# Кара-Ой айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 10- ноябрындагы № 02 "Идентификациаланган бодо малдардан алынуучу тарифин бекитүү жѳнүндѳ" токтому

- Полное наименование: Кара-Ой айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 10- ноябрындагы № 02 "Идентификациаланган бодо малдардан алынуучу тарифин бекитүү жѳнүндѳ" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 02
- Дата принятия: 10.11.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 10.11.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/410426>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-47173/edition/896847/ru>

> Текст приведён по редакции от 10.11.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кара-Ой айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 10- ноябрындагы № 02 "Идентификациаланган бодо малдардан алынуучу тарифин бекитүү жѳнүндѳ" токтому (ред. от 10.11.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/410426

---

КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2017-жылдын 10-ноябры № 02 Идентификациаланган бодо малдардан алынуучу тарифин бекитүү жѳнүндѳ

КР Ѳкмѳтүнѳ караштуу кетеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспециясы-Ысык-Кѳл райондук башкармасынын 24.10.2017-жылдагы №04-235 катынын негизинде, Кара-Ой айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. КР «Жаныбарларды идентификациалоо жѳнүндѳ» 06.03.2013 жылдагы № 91 мыйзамына, КР «Ветеринария жѳнүдѳ» мыйзамына ылайык жана КР Ѳкмѳтүнүн 02.12.2014-жылдагы №694 «Жаныбарларды идентификациалоо жѳнүндѳ жобосун бекитүү боюнча» токтомуна ылайык, Кара-Ой айыл аймагында малдарды идентификациалоо эки кулагына бирка тагуу жагы, айыл ѳкмѳтүнүн жеке менчик ветеринардык адиси Кыдыралиев Сыртбай Капаровичке милдеттендирилсин жана ар бир бодо малдын башынан 30 (отуз) сом ѳлчѳмүндѳ тарифи бекитилип алынсын.

2. Токтомдун аткарылышын контролдоо жагы айылдык Кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика» боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

3. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жана келишимди түзүү жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.

Төрага

Б.У. Усенбеков
