Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Теплоключенка айылдык кеңешинин «Теплоключенка айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларынын долбоорун бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ XXVII чакырылышынын 7-сессиясы
2017-жылдын 8-июну № 57 Теплоключенка айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларынын долбоорун бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 3-мартындагы №114 "Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо жөнүндө'" жана "Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо тартиби жөнүндө негизинде айыл өкмөтү башчысы Т.Ш. Кобонбаевдин сунушун карай, айылдык аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Теплоключенка айылдык аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоору боюнча "Кыргызмамжердолбоорлоо'" мамлекеттик институтунун Ысык-Көл жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалдары бекитилсин.
2. Каракол-Ак-Суу аймактык жерге жайгаштыруу жана мүлккө укук каттоо башкармалыгы жана "Кыргызмамжердолбоорлоо" мамлекеттик институтунун Ысык-Көл жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалдары Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
3. Токтом тиешелүү сайтка жайгаштырылсын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталып, юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтү башчысы Т.Ш. Кобонбаевге милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин муниципалдык менчик, жаратылыш ресурстары, экология, агрардык реформа жана турак-жай коммуналдык чарбадагы маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага
Э.А. Темиров
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Постановление Правительства КР от 3 марта 2014 года № 114 "О проведении инвентаризации земельного фонда Кыргызской Республики"Постановление · 03.03.2014 · № 114 · Утратил силу