# Бүргөндү айылдык кеңешинин 2016-жылдын 22-декабрындагы № 2 “Бүргөндү айыл Өкмөтүндөгү Жаны–Арык таза суу долбоорунун 5%дык депозитин толуктоо меселеси жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Бүргөндү айылдык кеңешинин 2016-жылдын 22-декабрындагы № 2 “Бүргөндү айыл Өкмөтүндөгү Жаны–Арык таза суу долбоорунун 5%дык депозитин толуктоо меселеси жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2
- Дата принятия: 22.12.2016
- Статус: Действует
- Редакция от: 22.12.2016
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/409806>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-46556/edition/895185/ru>

> Текст приведён по редакции от 22.12.2016 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Бүргөндү айылдык кеңешинин 2016-жылдын 22-декабрындагы № 2 “Бүргөндү айыл Өкмөтүндөгү Жаны–Арык таза суу долбоорунун 5%дык депозитин толуктоо меселеси жөнүндө” токтому (ред. от 22.12.2016) - https://aqlex.ai/kg/doc/409806

---

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ XXVI чакырылышынын XXXIV сессиясы 2016-жылдын 22-декабры № 2 “Бүргөндү айыл Өкмөтүндөгү Жаны–Арык таза суу долбоорунун 5%дык депозитин толуктоо меселеси жөнүндө” Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн башчысы Э.Маматаевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI-чакырылышынын XXXIV –сессиясы. Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн башчысы Э.Маматаевтин “Жаны-Арык” таза суунун жаны 63 млн сомдук долбоорунун 5% дык депозитин толуктоо жонундогу билдирүүсү эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-ноябрындагы №480-б сандуу буйругунун негизинде Бүргөндү айыл Өкмөтүнө ажыратылган 3000000(үч миллион) акча каражатынын эсебинен “Жаны-Арык” таза суу долбоорунун 5% дык депозитин толуктоо үчүн жана айыл тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу максатында 2000000 (эки миллион) сом акча каражаты ажыратылсын.

3. Жогоруда ажыратылган акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн башчысы Э.Маматаевге жана ФЭБ башчысы А.Мырзакаримовко милдеттендирилсин .

4. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет,чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө.Калмуратовко милдеттендирилсин.

Төрага

К.Осконбаев
