# Ананьев айылдык кеңешинин 2018-жылдын12 -январындагы № 27/13-4 "Ананьев айлындагы больницанын врачтарына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ананьев айылдык кеңешинин 2018-жылдын12 -январындагы № 27/13-4 "Ананьев айлындагы больницанын врачтарына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 27/13-4
- Дата принятия: 12.01.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 12.01.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/410440>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-47187/edition/896819/ru>

> Текст приведён по редакции от 12.01.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ананьев айылдык кеңешинин 2018-жылдын12 -январындагы № 27/13-4 "Ананьев айлындагы больницанын врачтарына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө" токтому (ред. от 12.01.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/410440

---

АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ананьев Айылдык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын XIII сессиясы 2018-жылдын12 -январы № 27/13-4 Ананьев айлындагы больницанын врачтарына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Ананьев айлындагы больницада иштеп жатышкан врачтарга акча каражаты жагынан жардам берүү маселесин карап, угуп, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш токтом кылат:

1. Ананьев айлындагы больницада иштеп жаткан врачтар Кадыркулов Асылбек, Мамытов Улукбек, Аскерова Гульнур жаш адистерге 50 миң сомдон жалпы суммасы 150 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Башкы врач Малабеков Бердибайга материалдык жардам катары 20 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы Э.Б.Супаевке тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.

5. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.

Төрага

Кубат уулу Т.
