# Авлетим айылдык кеңешинин 2017-жылдын 22-сентябрындагы № 4/6 «Авлетим айыл аймагынын Жаңгактуу-Булак айылындагы борбордук көчөгө маркум Орозбай уулу Эшбайдын ысымын берүү жөнүндө» токтому

- Полное наименование: Авлетим айылдык кеңешинин 2017-жылдын 22-сентябрындагы № 4/6 «Авлетим айыл аймагынын Жаңгактуу-Булак айылындагы борбордук көчөгө маркум Орозбай уулу Эшбайдын ысымын берүү жөнүндө» токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 4/6
- Дата принятия: 22.09.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 22.09.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/410813>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-47557/edition/903435/ru>

> Текст приведён по редакции от 22.09.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Авлетим айылдык кеңешинин 2017-жылдын 22-сентябрындагы № 4/6 «Авлетим айыл аймагынын Жаңгактуу-Булак айылындагы борбордук көчөгө маркум Орозбай уулу Эшбайдын ысымын берүү жөнүндө» токтому (ред. от 22.09.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/410813

---

АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы

2017-жылдын 22-сентябры № 4/6 «Авлетим айыл аймагынын Жаңгактуу-Булак айылындагы борбордук көчөгө маркум Орозбай уулу Эшбайдын ысымын берүү жөнүндө»

«Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар жөнүндө» мыйзамынын 7-беренесине ылайык Авлетим айыл аймагынын Жаңгактуу-Булак айылынын тургундарынын сунушуна жана укук мыйзам жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна (Протокол № 3 12.09.2017-жыл) ылайык Авлетим айылдык кеңештин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Авлетим айыл аймагынын Жаңгактуу-Булак айылын аралап өткөн борбордук көчөнүн Жаңгактуу-Булак айылынын чегиндеги бөлүгүнө Орозбай уулу Эшбайдын ысымы ыйгарылсын.

2. Көрнөктөрдүн формасын жана өлчөмдөрүн аныктап берүү, алардын туура жайгашуусуна жана жазылуусуна көзөмөлдүк кылуу Авлетим өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Авлетим айыл өкмөтү менен макулдашылган «Орозбай уулу Эшбай атындагы көчө деген» көрнөктү жана үйлөргө номерлерди илүү Эшбайдын неберелерине сунуш кылынсын.

4. Авлетим айыл өкмөтү бул токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн иш кагаздарын, маалымат базасын ушул токтомго ылайык келтирсин.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 610 токтому менен бекитилген. «Кыргыз Республикасында даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун 25-пунктуна ылайык, тиешелүү өзгөртүү боюнча даректүү каттоого алуу жагы Аксы райондук жерге жайгаштыруу жана мүлктөргө укуктарды каттоо башкармалыгына сунушталсын.

6. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областык Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

7. Токтом www.avletim.aksy.kg сайтына жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Социалдык” маселелер боюнча туруктуу комиссиясына

Төрага

А. Шырдаков
