# Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2017 -жылдын 27 -январындагы № 13/11-27 "Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай жана муниципалдык менчик, аукцион конкурс жана торук өткөрүү боюнча түзүлгөн комиссияны бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2017 -жылдын 27 -январындагы № 13/11-27 "Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай жана муниципалдык менчик, аукцион конкурс жана торук өткөрүү боюнча түзүлгөн комиссияны бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 13/11-27
- Дата принятия: 27.01.2017
- Статус: Утратил силу
- Редакция от: 27.01.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/410503>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-47249/edition/986927/ru>

> Текст приведён по редакции от 27.01.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2017 -жылдын 27 -январындагы № 13/11-27 "Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай жана муниципалдык менчик, аукцион конкурс жана торук өткөрүү боюнча түзүлгөн комиссияны бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 27.01.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/410503

---

Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2018-жылдын 27-июнундагы № 62/X-27 токтомуна ылайык күчүн жоготту

УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2017 -жылдын 27 -январы № 13/11-27 Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай жана муниципалдык менчик, аукцион конкурс жана торук өткөрүү боюнча түзүлгөн комиссияны бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын № 571 номерлүү “Муниципалдык” менчикте катталган жер тилкелерин ижарага жана жеке менчикке берүүнүн шарттары тууралуу типтүү жобо жана “ФПС жер тилкелерин ижарага берүүнүн шарттары жөнүндөгү 2007-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен бекиген типтүү жобого ылайык жана Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы ФПС, муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин, кыймылсыз мүлк объектилерин ижарага жана менчикке берүү боюнча аукцион, конкурс жана торук өткөрүү максатында Узун-Кыр айылдык кеңеши, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай жана муниципалдык менчик, аукцион конкурс жана торук өткөрүү боюнча комиссиясы төмөнкү түзүмдө жана комиссиянын 1-тиркемедеги иш регламенти бекитилсин:

1. Кадыркулов Т.А. – Узун-Кыр айылдык кеңешинин агрардык суроолор боюнча комиссиянын төрагасы;

2. Джумабек уулу Радик - Узун-Кыр айылдык кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасынын орун басары

Комиссиянын мүчөлөрү:

3. Усупбаева Т.Д - Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн жер, муниципалдык менчик, өзгөчө кырдаалдар жана айыл чарбасы боюнча башкы адиси, комиссиянын катчысы;

4. Чокошов С.А. – Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысы

5. Душекеев К.А.- Узун-кыр айылдык кеңешинин депутаты

6. Абиров А.Б. Жер-Казар айылынын тургуну

7. Самсалиев А. – Жер-Казар айылынын тургуну

8. Сыдыгалиев М.И. – Төмөнкү-Норус айылынын тургуну

9. Алыбаев Т.А – Төмөнкү – Норус айылынын тургуну

10. Ысык-Ата районунун архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынын өкүлү келишим боюнча;

11. Ысык-Ата районунун кыймылсыз мүлктү жерге жайгаштыруу жана укугун каттоо боюнча башкармалыгынын өкүлү келишим боюнча;

2. Узун-кыр айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай, муниципалдык менчик жана аукцион, конкурс жана торук өткөрүү боюнча комиссиясына ФПС, муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин ижарага берүү боюнча шартка ылайык аукцион, конкурс жана торук уюштурулуп өткөрүлсүн.

3. Узун-Кыр айылдык кеңешини 2016-жылдын 13-июнундагы № 137/ ХХ11-26 “Жер комиссиясынын түзүмүн бекитүү жөнүндөгү” токтому күчүн жоготуу деп эсептелинсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө - Узун-Кыр айылдык кеңешинин агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Ж.А. Малабаев
