# Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 14-апрелиндеги № 11/6 "Өзгөн шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-мартындагы №23/5 токтомун өзгөртүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 14-апрелиндеги № 11/6 "Өзгөн шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-мартындагы №23/5 токтомун өзгөртүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 11/6
- Дата принятия: 14.04.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 14.04.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/409303>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-46058/edition/884737/ru>

> Текст приведён по редакции от 14.04.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 14-апрелиндеги № 11/6 "Өзгөн шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-мартындагы №23/5 токтомун өзгөртүү жөнүндө" токтому (ред. от 14.04.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/409303

---

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ (VI чакырылышынын) кезексиз X сессиясы 2018-жылдын 14-апрели № 11/6 Өзгөн шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-мартындагы №23/5 токтомун өзгөртүү жөнүндө Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу департаментинин 2018-жылдын 28-февралындагы №139 катынын жана «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларынын 2018-жылдын 1-мартындагы биргелешкен отурумунун №3 протоколунун негизинде, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өзгөн шаарынын аймагында муниципалдык менчиктеги жерлерди ижарага берүүдө Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги XXIII сессиясынын №23/5 токтому менен бекитилген тиркеменин «Жашылдандырып көрктөндүрүү үчүн» деген пункту күчүн жоготту деп табылсын.

2. Өзгөн шаарынын аймагында муниципалдык менчиктеги жерлерди ижарага берүүдө бекитилген тиркеменин «Жашылдандырып көрктөндүрүү үчүн» деген пункту 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Өзгөн шаар мэриясынын Муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу департаменти 1-тиркемеге ылайык ижара акынын чендерин колдонуу менен иш жүргүзсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агентигинин Ош облустук бөлүмү менен макулдашып, каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн шаар мэриясынын Муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу департаментинин директорунун милдетин аткаруучу У.Мусажановго милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А. Джалилов

Өзгөн шаардык кеңешинин 2018-жылдын 14-апрелиндеги №11/6 токтомунун № 1 тиркемеси

Өзгөн шаарынын аймагында муниципалдык менчиктеги жерлерди ижарага берүүдө «Жашылдандырып көрктөндүрүү үчүн» эсептеп колдонулуучу таблицасы,

1

2

3

4

5

6

7

8

9

S

Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу м2

1-50 м2 га чейин

51-100 м2 га чейин

101-200 м2 га чейин

201-300 м2 га чейин

301-500 м2 га чейин

501-1000 м2 га чейин

1000 м2 жогору

C

Баасы: м2 (сом)

0,8

0,60

0,54

0,32

0,28

0,24

0,20
