Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Семенов айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин «Ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо жөнүндө» токтому
СЕМЕНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Эл депутаттарынын ХХVIII чакырылышынын Семенов айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги 1- сессиясы
2018-жылдын 17-январы № 6 Ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 06-июнундагы “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө” №91 мыйзамын, КРӨнүн 2014-жылкы 5-декабрь № 694 “Жаныбарларды идентификациялоо эрежесин бекитүү жөнүндө” токтомун жана Ысык-Көл райондук мамлекеттик администарациясынын 2017-жылдын 13-мартындагы № 38-б тескемесине ылайык жана Семеновка айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Раимбековтун кайрылуусун карап, талкуулап чыгып, Семенов айылдык аймагынын айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо ишин жүргүзүүдө ар бир бодо малдын башына 70 (жетимиш) сом акча каражаты малдын ээсинен алынсын.
2. Чогултулган акча каражат РВФСКБ бөлүмүнө РСК банкы аркылуу төгүлүп турсун.
3. Токтомдун аткарылышын айыл аймагынын ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо боюнча оператор компьютердик операцияга жооптуу болуп дайындалган адис Чикетаева Седепке тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышы боюнча жоопкерчилик айыл өкмөт башчысы Э. Раимбековко жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин “Бюджет, финансы, экономика, инвестицияларды тартуу менен чакан бизнести өнүктүрүү, мыйзамдуулук, коомдук тартипти чыңдоо, калкты социалдык жактан коргоо жана коомдук уюмдар менен байланыш” маселелери боюнча № 1 туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
А. Молдогазиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 1
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 5 декабря 2014 года № 694 "Об утверждении Правил идентификации животных"Постановление · 05.12.2014 · № 694 · Утратил силу
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «Об идентификации животных»Закон · 06.06.2013 · № 91