# Нуржанов айылдык кеңешинин 2017-жылдын 09-февралындагы № 1 "Нуржанов айыл аймагынын 2017-жылынын бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Нуржанов айылдык кеңешинин 2017-жылдын 09-февралындагы № 1 "Нуржанов айыл аймагынын 2017-жылынын бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1
- Дата принятия: 09.02.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 09.02.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/409620>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-46371/edition/894783/ru>

> Текст приведён по редакции от 09.02.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Нуржанов айылдык кеңешинин 2017-жылдын 09-февралындагы № 1 "Нуржанов айыл аймагынын 2017-жылынын бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 09.02.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/409620

---

НУРЖАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 7-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы

2017-жылдын 09-февралы № 1 Нуржанов айыл аймагынын 2017-жылынын бюджетин бекитүү жөнүндө Депутаттардын Нуржанов айыл кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: Нуржанов айыл аймагынын 2017-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү боюнча 7655,2 миң сом өлчөмүндө жана чыгашалар боюнча 7655,2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин; Нуржанов айыл аймагынын 2017-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү № 1 тиркемеге ылайык булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлө турганы аныкталсын; Нуржанов айыл аймагынын 2017-жылдагы чыгаша бөлүгү № 2 тиркемеге ылайык чыгаша булактардан турары белгиленип бекитилсин; Нуржанов айыл аймагынын 2017-жылга бюджетинин накталай кассалык жүгүртүү акча каражатынын көлөмү № 3 тиркеменин негизинин белгиленип, бекитилсин; Нуржанов айыл аймагынын 2017-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгү боюнча жалпы өлчөмү № 4 тиркемеге ылайык белгиленип бекитилсин; 2017-жылга Нуржанов айыл аймагынын бюджетинин чыгаша бөлүгү боюнча № 5 тиркемеге ылайык резервдик фонд түзүлүп бекитилсин; Нуржанов айыл аймагынын 2017-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн расчеттору № 6 тиркемеге ылайык белгиленип бекитилсин; 2017-жылга атайын каражат счетун киреше жана чыгаша бөлүгүнүнү 525,0 сом акча каражаты кошумча атайын счеттон № 7 тиркемеге ылайык белгиленип бекитилсин; Нуржанов айыл аймагынын 7-чакырылышы кезектеги 3-сессиясында кабыл алынган 2017-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 7655,2 миң сом бөлүнүп бекитилсин, пикир келишпестиги Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинен суралсын (пикир келишпестик тиркелет) 2018-жылдын бюджетинин долбоору 7884,8 миң сом, 2019-жылдын бюджетинин долбоору 8121,4 миң сом, 2019-жылдын бюджетинин долбоору 8365,0 миң сом болуп; Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгүн чыңдоо максатында төмөндөгүдөй салыктар жана жыйымдар киргизилсин жана алардын ставкалары төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин; Жергиликтүү салыктар:

А) Юридикалык тараптан алынуучу салык суугат жерлерге 335 сом, кайракы жерлерге 52,5 сом көп жылдык бак дарактарга 164 сом, шалба жерлерге 11,20 сом, жакынкы жайыт жерлерге 4,8 сом ар бир гектерга өлчөмүнө бекитилсин;

Мүлк салыгы: Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде бекитилсин. Кыймылдуу мүлккө салык (КР Кодексинин 197 статьясынын негизинде) Салыктын бул түрүн менчик автотранспортору жана айыл чарба техникалары бар. Кыргыз Республикасынын жарандары чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок жактар төлөөчү бул эсептелет, салык чегерүү обьектиси жана өлчөмү КР Салык кодексинин 198 статьясынын негизинде жүргүзүлсүн; Жалпы мамлекеттик салыктар: Сатуудан салык Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин негизинде бекитилсин, ыктыярдуу патенттин негизинде алынуучу салык КР салык кодексинин негизинде бекитилсин; Салыктык эмес кирешелер: Муниципалдык менчиктен жана КБФ жерлеринин ижара акысы түзүлгөн келишимдин негизинде бекитилсин; Юстиция органдары алуучу мамлекеттик алым мыйзамынын негизинде алынсын. Административдик айыптар мыйзамдын негизинде алынсын; Айыл өкмөтүнө караштуу мал базардын жеринен түшүүчү машина тактоочу жайынан алынуучу төлөм токтолсун, 20,0 миң сом киреше бөлүгүнүн планына коюлбасын. Кайра бөлүштүрүү жерлеринен атынуучу киреше бөлүгүнүн планына кошулуп бекитилсин; Айыл өкмөтүнүн мекеме уюмдары жыл ичинде каржылоо чыгымдарына зарыл болгон учурда бир бөлүмдөн экинчи жана статьядан –статьяга, чейректен- чейрекке жылдыруу жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен финансы бөлүмүнө жүктөлсүн; Кирешенин чыгашадан ашыкча чыккан бөлүгү жергиликтүү бюджеттен калтырылсын жана киреше бөлүгүнүн пландан ашыкча аткарылган суммасы 3 пайызы салык инспекциясына которууга тыюу салынсын; Нуржанов айылдык аймагынын 12 штаттык бирдиги жана 1 штат бирдиги аскердик каттоо столунун башчысына КР Өкмөтүнүн 8-июль 2013 –жылдагы № 403 токтомунун негизинде 2016-жылдын бюджетинде бекитилсин. Нуржанов айылдык аймагына караштуу Маданият бөлүгүнө 2 кызматкер, клуб башчы 1 кызматкер КР 2011-жылдын 19-январындагы № 16 токтомунун негизинде бекитилсин; Нуржанов айыл аймагынын 2016-жылдагы киреше бөлүгүнүн ашыкча каражаты 2017-жылдын бюджетинин айрвм статьяларына кошумча 783,8мин сом сметасынын негизинде бекитилсин;

Төрага

Р.Жееналиева
