# Каргалык айылдык кеңешинин 2017-жылдын 7 -июнундагы № 40 "№ 1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин жалпы жамаатынын кайрылуусунун негизинде № 1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебине ат коюу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Каргалык айылдык кеңешинин 2017-жылдын 7 -июнундагы № 40 "№ 1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин жалпы жамаатынын кайрылуусунун негизинде № 1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебине ат коюу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 40
- Дата принятия: 07.06.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 07.06.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/410673>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-47419/edition/901004/ru>

> Текст приведён по редакции от 07.06.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Каргалык айылдык кеңешинин 2017-жылдын 7 -июнундагы № 40 "№ 1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин жалпы жамаатынын кайрылуусунун негизинде № 1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебине ат коюу жөнүндө" токтому (ред. от 07.06.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/410673

---

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Каргалык айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы

2017-жылдын 7 -июну № 40 № 1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин жалпы жамаатынын кайрылуусунун негизинде № 1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебине ат коюу жөнүндө

«Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т. Токтоболотовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кенешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мойдунов Тотунун ысымы №1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебине ыйгарылуусу «Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу жобого» ылайык келээри белгиленсин.

2. № 1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин жалпы жамаатынан жана Мойдунов Тотунун үй бүлөсүнүн атынан келип түшкөн кайрылуулар эске алынсын.

3. № 1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебине Мойдунов Тотунун ысмын ыйгарууда жалпы депутаттардын көпчүлүк добушун алгандыгы белгиленсин.

4. №1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектеби «№ 1 Мойдунов Тоту атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектеби» деп аталсын.

5. «Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27.08.2014-жылдагы № 488 токтомунун 6-пунктуна ылайык Жалал-Абад областынын ыйгарым укуктуу өкүлүнө жана Кыргыз Республикасынын Премьер -министрине, Билим берүү жана илим министрлигине сунуштоо үчүн Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

6. Бул токтом Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго тапшырылсын.

8. Бул токтомду көзөмөлдөө Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы Р.Жунусакуновго жуктөлсүн.

Төрага

Р. Жунусакунов
