# Нарын шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 20-июлундагы № 1 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамын караган Нарын шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 11-июлундагы № 2 токтомунун Нарын шаарында аткарылышы жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Нарын шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 20-июлундагы № 1 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамын караган Нарын шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 11-июлундагы № 2 токтомунун Нарын шаарында аткарылышы жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1
- Дата принятия: 20.07.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 20.07.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/409661>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-46411/edition/894895/ru>

> Текст приведён по редакции от 20.07.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Нарын шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 20-июлундагы № 1 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамын караган Нарын шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 11-июлундагы № 2 токтомунун Нарын шаарында аткарылышы жөнүндө" токтому (ред. от 20.07.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/409661

---

ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ IV чакырылыштагы кезектеги ХVII сессиясы 2018-жылдын 20-июлу № 1 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамын караган Нарын шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 11-июлундагы № 2 токтомунун Нарын шаарында аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатынын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндөгү” 2014-жылдын 2-июнундагы №119 Жарлыгынын, ”Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” 2004-жылдын 2-апрелиндеги №54 мыйзамынын Нарын шаарында аткарылышы боюнча Нарын шаарынын вице-мэри С.Эсенаманованын маалыматын угуп, талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: Нарын шаарынын вице-мэри С.Эсенаманованын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамынын Нарын шаарында аткарылып жатышы боюнча маалыматы эске алынсын. Нарын шаарындагы мекеме, ишканаларда, мектептерде, балдар бакчаларында иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүгүртүлүшү боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленсин. Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын:

- шаардагы менчигинин түрүнө карабастан мекеме-ишканалар тарабынан “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамынын ишке ашырылышын такай көзөмөлгө алуу;

- шаардагы көрнөк-жарнактардын, ураан-чакырыктардын, аталыштардын жазылышын мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарына ылайык келтирүү;

- шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясы тарабынан белгиленген кемчиликтерди жоюу боюнча иш аракеттерди көрүү;

- Нарын шаардык мэриясынын алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиясынын ишин жандандыруу, мамлекеттик тилдин сакталышына байланыштуу администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди комиссиянын отурумдарында кароо, тиешелүү чараларды колдонуу;

- токтомдун аткарылышын дайыма көзөмөлгө алуу.

Нарын шаардык мэриясынын алдындагы “Мамлекеттик тил боюнча” комиссиясына мамлекеттик тил мыйзамын ишке ашыруу боюнча семинарларды, иш чараларды өткөрүү сунушталсын. Көрнөк-жарнактарды жайгаштырууда “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамынын аткарылышын камсыздоо багытында жеке ишкерлер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына тапшырылсын.

Төрага

Ж.Ботоканов
