# Баткен шаардык Кенешинин 2018-жылдын 19-мартындагы № 01-08/5 "Баткен шаардык Кеңешинин «Өнүгүү Прогресс» саясый партиясынан депутат М.К.Шералиевдин арызын кароо жана «Өнүгүү Прогресс» саясый партиясынын катарын толуктоо жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Баткен шаардык Кенешинин 2018-жылдын 19-мартындагы № 01-08/5 "Баткен шаардык Кеңешинин «Өнүгүү Прогресс» саясый партиясынан депутат М.К.Шералиевдин арызын кароо жана «Өнүгүү Прогресс» саясый партиясынын катарын толуктоо жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 01-08/5
- Дата принятия: 19.03.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 19.03.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/410696>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-47440/edition/901252/ru>

> Текст приведён по редакции от 19.03.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Баткен шаардык Кенешинин 2018-жылдын 19-мартындагы № 01-08/5 "Баткен шаардык Кеңешинин «Өнүгүү Прогресс» саясый партиясынан депутат М.К.Шералиевдин арызын кароо жана «Өнүгүү Прогресс» саясый партиясынын катарын толуктоо жөнүндө" токтому (ред. от 19.03.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/410696

---

БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

2018-жылдын 19-марты № 01-08/5 Баткен шаардык Кеңешинин «Өнүгүү Прогресс» саясый партиясынан депутат М.К.Шералиевдин арызын кароо жана «Өнүгүү Прогресс» саясый партиясынын катарын толуктоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» 2016-жылдын 27-июлундагы № 151 Мыйзамынын 3-статьясынын 9-пункутуна ылайык жана «Өнүгүү прогресс» саясый партиясынын Баткен шаарындагы бөлүмүнүн 2018-жылдын 26-январдагы протоколунун негизинде Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен шаардык Кеңешине «Өнүгүү Прогресс» саясый партиясынан депутат Шералиев Махаматгазы Караевичтин өз арызынын негизинде, Баткен шаардык Кеңешинин депутаттык мандаты токтотууга макулдук берилсин. (арызы тиркелет)

2. Баткен шаардык Кеңешинин «Өнүгүү Прогресс» саясый партиясынын катары кезектеги талапкер Матазимов Исраил Сыдыкович менен толукталсын.

3. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан суралсын.

Төрага

А. Ташбеков
