# Теплоключенка айылдык кеӊешинин 2017-жылдын 28-июнундагы № 58 "Айыл өкмөтүнүн кошумча тизмедеги муниципалдык кызматтардын акылары жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Теплоключенка айылдык кеӊешинин 2017-жылдын 28-июнундагы № 58 "Айыл өкмөтүнүн кошумча тизмедеги муниципалдык кызматтардын акылары жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 58
- Дата принятия: 28.06.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 28.06.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/410425>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-47172/edition/896401/ru>

> Текст приведён по редакции от 28.06.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Теплоключенка айылдык кеӊешинин 2017-жылдын 28-июнундагы № 58 "Айыл өкмөтүнүн кошумча тизмедеги муниципалдык кызматтардын акылары жөнүндө" токтому (ред. от 28.06.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/410425

---

ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ XXVII чакырылышынын кезексиз сессиясы

2017-жылдын 28-июну № 58 Айыл өкмөтүнүн кошумча тизмедеги муниципалдык кызматтардын акылары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 17-июлундагы №139 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №302 "Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун негизинде айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегиндеги кызматтардын акыларын карап, талкууга алып, айыпдык аймагынын айылдык кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Муниципалдык кызмат керсөтүүлөрдүн кошумча тизмедеги кызматтар акысыз көрсөтүлсүн, тиркелет.

2. Ушул токтом каттоо реестр журналына катталып, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн сайтына жайгаштыруу үчүн жиберилсин, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.

Төрага

Э.А. Темиров
