# Кара-Буура айылдык аймактык кеңешинин 2015-жылдын 6-февралындагы № 6 "Караталдарды кыркуу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кара-Буура айылдык аймактык кеңешинин 2015-жылдын 6-февралындагы № 6 "Караталдарды кыркуу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 6
- Дата принятия: 06.02.2015
- Статус: Действует
- Редакция от: 06.02.2015
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/410322>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-47070/edition/894197/ru>

> Текст приведён по редакции от 06.02.2015 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кара-Буура айылдык аймактык кеңешинин 2015-жылдын 6-февралындагы № 6 "Караталдарды кыркуу жөнүндө" токтому (ред. от 06.02.2015) - https://aqlex.ai/kg/doc/410322

---

КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кара-Буура айылдык аймактык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы

2015-жылдын 6-февралы № 6 Караталдарды кыркуу жөнүндө

Кызыл-Адыр айылындагы Ч.Айтматов көчөсүндөгү куурап, өсүү процесси токтоп калган караталдарды кыркып, ордуна жаңы көчөттөрдү отургузуу тууралуу А.Бекболотовдун маалыматын угуп, айылдык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Адыр айылынын Ч.Айтматов көчөсүндөгү 239 даана каратал бак-дарактарын кыюуга уруксат берилсин жана ордуна жаңы жаш көчөттөр отургузулсун:

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 97 “ КР токойлорунда өсүп турган жеринде баалап, дарак породаларын турган жеринде баалап өткөрүлүүчү жыгачтарына таксаларды жана КР токой баскан аянттарын баалоо үчүн нормативдерди бекитүү жөнүндө” токтомунда көрсөтүлгөн төмөндөгүдөй бааларга ылайык сатылсын:

- ишке жарамдуу 1-сорттогулары: 1 м3 – 2181,27 сомдон;

- ишке жарамдуу 2-сорттогулары: 1 м3 – 2052,0 сомдон;

- ишке жарамдуу 3-сорттогулары: 1 м3 – 1717,6 сомдон;

- отуну : 1 м3 - 569,77 сомдон;

- чырпыгы: 1 м3 – 324,сомдон сатылып, айыл өкмөтүнө акча каражаттары кириштелсин.

3. Айыл өкмөтүндөгү аз камсыз болгондорго, жетимдерге жана башка жардамга муктаждарга акысыз отун жана чырпыктар берилсин.

4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөт башчысы А.Бекболотовго тапшырылсын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба жана көрктөндүрүү боюнча комитетине тапшырылсын.

Төрага

Н. Усупбеков
