# Бүргөндү айылдык кеңешинин 2016-жылдын 22-декабрындагы № 4 “Жылдын жыйынтыгы менен жакшы иштеген аппарат кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Бүргөндү айылдык кеңешинин 2016-жылдын 22-декабрындагы № 4 “Жылдын жыйынтыгы менен жакшы иштеген аппарат кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 4
- Дата принятия: 22.12.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 22.12.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/409808>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-46558/edition/895189/ru>

> Текст приведён по редакции от 22.12.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Бүргөндү айылдык кеңешинин 2016-жылдын 22-декабрындагы № 4 “Жылдын жыйынтыгы менен жакшы иштеген аппарат кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө” токтому (ред. от 22.12.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/409808

---

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ XXVI чакырылышынын XXXIV сессиясы 2016-жылдын 22-декабры № 4 “Жылдын жыйынтыгы менен жакшы иштеген аппарат кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө” Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн башчысы Э. Маматаевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI-чакырылышынын XXXIV –сессиясы. Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Маматаевтин жылдын жыйынтыгы менен жакшы иштеген аппарат кызматкерлерин сыйлоо жөнүндөгү маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-ноябрындагы №480-б сандуу буйругунун негизинде Бүргөндү айыл Өкмөтүнө ажыратылган 3000000 (үч миллион) акча каражатынын эсебинен жылдын жыйынтыгы менен жакшы иштеген аппарат кызматкерлерин сыйлоо максатында 160000 (бир жүз алтымыш миң) сом акча каражаты ажыратылсын.

3. Жогоруда ажыратылган акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн башчысы Э.Маматаевге жана ФЭБ башчысы А.Мырзакаримовко милдеттендирилсин .

4. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө.Калмуратовко милдеттендирилсин.

Төрага

К.Осконбаев
