# Теплоключенка айылдык кеңешинин 2017-жылдын 8-июнундагы № 57 "Теплоключенка айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларынын долбоорун бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Теплоключенка айылдык кеңешинин 2017-жылдын 8-июнундагы № 57 "Теплоключенка айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларынын долбоорун бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 57
- Дата принятия: 08.06.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 08.06.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/410424>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-47171/edition/896399/ru>

> Текст приведён по редакции от 08.06.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Теплоключенка айылдык кеңешинин 2017-жылдын 8-июнундагы № 57 "Теплоключенка айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларынын долбоорун бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому (ред. от 08.06.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/410424

---

ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ XXVII чакырылышынын 7-сессиясы

2017-жылдын 8-июну № 57 Теплоключенка айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларынын долбоорун бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 3-мартындагы №114 "Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо жөнүндө'" жана "Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо тартиби жөнүндө негизинде айыл өкмөтү башчысы Т.Ш. Кобонбаевдин сунушун карай, айылдык аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Теплоключенка айылдык аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоору боюнча "Кыргызмамжердолбоорлоо'" мамлекеттик институтунун Ысык-Көл жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалдары бекитилсин.

2. Каракол-Ак-Суу аймактык жерге жайгаштыруу жана мүлккө укук каттоо башкармалыгы жана "Кыргызмамжердолбоорлоо" мамлекеттик институтунун Ысык-Көл жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалдары Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.

3. Токтом тиешелүү сайтка жайгаштырылсын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталып, юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтү башчысы Т.Ш. Кобонбаевге милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин муниципалдык менчик, жаратылыш ресурстары, экология, агрардык реформа жана турак-жай коммуналдык чарбадагы маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

Төрага

Э.А. Темиров
