011 · № 452 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 31 января 2012 года №66 "О внесении дополнений и изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "О вопросах оплаты труда…Постановление · 31.01.2012 · № 66 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 17 августа 2012 года № 572 "О внесении дополнения и изменения в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики"Постановление · 17.08.2012 · № 572 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 8 июля 2013 года № 403 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении типовой структуры и штатной…Постановление · 08.07.2013 · № 403 · Утратил силу
Связанные документы (2)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Бюджетный кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Закон «О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2018 год и прогнозе на 2019-2020 годы»Закон · 28.12.2017 · № 218(23)