# Курманбек айылдык Кенешинин 2017-жылдын 15-августундагы № 3 "АТЧ ларды жайгаштыруу жана техникалык имараттарды бөлүү үчүн каражат табуу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Курманбек айылдык Кенешинин 2017-жылдын 15-августундагы № 3 "АТЧ ларды жайгаштыруу жана техникалык имараттарды бөлүү үчүн каражат табуу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 3
- Дата принятия: 15.08.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 15.08.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/410785>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-47529/edition/903014/ru>

> Текст приведён по редакции от 15.08.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Курманбек айылдык Кенешинин 2017-жылдын 15-августундагы № 3 "АТЧ ларды жайгаштыруу жана техникалык имараттарды бөлүү үчүн каражат табуу жөнүндө" токтому (ред. от 15.08.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/410785

---

КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Курманбек айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

2017-жылдын 15-августу № 3 "АТЧ ларды жайгаштыруу жана техникалык имараттарды бөлүү үчүн каражат табуу жөнүндө"

Курманбек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдагы № 462, 2003-жылдагы № 259-токтомунун негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийликтерине АТЧ ларды жайгаштыруу боюнча техникалык имараттарды бөлүп берүү жагы жана АТЧ ларды тийиштүү түрдө коргоо" жүктөлгөн токтомдун негизинде Сары-Булак, Канжыга, Саты айылдарына техникалык имараттарды куруу электр эсептегичтерди орнотуу боюнча Курманбек айыл өкмөт башчысынын сунуштарын угуп, талкуулап төмөндөгүдөй ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдагы № 462, 2003-жылдагы № 259-токтомунун негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийликтерине АТЧ ларды жайгаштыруу боюнча техникалык имараттарды бөлүп берүү жагы жана АТЧ ларды тийиштүү түрдө коргоо" жүктөлгөн токтомдун негизинде Сары-Булак, Канжыга, Саты айылдарына техникалык имараттарды куруу, электр эсептегичтерди орнотуу үчүн кошумча булактан акча каражатын издеп табуу жагы айыл өкмөт башчысына жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын бюджет комитетинин төрагасы Т.Биримкуловго жүктөлсүн.

Төрага

Ч. Тайгараев
