# Токтогул шаардык кеңешинин 2018-жылдын 19-январындагы № 140 «Токтогул шаарынын мэриясынын жана Токтогул шаардык кеңешинин аппарат кызматкерлеринин типтүү түзүмүн жана штаттык бирдиктерин кароо, бекитүү жөнүндө»

- Полное наименование: Токтогул шаардык кеңешинин 2018-жылдын 19-январындагы № 140 «Токтогул шаарынын мэриясынын жана Токтогул шаардык кеңешинин аппарат кызматкерлеринин типтүү түзүмүн жана штаттык бирдиктерин кароо, бекитүү жөнүндө»
- Вид акта: Постановление
- Номер: 140
- Дата принятия: 19.01.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 19.01.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/408776>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-45535/edition/901682/ru>

> Текст приведён по редакции от 19.01.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Токтогул шаардык кеңешинин 2018-жылдын 19-январындагы № 140 «Токтогул шаарынын мэриясынын жана Токтогул шаардык кеңешинин аппарат кызматкерлеринин типтүү түзүмүн жана штаттык бирдиктерин кароо, бекитүү жөнүндө» (ред. от 19.01.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/408776

---

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ XXVII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы

2018-жылдын 19-январы № 140 «Токтогул шаарынын мэриясынын жана Токтогул шаардык кеңешинин аппарат кызматкерлеринин типтүү түзүмүн жана штаттык бирдиктерин кароо, бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.08.2011-жылдагы № 451, 452 токтомдоруна ылайык Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин, ФЭБнун башчысы Н.Кулузакованын сунуштарын кароонун жыйынтыгы жөнүндө, Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусу жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин, анын негизинде төмөндөгү штаттардын сан эсеби бекитилсин.

2. Токтогул шаардык мэриясы боюнча:

Жооптуу кызматкерлер - 16 штаттык бирдик; Тейлөөчү кызматкер - 3 штат; Баардыгы: 19 штат бирдиги (КР Өкмөтүнүн токтому 2011-жыл 05-август № 451)

3. Токтогул шаардык кеңеши боюнча:

Жооптуу кызматкерлер - 4 штаттык бирдиги; Тейлөөчү кызматкер -2 штат; Баардыгы: 6 штаттык бирдиги (КР Өкмөтүнүн токтому 2011-жыл 05-август № 452) Анын ичинен: 2018-жылдын 1-январынан баштап 2018-жылдын 31-декабрына чейин, Токтогул шаардык кеңешинин төмөндөгү кызматкерлери Токтогул шаардык мэриясында убактылуу иштөөнү улантышсын:

• башкы адис А.Койчубаев Токтогул шаардык мэриясына салык жыйноочулары менен биргеликте иш алып баруу үчүн;

• иш кагаздарды жүргүзүүчү Носибжан кызы Одина иш кагаздарын жүргүзүү милдеттерин аткаруу үчүн;

4. Ушул токтом менен бекитилген штат бирдиктерине ылайык иш жүргүзүү жагы Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге жана ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагын өзүмө калтырамын.

6. Токтом кыргыз тилинде кабыл алынды.

7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.

8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага

К.Дербишев
