# Нарын шаардык кеңешинин 2018-жылдын 28-майындагы № 1 "Нарын шаарындагы мектептерде жана окуу жайларда дене тарбия сабагынын өткөрүлүшү жана шаардык спорт мектептеринин алып барып жаткан иштери жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Нарын шаардык кеңешинин 2018-жылдын 28-майындагы № 1 "Нарын шаарындагы мектептерде жана окуу жайларда дене тарбия сабагынын өткөрүлүшү жана шаардык спорт мектептеринин алып барып жаткан иштери жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1
- Дата принятия: 28.05.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 28.05.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/409012>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-45770/edition/880086/ru>

> Текст приведён по редакции от 28.05.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Нарын шаардык кеңешинин 2018-жылдын 28-майындагы № 1 "Нарын шаарындагы мектептерде жана окуу жайларда дене тарбия сабагынын өткөрүлүшү жана шаардык спорт мектептеринин алып барып жаткан иштери жөнүндө" токтому (ред. от 28.05.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/409012

---

НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ХVI сессиясы

2018-жылдын 28-майы № 1 Нарын шаарындагы мектептерде жана окуу жайларда дене тарбия сабагынын өткөрүлүшү жана шаардык спорт мектептеринин алып барып жаткан иштери жөнүндө Нарын шаардык Кеңешинин иш планына ылайык жана Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Социалдык, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Социалдык, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматы эске алынсын.

2. Мектеп окуучуларынын дене тарбия сабагына толук катышпагандыгы, сабакка тартылуусунун начардыгы, спорттук кийимдерин кийбегендиктери, айрым дене тарбия мугалимдери тарабынан конспект, иш план түзүлбөгөндүктөрү белгиленсин.

3. Нарын шаарындагы С.Бекманбетов атындагы күрөш мектебиндеги жана Нарын шаардык балдар-уландар мектебинин санитардык абалын жакшыртуу жана машыктыруучулар менен машыгуучулардын медициналык кароодон өткөрүлүп туруусун көзөмөлгө алуу Нарын шаардык мэриясынын башкы милдети деп эсептелсин.

4. Нарын шаарындагы мектепердин дене тарбия мугалимдеринин квалификациясын, билимин жогорулатуу, 2018-2019-окуу жылына карата дене тарбия сабагынын жана жалпы орто мектептерде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча комплекстүү иш планды иштеп чыгуу Нарын шаардык мэриясына жана Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө тапшырылсын.

5. Шахмат оюну боюнча шахмат секциясын ачуу үчүн борбордо жайгашкан орто мектептердин бирөөнөн кабинет бөлүп берүү жагы Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык окуу жайынын дене тарбия бөлүмүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана имараттын, (спорт зал) спорт аянтчасын толук ремонттон өткөрүү боюнча иш алып баруу жагы С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректоруна жана окуу жайдын жетекчилигине тапшырылсын жана аткарылган иштер боюнча маалымат беришсин.

7. Нарын шаарындагы мектептердин жана шаардык спорт мектептериндеги спорттук инвентарлардын жетишсиздиги боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине кайрылууларды жөнөтүү жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Социалдык, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Ж.Ботоканов
