# Ананьев айылдык кеңешинин 2018-жылдын12 -январындагы № 27/13-3 "Ананьев айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине эмгек акысына 20% кошумча төлөө жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ананьев айылдык кеңешинин 2018-жылдын12 -январындагы № 27/13-3 "Ананьев айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине эмгек акысына 20% кошумча төлөө жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 27/13-3
- Дата принятия: 12.01.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 12.01.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/410439>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-47186/edition/896821/ru>

> Текст приведён по редакции от 12.01.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ананьев айылдык кеңешинин 2018-жылдын12 -январындагы № 27/13-3 "Ананьев айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине эмгек акысына 20% кошумча төлөө жөнүндө" токтому (ред. от 12.01.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/410439

---

АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ананьев Айылдык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын XIII сессиясы 2018-жылдын12 -январы № 27/13-3 Ананьев айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине эмгек акысына 20% кошумча төлөө жөнүндө

Ананьев айыл өкмөтүнүн башкы адиси юрист А.К.Бурабаеванын айыл өкмөттүн кызматкерлеринин эмгек маянасына 20% жергиликтүү бюджеттен кошумча акы төлөп берүү жөнүндө маалыматын угуп, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын 2016-жылдагы бугу айынын 30 дагы №75 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө Мыйзамынын 31- беренесинин 6-бөлүмүнө ылайык Ананьев айыл өкмөттүн кызматкерлерине эмгек маянасына 20% жергиликтүү бюджеттен кошумча акы төлөп берүү жагы каралсын.

2. Токтомдун аткаруу жагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы З.М.Аттоевага тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Э.Б.Супаевке жүктөлсүн.

4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.

Төрага

Кубат уулу Т.
